WeChat      Избранное

«Конфуцийдин дүйнөдөгү эң мыкты классы» - жер жүзүн багынткан кыргыз мектеби

27/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

«Конфуцийдин дүйнөдөгү эң мыкты классы» - жер жүзүн багынткан кыргыз мектеби

Сүрөт маек ээсине таандык

9-10 – ноябрь күндөрү Кытай Эл Республикасында Конфуций институттарынын башкы кеңсеси Ханьбань тарабынан уюштурулган эл аралык конференция КЭРдин Чанша шаарында болуп өттү. Иш-чарага дүйнөнүн 162 өлкөсүнөн  Конфуцийдин 550 институту, 1172 мектеби жана класстарынын өкүлдөрү катышышты. 

Аталган иш-чарада кытай тилин үйрөтүү жаатындагы маселелер каралып, Ханьбань тарабынан өткөрүлгөн бир нече сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи дагы болду. Ал эми, «Конфуцийдин дүйнөдөгү эң мыкты классы» сынагынын жеңүүчүсү болуп Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплекс-гимназиясындагы Конфуций классы аталды.

Мына, ушул саамалыкка №69-гимназиясынын директору Сайрагүл Атаева катышып, сыйлыкты салтанаттуу тапшыруу аземинде болуп кайтты. Биздин редакция дагы аталган мектептин жетекчилигин, жалпы мугалимдер жамаатын, окуучуларын ушундай мыкты наамга ээ болгондуктары менен чын жүрөктөн куттуктайт. Бул сыйлыкты биз жеке гана мектептин жетишкендиги катары эмес, жалпы Кыргызстандын ийгилиги катары дагы бааласак болот.

Биз Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплекс-гимназиясынын директору Сайрагүл Токтосуновна менен маек куруп, мектептеги кытай тили, окуучулардын жетишкендиктери жана Кытай жергесине болгон сапары тууралуу кызыктуу маалыматтарды алдык. 

Сайрагүл АТАЕВА, директор: «Окуучуларыбыздын тил өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп келебиз»

-Кытай тилинин биздин мектепте окутулушу мектептин ачылышынан бери эле болуп келген десем болот. Мектеп 1989 – жылы ачылган, ал эми андан үч жылдан кийин кытай тили боюнча бир класс болгон. Андан соң эки класс ачылган дегендей. Мындайча айтканда, башынан эле мектептин жашоосунда аздыр - көптүр кытай тили аралашып келген. 

Кытай тилин үйрөтүү биздин мектепке 2004-жылы ийрим катары киргизилген. Ага Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги көмөк көрсөтүп, ошонун натыйжасында окуучуларыбыз кытай тилин үйрөнө башташкан. Бирок, ал мезгилде адистердин жетишсиздиги дагы башкы маселе болуп, бул багыт тоскоолдукка учураган. 

Ал эми, 2009-жылдан баштап, Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту менен келишим түзүлүп, Конфуций классы ачылган. Ошондон бери, кытай тили атайын сабак катары окутулуп келет. Анын ичинен тереңдетилген жумалык жүктөмдөрү көп. Ата-энелер тарабынан бардык класста эки сааттан каржыланып дагы сабак өтүлөт. Кытай тили ийрими дагы бар. Ошондо, жумасына жалпысынан 4-6га чейин кытай тили сабагы өткөрүлөт. 

Чындыгында, кытай тилин үйрөтүү, аны бир калыпка салып, окутуу программасын түзүү оңойго турган жок. Бул жаатта башында иштеп кеткен волонтерлордун, мугалимдердин дагы эмгегин айтып кетүү абзел. Учурда, бул тилди үйрөнүү жана үйрөтүү - толугу менен ишке кирген, жемишин берип жаткан система деп айтып койсок болот.

Бизде кытай тилинде жалпысынан он окутуучу эмгектенет. Кытай тараптан бир мугалим жана эки волонтер, Кыргызстан жактан болсо өзүбүздүн жергиликтүү жети мугалим иштейт. Кытай тили башталгыч класстардан баштап эле өтүлө баштайт. 

Чындыгында, көпчүлүк Конфуций классын түшүнө беришпейт. Бул бир класска чогултулган 30 бала эмес, бул мектепте кытай тилин үйрөтүү боюнча түзүлгөн толук кандуу программа. Мисалы, №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясындагы Конфуций классы деп аталат. Бирок, чындыгында бизде кытай тилин үйрөткөн бир нече класстар бар. Мектепте 3000 окуучу болсо, алардын миңге жакыны кытай тилин тереңдеп үйрөнүшөт. 

Азыркы учурда, окуучуларыбыз мектепти аяктай электе эле HSKдин 5-деңгээлин алып, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп жатышат. Конфуций институту тарабынан уюштурулуп жүргөн түрдүү жарыштарда биздин балдар ар дайым байгелүү орундарга ээ болуп жүрүшөт.

Бул жактан окуучуларыбыз кытай тилин үйрөнүү менен чектелип калбайт. Алар кытай маданиятын, тарыхын, майрамдарын, салт-санаасын окуп-үйрөнүшөт.

