WeChat      Избранное

Бүткүл дүйнөнү ойго салган 2019-nCoV коронавирусу

09/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Бүткүл дүйнөнү ойго салган 2019-nCoV коронавирусу

Сүрөттөр интернеттен алынды.

Өткөн жылдын аягы учурда дүйнөнү сестентип жаткан коронавирустун жаңы түрүнүн чыгышы менен эсте калды. Ал узаган жылдын декабрь айынын соңунда Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарынан чыкты. Тактап айтканда, вирустун очогу шаардагы деңиз азыктарын саткан базар болгон. 12-январь күнү Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Уханьдан чыккан вирусту коронавирустун жаңы түрү 2019-nCoV деп атады.

Учурда, бул вирус дүйнөнүн бир катар мамлекеттеринен дагы табылып, аны менен күрөшүү жолдору кызуу изилденип жаткан мезгил. Биз дагы ушул вирус тууралуу кыргызстандагы ар тармактын өкүлдөрүнүн оюн угуп, окурмандарыбыз менен тааныштырууну чечтик.

Камчыбек Узакбаев, Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору: «Коронавирустан сактанууда жеке гигиенанын негизги эрежелерин кармануу абдан маанилүү»

-Жакында эле, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирустун жаңы түрү 2019-nCoV тууралуу билдирүү таратты. Бул билдирүүдө вирус өтө коркунучтуу, тез тараган, организмге катуу залал келтирип, кайгылуу жыйынтыкка алып келе тургандыгы айтылды. Бул уюм мындай билдирүүлөрдү абдан тыкыр изилдеп, канчалаган изилдөөлөрдүн жыйынтыгы менен таратат. Ошондуктан, коронавирустун бул түрү абдан коркунучтуу экендиги дагы бир жолу тастыкталды.

Вирус дем алуу органдарын, ашказан, ичеги-карын жана нерв системасын жабыркатат. Ал дененин табын көтөрүп, кургак жөтөл менен уланат. Баш ооруйт, чүчкүртөт, демиктирет жана бөйрөктүн иштөөсүн начарлатат. Негизинен, алгач бардыгыбыз билген грипптин белгилери менен башталат. Вирусту жайылтпоонун оңой жолдору бар. Маселен, үйгө киргенде колду самындап жуу, көчөдө медициналык маска тагынуу. Жеке гигиенанын негизги эрежелерин кармануу абдан маанилүү. Учурда, инфекцияга каршы вакцина дагы да болсо изилденип жаткандыктан вирус менен күрөшүүдө гигиена абдан маанилүү ролду ойнойт.

Коронавирусту жайылтпай, башка аймактарга таратпоо үчүн Кытай бийлиги абдан жакшы иштерди жүргүзүүдө. Жаңы вирустун очогу болгон Хубэй провинциясындагы шаарларга чектөөлөр кирди. Шаар тургундары башка аймактарга чыга албайт, шаарга эч ким киргизилбейт. Вирус биринчи

чыккан Ухань шаары мына ушундай карантин абалына өткөн. Коомдук транспорт убактылуу токтотулган. Андан соң, Хубэй провинциясындагы экинчи шаар Хуанганга дагы ушундай чектөөлөр киргизилгендиги айтылды. Кытай чет өлкөлүк жарандарды мамлекеттерине кайтаруунун алдында дагы аларды бир катар текшерүүдөн өткөрүп, саламаттыгына кам көрүүдө. Тез аранын ичинде ооруканаларды куруп, ишке киргизип жатат. Россия дагы бул багытта абдан жакшы иштерди аткарып, карантин аймактарын түзүүдө.

Оорунун алгачкы белгилери 14 күндөн кийин гана билине баштагандыктан, ушул күндөрү эпидемиологиялык жерлерден келген атуулдарыбызды өзүнчө карап, көзөмөлгө алуу зарыл. Чындыгында, бизде материалдык-техникалык база начар. Ошондуктан, бул тармакка көңүл буруубуз абзел. Жана дагы керектүү дары-дармектер менен дагы жетиштүү түрдө камсыз болуубуз керек.

Курманбек Мамбетов, «Объектив» гезитинин башкы редактору: «Кытай бийлиги бул ооруну чоң бир көйгөйгө айландырбай, жакынкы аралыкта жеңип чыга алат деп ишенем»

-КЭРдин Хубэй провинциясынын Ухань шаарынан коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби чыккандыгы бардыгыбызга белгилүү. Албетте, бул жалпы кыргызстандыктардын көңүл чордонунда болуп жатат. Бул оору биздин мамлекетке дагы келип жайылып кетүүсү мүмкүн деген кооптонуулар дагы бар.

