WeChat      Избранное

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков: «Президенттик мөөнөтүмдүн алкагында, 2024-жылга чейин аткарылчу иштер так белгиленген»

10/01/2020  Источник:оригинал   шрифта:

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков: «Президенттик мөөнөтүмдүн алкагында, 2024-жылга чейин аткарылчу иштер так белгиленген»

Сүрөт редакцияга таандык

25-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков журналисттер үчүн салтка айланып калган маалымат жыйынын өткөрдү. Бул иш-чарага 188 журналист катышып, анын ичинен 160 журналист 77 республикалык ММКдан жана 28 журналист 15 чет элдик ММКдан болушту. 

Маалымат жыйыны түз эфирде КТРК жана «Ала-Тоо 24» каналынан, ошондой эле аталган каналдардын You Tube жана Facebook баракчаларында көрсөтүлдү. Мамлекет башчысынын маалымат жыйыны Бишкек шаарындагы мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында болуп өттү. 

Жыйындын башында КР Президенти Сооронбай Жээнбеков эки жыл ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берип, андан соң журналисттер тарабынан берилген суроолорго жооп берди. 

«Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы аныкталган»

-Менин ишмердигимдин негизги багыттары  Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында аныкталган. Анын ичинде, Президенттик мөөнөтүмдүн алкагында, 2024-жылга чейин аткарылчу иштер так белгиленген. Алар — өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо, коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн тышкы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук  реформасы. Акыркы эки жылда ушул багыттагы пландарды ишке ашыруу менен алек болдум. 

Белгиленген максаттарга жетүү үчүн былтыркы жыл — «Региондорду өнүктүрүү жылы», быйыл — «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы»,- деп жарыяланган. Андан сырткары соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча тынымсыз аракеттер жасалды. Эки жыл ичинде бир кыйла натыйжаларга жетиштик. Биринчи, Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан негизги шарттар түзүлдү. 

Акыркы жылдары региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканыбызды, анын себептерин жакшы билесиздер. Элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүп, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгы келип чыкты. Тилекке каршы, буга чейинки экономикалык саясат аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди. Мисалы, бюджет, салык, акча, кредит саясатында региондордун өнүгүүсүндөгү диспропорция эске алынган эмес. Натыйжада ички миграция күчөдү. Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйгөн. Ошол себеп менен, акыркы эки жылда региондогу долбоорлорлорду каржылоонун көлөмүн кескин түрдө жогорулаттык.

Мамлекеттик банктардын, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун кредиттик саясаты региондорду өнүктүрүүгө багытталды. Эки жылдын ичинде 38 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер региондорго берилди. Россия-кыргыз фондунун сомдук кредиттеринин ставкасы 9 пайызга чейин төмөндөтүлдү. Ошону менен катар региондор үчүн тикелей каржылоонун кредиттик лимиттери 1 млн доллардан 200 миң долларга чейин азайтылды. Айыл чарба кооперативдерине, соода-логистикалык борборлоруна салык төлөө жагынан абдан чоң жеңилдиктер берилди. Кайра иштетүүчү өнөр жайынын ишканалары үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү. Аймактарда жаңы ачылган өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн — пайда салыгынан, сатуу салыгынан, жер салыгынан жана мүлк салыгынан бошотулду. Жергиликтүү бюджетти чыңдоо максатында  киреше салыгынан жергиликтүү бюджетке болгон чегерүүлөрүнүн нормативдерин 50 пайыздан 70 пайызга чейин көбөйтүлдү. Ал эми 2020-жылга бул салыктын 80 пайызы жергиликтүү бюджетке калтырылат. Ушул аракеттердин натыйжасында аймактарда эки жылдын ичинде 600гө жакын  ири жана орто ишкана ачылды. Ирригация  боюнча иштер бекитилген план боюнча жүрүп жатат. Акыркы эки жылда 4 ири ирригациялык объект ишке берилди, 3 объектинин негизги  участкаларында иштер бүттү.

