WeChat      Избранное

КЫТАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДОСТУГУ ДАНАЗАЛАНДЫ

04/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

КЫТАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДОСТУГУ ДАНАЗАЛАНДЫ

Сїрєт редакцияга таандык

21-ноябрь кїнї Бишкек шаарынын №31 мектеп гимназиясында Кытай Эл Республикасынын тїзїлгєндїгїнїн 70 жылдыгына карата иш-чара болуп єттї. Иш-чара мектептин Конфуций классы тарабынан даярдалып, мектеп жетекчилигинин колдоосу алдында уюштурулду. Ага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айым баштаган бир катар сыйлуу меймандар келип катышышты.

КЫТАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДОСТУГУ ДАНАЗАЛАНДЫ

№31 мектеп гимназиясында кытай тилин окутуу 2009-жылы эле киргизилген. 2010 жылдан баштап мектеп Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен тыгыз кызматташып келет. Учурда, кытай тили мугалимдери сабакта колдонуучу кєптєгєн методикалык иштелмелерди, окуу китептерин иштеп чыгышты. Жыл сайын мектепте кытай тили боюнча ар тїрдїї кызыктуу сынактар єтїп турат. Сынактын жеўїїчїлєрї баалуу белектер менен сыйланып, алардын эў мыктылары кытай тилинин республикалык сєз сїйлєє чеберчилиги боюнча олимпиадада мектептин намысын татыктуу коргоп келишет. Мисалы, 2013- жылы Куньмин шаарында єткєрїлгєн олимпиадада кытай тили боюнча эл аралык сынактын жеўїїчїсї дал ушул мектептин окуучусу Кожоналиева Айжан болгон.

КЫТАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДОСТУГУ ДАНАЗАЛАНДЫ

Коўшу єлкєнїн маданий, салттуу иш-чараларын єткєрїїдє №31 мектеп гимназиясынын окуучулары ар дайым активдїї катышып, мыкты кєрсєткїчтєргє ээ болуп келишет. Мектеп директору Татьяна Омурзакованын айтуусунда бїгїнкї концерт КЭРдин тїзїлгєндїгїнїн 70 жылдык мааракесине арналды. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен кызматташуунун негизинде ушул иш-чара уюштурулуп, келген сыйлуу коноктор окуучулардын ар тараптуу таланттарына кїбє боло алышты.

КЫТАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДОСТУГУ ДАНАЗАЛАНДЫ

КЫТАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДОСТУГУ ДАНАЗАЛАНДЫ

Чындыгында, мектеп ичи толугу менен кытай маданиятынын “берметтери” менен жасалгаланып, каллиграфия, кагаздан кесилип жасалган мыкты эмгектерге дубал беттери толгон. Коўшу элдин маданиятынын кєрїнїктїї єкїлї болгон кызыл асма шамдар шыпка бекилип, сырдуу кытай дїйнєсї бардык катышуучуларды кучак жая тосуп алды.

Майрамдык иш-чара дагы бир жолу Кыргызстан-Кытай достугун татыктуу даўазалай алды. Концерттик программанын жыйынтыгында Ду Дэвэнь айым элчиликтин атынан окуучуларга керектїї баалуу белектерди тартуулады.

Токтосун Султанов, Бишкек шаардык Ленин районунун башчысы:

«МЫНДАЙ ИШ-ЧАРАЛАР ЭКИ ЭЛДИН ЫНТЫМГАГЫН ДАГЫ БЕКЕМДЕП, ДОСТУК АЛАКАСЫН ЄНЇКТЇРЄТ ДЕП ИШЕНЕМ»

-Чындыгында, бїгїн эў мыкты концерттик программага кїбє болдук. Мектептин окуучулары абдан таланттуу, билимдїї жана зээндїї экен. Кытай тилинде жеке гана сїйлєбєстєн, ырдап, бийлегени дагы абдан сїйїндїрдї. Мындай иш-чаралар эки элдин ынтымагын дагы бекемдеп, достук алакасын єнїктїрєт деп ишенем.

Биздин район Бишкек шаардык мэриясына караштуу болгондуктан, албетте, Кытай менен дагы кызматташуу алакаларыбыз бар. Мэрия КЭР менен абдан тыгыз байланышта. Мисалы, ошол эле жолдорду оўдоп-тїздєє иштерин айтсак болот, мектеп курулду, аскерлер їчїн їйлєр салынды ж.б.у.с.

Акыркы жылдары кыргыз-кытай алакалары ийгиликтїї жїзєгє ашууда. Биз дагы да болсо жаўы кызматташууларга, байланыштарды бекемдєєгє ар дайым даярбыз.

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси:

«БИЗ КЫРГЫЗСТАНДЫН ЄНЇГЇЇСЇН КААЛАЙБЫЗ, АР ТАРАПТУУ КОЛДООГО ДАЯРБЫЗ»

-Мен їчїн бїгїн ушундай мыкты майрамдык концертке кїбє болуу менен бирге, ушул мектепке келїї чоў сыймык. Жогоруда айтылып кеткендей, бул иш-чара КЭРдин тїзїлгєндїгїнїн 70 жылдык мааракесине арналды.

КЫТАЙ МЕНЕН КЫРГЫЗСТАНДЫН ДОСТУГУ ДАНАЗАЛАНДЫ

Бардыгыбыз билгендей Кытай Эл Республикасы 1949-жылдын 1-октябрь кїнї негизделген. Ошол кезде Кытай башынан бир топ кыйынчылыктарды єткєрїп жаткан мезгил болгон. Абдан оор учур десек да болот. Канча согушту кєргєн єлкє єтє алсыраган. Жаўы Кытайдын жаўы кадамында мамлекет начар абалда болгондугу айтпаса дагы тїшїнїктїї. Бирок, ушул 70 жыл аралыгында кытай элинин тынымсыз эмгеги, єкмєттїн туура саясатынын негизинде чоў-чоў ийгиликтерди жарата алды. Башкача айтканда, Кытайды тїп-тамыры менен єзгєртє алдык.

Бїгїнкї кїнї Кытай дїйнє жїзїндє экономикасынын кєлємї боюнча 2-орунду ээлейт. Илим, маданият, билим берїї ж.б. бардык тармактар мыкты деўгээлде єнїгїїдє. Учурдагы, жаўы Кытай дїйнєлїк коомчулукта маанилїї ролду ойнойт. Кытай Кыргызстан менен ар качан ынтымакта мамиле куруп келген. Кандай гана мезгил болбосун, жакын санаалаш коўшу болдук. Азыр Кытай алдыда болуп, єнїгїп жаткан учурда биз дагы Кыргызстандын єнїгїїсїн каалайбыз, ар тараптуу колдоого даярбыз.

Ошондуктан, КЭРдин Тєрагасы Си Цзиньпин «Бир алкак-бир жол» демилгесин кєтєрїп чыккан. Бул биргеликте єнїгїї, єрчїї идеясын жїзєгє ашыра турган долбоор. Кытай тилин їйрєнїї, Кытайды жакындан таануу дагы бир катар мыкты мїмкїнчїлїктєрдї берет. Єзгєчє, кыргыз-кытай достук алакасын єнїктїрїїдє кытай тилин їйрєнїп жаткан жаштардын салымы зор болмокчу.

Мен бїгїнкї концерттик программаны єзгєчє эргїї менен кєрдїм. Анткени, бардык аткарылган номерлер, ыр-бийлер єтє дыкаттык менен даярдалып, жогорку деўгээлде бизге сунулду.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)