Чындыгында, Кытай Эл Республикасы бул эпидемиянын таралышын жакшы көзөмөлдөп жатат. Өзгөчө, бул оору менен күрөшүү максатында атайын көп орундуу ооруканаларды куруп жаткандыгы дагы буга толук далил болуп бере алат. Оору чыккан аймактарды көзөмөлгө алгандыгы дагы абдан туура. Менин оюмча, Кытай бийлиги бул ооруну чоң бир көйгөйгө айландырбай, жакынкы аралыкта жеңип чыга алат деп ишенем.

Эльдар Таджибаев, Тоо-кен металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин төрагасы: «Вирус Кыргызстандын экономикасына терс таасирин тийгизүүдө»

-Учурда, Кытай Эл Республикасынан чыккан коронавирустун жаңы тиби 2019-nCoVдун жайылуусу, чындыгында абдан кыйын кырдаалды жаратууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дагы бул вирустун өтө тездик менен жайылуусун өзгөчө кырдаал деп таанып, эл аралык деңгээлде атайын билдирүү жасады.

Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы коңшу мамлекеттерден болуп, эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, экономикалык жана саясий тыгыз алакаларыбызды эске алсак, мамлекеттер ортосунда карым-катнаштар, барыш-келиштер абдан көп кездешет. Экономикалык алкакта болсо, кытай

жарандарынын үлүшү менен уюштурулган компаниялар дагы көп. Алар Кыргызстанда жашашат, иштешет. Ошондой эле, Кытайда билим алып, иштеп жаткан кыргызстандыктардын саны дагы арбын.

Мына, ушундай алакалар дагы вирустун тез жайылып кетүүсүнө өбөлгө болоору шексиз. Ошондуктан, Кыргызстан тарап, Саламаттыкты сактоо министрлиги дагы бул багытта өтө жигердүү иш алып баруулары зарыл. Колдон келишинче, вирустун баштапкы белгилерин эрте аныктоочу техникалык базага ээ болуулары абзел. Бардык зарыл болгон шарттарды түзүп, керектүү дары-дармектер менен жетиштүү камсыз болуубуз дагы учурдун талабы.

Муну менен катар эле, жалпы эл ичинде ММКлар аркылуу вирус тууралуу толук кандуу маалымат берилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Окуу жайларында, мекемелерде дагы ушундай иштер аткарылуусу тийиш. Тилекке каршы, бул вирус менен ооруп, өлүм менен аяктаган учурлар дагы күндөн-күнгө көбөйүүдө. Ошондуктан, бардыгыбыз биргелешип, бул вируска каршы туруубуз зарыл. Иммунитетти көтөрүп, тамактанууга дагы көңүл буруубуз керек.

Вирустун Кыргызстандын экономика тармагына тийгизген таасирин айта турган болсок, албетте бул кырдаал терс таасирин тийгизүүдө. Мисалы, бизге январдын аягында КЭРдин эң ири компанияларынын бири тоо-кен тармагына зарыл болгон техникаларды чыгара турган завод куруу боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүү үчүн келмек. Вирустун чыгуусу менен бул иштерибиздин бардыгы белгисиз бир убакытка чейин токтотулду. Мындай учурлар абдан эле көп кездешет.

Эң башкысы ден соолук. Бардыгыбыз ден соолугубуз үчүн кам көрүп, жеке гигиенаны сактообуз зарыл. Кытай Эл Республикасы дагы вирустун жайылбоосу үчүн болгон күч-аракетин жумшап, аны чечүүнүн жолдорун издеп жатат. Кытай бийлигинен баштап, дарыгерлери күнү-түнү тынбай иштеп жаткандыктарын көрүүдөбүз. Ошондуктан, бул көйгөйдү дагы чечип, жеңишке жетет деп ишенем.

Ариет Сыртбаева, студент: «Дарыгерлер күн сайын келип бир сыйра текшерип, ал-абалыбызды сурап жатышты»

-Мен Кытай Эл Республикасынын Фучжоу шаарында окуйм. Жакында эле Кытайдан Кыргызстанга кайтып келдим. Ал жактагы кырдаал тууралуу айта турган болсом, абал жалпысынан туруктуу, тынч.

Коронавирус жаңы гана башталып жатканда эле, бизге университет тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эшикке көп чыкпай, чыксак дагы бет кап менен чыгуубузду эскертип айтышкан. Вичаттагы тобубузга оорудан кантип сактануу керектиги жөнүндө маалыматтар байма-бай жиберилип, өзүбүзгө кам көрүү боюнча дагы сунуштар жазылып турат.

Чындыгында, Кытай тарап бизге абдан жакшы кам көрүп жатты. Дене табыбызды ченеп, бет каптардан бери таратып, таза суу менен дагы камсыз кылып турушту.

Дарыгерлер күн сайын келип бир сыйра текшерип, ал-абалыбызды сурап жатышты. Мугалимдерибиз дагы жаныбызда болуп жатты. Азыркы тапта дагы, үйлөрүбүзгө кандай жеткенибизди, ден соолугубузду вичат аркылуу сурап жатышат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)