Республика боюнча 1924 гектардан ашык жаңы сугат жерлери өздөштүрүлүп, 3900 гектарга жакын сугат жерлердин суу менен камсыздоосу жогорулады, 5000 гектарга жакын жердин мелиоративдик абалы жакшыртылды. Азыркы учурда 13 объектини куруу боюнча сүйлөшүүлөр өттү жана кийинки жылы 160 млн. долларын түзгөн келишимдерге кол коюу жана ратификациялоо иш-чаралары аткарылат.

«Кытай Эл Республикасынан 100 млн долларга грант тартылат»

-Таза суу программасын ишке ашыруу үзгүлтүксүз жүрүп жатат. Программадагы 653 калктуу конуштун ичиндеги 90 айылда жана 5 шаарда таза суу менен камсыз кылуу иштери бүттү. Жылдын аягына чейин 11 айылда курулуш аяктайт. Айылдарды жана шаарларды таза-суу менен камсыздоо программасына тиешелүү 320 млн долларды түзгөн  долбоорлор ратификациядан өттү.  Мындан тышкары ЕврАзия өнүктүрүү фонду менен 200 млн долларга меморандумга кол коюлду. Кытай Эл Республикасынан 100 млн долларга грант тартылат. 

2024-жылга чейин 27 шаарда таза суу инфраструктурасы жакшыртылат. Беш шаарда — Балыкчыда, Караколдо, Чолпон-Атада, Нарында жана Өзгөндө саркынды суу системалары жаңыдан курулат. Улуттук долбоорлорду ишке ашыруу да аймактардын потенциалын жогорулатат. Бул багытта төмөндөгүдөй натыйжаларга жетиштик. Гидроэнергетика  багытын алсак, Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун I фазасы аяктады. Бул иштер толугу менен бүткөндө, ГЭСтин кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт. Бул дагы бир жаңы ГЭС курулду деген менен барабар иш болот. 

Токтогул ГЭСин жаңылоо долбоорунан 100 млн доллар үнөмдөлүп, Үч-Коргон ГЭСинин реконструкциясы башталат. Ат-Башы ГЭСинде оңдоо иштери аткарылууда. Камбар-Ата ГЭСинин экинчи гидроагрегатын эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. Жогорку–Нарын ГЭСтердин каскадын куруу үчүн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр улантылууда. CASA 1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу башталууда. Тармактагы жоготууларды азайтуу үчүн АСКУЭ-счетчиктери — акылдуу счетчиктер коюлуп жатат. Эмдиги жылы бардык ири өндүрүш ишканалары жана 3 фазалык абоненттер счетчиктер менен камсыздалат. 2023-жылдын аягына чейин республикадагы бардык көп кабаттуу үйлөргө жана кичи шаарлардын жеке секторундагы үйлөргө акылдуу счетчиктер коюлат. 

Транспорт жана коммуникация тармагында алгылыктуу иштер жасалды. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр интенсивдүү жүрүп жатат. Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу иштери 70 пайызга аяктады. Ички жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулууда. 2019-жылы ар бир райондо 3 километрден кем эмес жолго, жалпысынан алганда 141 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Эки жылда жалпы республика боюнча 828 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

«Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча Бизнес-Акыйкатчы институту түзүлдү»

-Жалпы эле өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуу багытында да иштер аткарылды. Жаңы ачылган ишканаларды алгачкы 2 жылда текшерүүгө убактылуу тыюу салынды. Ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча Бизнес-Акыйкатчы институту түзүлдү. 

Юридикалык жактарды электрондук каттоо маалыматтык системасы ишке киргизилди. Бишкек шаарында электрондук нотариат долбоору иштей баштады. Салык процедураларын фискалдаштыруу долбоорунун алкагында электрондук патент, электрондук эсеп-фактура, онлайн контролдук кассалык машиналар сыяктуу инструменттер колдонууга киргизилди. Технологиялык жабдууларды импорттогон ишканалар бажы алымынан бошотулду. 

Натыйжада, — былтыр, 2018-жылы,  чет өлкөлүк тике инвестициялардын көлөмү 38 пайызга көбөйдү. Ал эми ушул жылдын 9 айында келген инвестициялардын көлөмү 2018-жылга салыштырмалуу 67,3 пайызга өсүп, алардын суммасы 577 млн долларды түздү. Белгилей кетчү нерсе  —  инвестициялардын 61 пайызы  өлкөбүздүн региондоруна келди. 

