WeChat      Избранное

Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчөт

23/12/2019  Источник:Sputnik   шрифта:

Бишкектин айрым райондорунда эки күнгө газ өчөт

Фото WWW

Оңдоо иштерине байланыштуу төрт көчөдө көгүлтүр от жок болот. Ишкана келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн шаар тургундарынан кечирим сурайт.

Бишкектин айрым аймактарында 23-декабрдан 25-декабрга чейин газ берүү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Оңдоо иштерине байланыштуу Бишкек шаарынын Огонбаев, Курманжан датка, Гражданская, Төрөкул Айтматов көчөлөрүндө убактылуу газ жок болот.

Ишкана ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле жасоону өтүнөт.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)