WeChat      Избранное

25-ноябрь – кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы кыймылдын биринчи күнү

05/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

25-ноябрь – кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы кыймылдын биринчи күнү

Фото WWW

25-ноябрь күнү дүйнө жүзүндө Кыздарга жана аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүгө каршы жыл сайын жүргүзүлүүчү эл аралык 16 күндүк акция башталат. Бул күндөрү аялзатынын көйгөйлөрүн чечүү жолдору каралып, аларды колдоо жана коргоо боюнча ар түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп, эл аралык деңгээлдеги конференциялар уюштурулат. Мындай акция өткөрүү демилгеси 1998-жылы көтөрүлүп чыгып, бүгүнкү күнгө чейин өз актуалдуулугун жоготпой келет. 

Кыргызстан дагы мындай эл аралык иш-чарадан четте калбай, ар жыл сайын бул күндү белгилеп келгени белгилүү. Тактап айтканда «Сезим» кризисттик борбору жыл сайын 16 күндүк акция уюштуруп, Кыргызстандагы аялзатынын көйгөйлөрүнө коомчулуктун көңүлүн буруу менен бирге, бир катар иш-чараларды уюштуруп жүрөт. 

Учурдан пайдаланып, биз дагы «Сезим» кризисттик борборунун аткаруучу директору, психолог Бүбүсара Рыскулова менен маектешип, борбор тууралуу маалымат алдык.  

Бүбүсара Рыскулова: «Биздин башкы максат – аялдардын укуктарын коргоп, аларга  психологиялык жардам берүү» (ПОДЗАГОЛОВОК) 

-Биздин борбор Кыргызстанда 1998-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Коммерциялык эмес уюм. 90-жылдары Кыргызстанда гендердик жана үй-бүлөлүк зомбулук жаап жашырылып, коомчулукка ачык алынып чыкпаган маселелерден болуп келген. Айрым уюшулган коомдук бирикмелер өлкөдөгү аялдардын укуктары тууралуу маселени коомчулукка көтөрүп чыга баштаган. Алардын арасында биздин дагы борбор бар болчу. 

Биздин башкы максатыбыз – аялдардын укуктарын коргоп, аларга укуктук жана психологиялык жардам берүү менен үй-бүлөлүк, гендердик зомбулукка же адам сатууга кабылган аялдарга, кыздарга жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө кызмат көрсөтүү. «Сезим» борборунда өз ишин мыкты билген кесипкөй адистер, юристтер, адвокаттар, психологдор, психотерапевттер, социалдык кызматкерлер, ошондой эле гендер, үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга каршы иш алып барууда тажрыйбалуу тренерлер иштешет. Кыргызстандагы адам укугун,  кыздардын, аялдардын уктарын коргоо боюнча демилгелерди  борбордун кызматкерлери жигердүү колдоого алып, өз иштерин мыкты аткарып келишүүдө. 

Бүгүнкү күнү биздин борбор үч негизги максатты ишке ашыруунун үстүнөн иш алып барууда. Алар: үй-бүлөлүк, гендердик зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарга укуктук, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү; кыргызстандын коомчулугунда үй-бүлөлүк зомбулукту төмөндөтүү максатында мыйзам чыгаруу багытында демилгелерди көтөрүп чыгуу менен катар анын кабыл алынышына активдүү катышуу; кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга каршы алдын алуучу иш- чараларды жүргүзүү.

Биздин ишмердүүлүгүбүздүн багыттарына үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуудан жабыркагандарга укуктук, психологиялык  жана социалдык колдоо көрсөтүү, жубайлар арасындагы, үй-бүлө мүчөлөрү арасындагы чыр-чатактарды жөнгө салууда жардам көрсөтүү, гендердик укук, үй-бүлөлүк зомбулукка жана адам сатууга каршы багыттарда маалыматтык билим берүү ж.б. у.с. кирет.

Эл аралык уюмдар менен тыгыз кызматташып келүүдөбүз. Алардын бизге көрсөткөн колдоосу дагы зор. Албетте, Кытай менен дагы ушул жаатта кызматташсак деген изги тилегибиз бар. Алдыда, эки тараптуу кызматташууга жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт деп ишенем. 

Биздин борбордун тарыхы менен гендердик зомбулукка каршы дүйнөдөгү эң ири акциянын Кыргызстандагы тарыхынын жаштары бирдей. Бул 25-ноябрда башталган акцияны биринчи жолу биздин өлкөдө өткөрүү жөнүндө демилгени 1998-жылы  биздин борбор көтөрүп чыккан. Ошол убактан тартып, биз аялдардын жана кыздардын укугун коргоого багытталган, өлкөбүзгө кеңири жайылтылган эл аралык 16 күндүк кыймылдын катарындабыз.

Ошондуктан, ар жыл сайын акциянын маанилүү датасына айкалыштырып,  25-ноябрдан тартып – 10-декабрга чейин бул күндөр белгиленет. 

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)