Экспортту илгерилетүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Россия Федерациясынын техникалык көмөк көрсөтүүсү менен 14 өткөрмө пункттун ичинен 12си модернизациядан өттү. Буга 142,5 млн доллар сарпталды. Жалпысынан алганда 562 млн сомго  ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу, оңдоо жана жабдуу иштери жүргүзүлдү. Талас, Каракол, Баткен, Балыкчы шаарларында 4 ветеринардык лаборатория курулуп, пайдаланууга берилди. Быйыл Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасы ЕврАзЭС өлкөлөрү тарабынан эквиваленттүү деп таанылды. Жогоруда аткарылган иштердин жыйынтыгында  экспорттун көлөмү жогорулады.

Баса белгилеп кетүүчү жагдай — ЕврАзЭСке мүчө мамлекеттерге айыл чарба продукциясын экспорттоочу ишканалардын саны 5 эсеге өстү. 2017-жылы алардын саны 21 болсо, бүгүнкү күндө 100 дөн ашты. Россия Федерациясы тарабынан 2007-жылы коюлган ветеринардык убактылуу чектөө быйыл алынды.  Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кээ бир товарлар боюнча макулдашууларга жетиштик. 2019-жылы Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон товарлар 25 пайызга өстү.

««Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык уюм кошулду»

-Өлкөнү санариптештирүү багытында иш-аракеттер жакшы темп менен жүрүп жатат. «Түндүк» системасына 62 мамлекеттик орган жана 24 коммерциялык уюм кошулду. Элибизге 127 мамлекеттик кызматтар   жана сервистер санарип форматында көрсөтүлө баштады. 12 справка автоматташтырылып, натыйжада 1,5 млн кагаз справкаларын жарандар кезекте турбастан, онлайн түрдө маалыматты алууга же өз ара алмашууга жетишти. Эки жылдын ичинде «Түндүк» системасы  аркылуу 17,4 млн транзакция өттү. Мектепке жана бала бакчаларга электрондук кезек системасы киргизилди. 

Бажы тармагында да санариптештирүү активдеше баштады. Модернизациядан өткөн 12 бажы өткөрмө пункттарын санариптештирүү бүттү. 9 өткөрмө пунктуна жана 4 бажылык тариздөө жайына онлайн байкоо системасы киргизилди. Орнотулган видеокамералардын жалпы саны — 506 даана, алардын ичинен 14  видеокамера «Түндүк» системасына  интеграцияланган. 

6 өткөрүү пункттарда автоматташтырылган инспекциялык-текшерип кароо комплекси ишке киргизилди (сканер). Мурда текшерүү 2 сааттан тартып бир нече күнгө чейин убакытты алчу, азыр 5-10 мин убакытты алат. Бажы органдарын алдын ала маалымдоо системасы иштей баштады. Транспорттук каражатын тариздөө процесси бүгүнкү күндө 10-15 мүнөттө өткөзүлүп калды.

«Кытай Эл Республикасы биздин коңшубуз, стратегиялык өнөктөшүбүз»

- Кытай жана Индия менен болгон мамилебиз өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкты. Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык коопсуздук уюмунун саммиттерин ийгиликтүү өткөрдүк. Кыргызстан 2019-2023-жылдарга  ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин курамына шайланды.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы кызматташтык карым-катнаш дагы жакшы өнүгүү жолунда. Быйыл КЭР Төрагасы Си Цзиньпин ШКУнун жыйынынын алдында Кыргызстанга мамлекеттик сапарда болду. Ар тармактын өкүлүн ичине камтыган чоң делегация менен келип, көптөгөн сүйлөшүүлөргө жол ачылып, келишимдерге кол коюлду. Эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу кызматташууларга мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

Кытай Эл Республикасы биздин коңшубуз, стратегиялык өнөктөшүбүз. Ал ири долбоорлорду жүзөгө ашырууга ар дайым көмөкчү болуп келет. Эң көп инвестиция кылган мамлекет катары дагы белгилүү. Дагы да болсо, эки өлкөнүн ийгиликтүү кызматташуусу үчүн аракеттерди кыла бермекчибиз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)