Окуучуларыбыздын тил өздөштүрүү жөндөмдүүлүгүн өөрчүтүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүп келебиз. Ушундай колдоонун жана тынымсыз аракеттин артынан 50дөн ашуун биздин окуучулар, учурда Кытайдын мегаполис шаарларында билимин улантып, кытай тилин тереңдетип үйрөнүп жатышат. 

Бишкек шаарында кытай тили боюнча предметтик олимпиадаларда дагы биздин окуучулар алдыңкы орундарды багындырып келишет. Мындай жакшы жыйынтыктын артында мугалимдердин эмгеги зор. Ошондуктан окуучуларыбыздын жетишкен ийгилиги биздин мектептеги билим берүүнүн сапатынын көрсөткүчү болуп бере алат.

Бүгүнкү күндө балдардын жөндөмүн аныктап, талантын ачууга мүмкүнчүлүк түзгөн ийримдер улам жаңыдан ачылууда. Акыркы кезде ата-энелер да кызыгуу менен балдарын түрдүү ийримдерге жаздырып, келечегине өзгөчө көңүл бура баштаган тенденцияны байкоого болот. Ошондуктан, гимназиябызда бир канча жылдан бери ар тараптуу, көптөгөн ийримдер түзүлүп, ийгиликтүү иштеп келет. Ийримдерге окуу жылынын башында таланттуу окуучулар шык-жөндөмүнө жараша тандалып алынат.

Биздин башкы максат - таланттуу окуучулардын чеберчилигин, ишмердүүлүгүн өстүрүү, жан дүйнөсүн байытуу жана туура жол көрсөтүп, багыт берүү болуп эсептелет. Кытай тили ийримине дагы жазылып, үйрөнүүнү каалаган окуучуларыбыз арабызда абдан көп. Ата-энелер дагы бул багытты ар дайым колдоп келет.

«Жеңиш оңой келбейт, ар бир ийгиликтин артында тынымсыз эмгек, ар тараптуу изденүү бар»

-Үстүбүздөгү жылдын жаз-жай мезгилинде эле, бул сынакка катышууга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин алдындагы Конфуций институту тарабынан сунуш түшкөн. Ошондуктан, документтерибизди даярдап, жибергенбиз. Албетте, жеңүүчү болобуз деп деле күткөн эмеспиз. Мындай дүйнөлүк деңгээлдеги сынакка катышуунун өзү эле чоң көрсөткүч эмеспи.

Ошондуктан, биздин жеңишибиз күтүүсүз келген кубанычтуу кабар болду десем эч жаңылышпайм. Анткени, 162 мамлекеттин арасынан суурулуп, алдыңкы орунду багынтуу абдан чоң ийгилик. Бул үчүн албетте, Конфуций институтуна, ар жыл сайын келип иштеп берген волонтерлорго, өзүбүздүн жергиликтүү мугалимдерге бардыгына терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Чындыгында, сынактын ар бир катышуучусуна өзгөчө көңүл буруп, так жана таза таразалаган Ханьбаньдын кеңсесине дагы рахматымды айтмакчымын. 

Иш-чара КЭРдин Чанша шаарында эки күн болуп, ага жалпысынан 1500дөн ашуун өкүл катышты. Алар Конфуций институттары жайгашкан университеттердин ректорлору, институттун Кытай жана Кыргызстан тараптан директорлору, мектеп мүдүрлөрү жана мугалимдер болду. Конференция «Дүйнөдө кытай тилин үйрөтүүдөгү көйгөйлөр» темасынын алдында өттү. Биринчи күнү анын ачылыш аземи болуп, кызыктуу лекциялар окулду. Кийинки күнү болсо, иш-чара секцияларга бөлүнүп, талкуулоо форматында улантылды. Анда негизинен кытай тилин үйрөтүү боюнча бир катар жаңы окуу китептер, көрсөтмө куралдар сунушталып, тажрыйба алмашуу жаатында дагы докладдар окулду. 

Андан соң, иш-чаранын жабылышында сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи болду. Дүйнө жүзү боюнча үч Конфуций классына бизге, Италияга жана Непалга ушундай мыкты наам тапшырылды. Чындыгында, бул көз ирмемдер өзгөчө толкунданткан, бактылуу учур болду. Албетте, бул жеңиштин артында бардыгыбыздын салымыбыз бар, мугалимдердин тынымсыз эмгеги, ар тараптуу изденүүсү дагы өзгөчө сөзгө татырлык экендиги шексиз. 

Сынакка катышууга өзгөчө деле талаптар болгон жок. Бизге жөн гана сабактардын ырааттамасы, жумасына канча жолу кимдер тарабынан өтүлө тургандыгы, канча окуучу окуйт, алардын багынткан ийгиликтери, бүтүрүүчүлөрдүн канчасы чет мамлекетте билимин улантышууда деген сыяктуу маалыматтарды жазып берүүнү айтышкан болчу. Тактап айтканда, жөн гана өзүбүздүн күнүмдүк кылган ишибизди жазып, бүгүнкү күнгө чейин окуучуларыбыздын жетишкен ийгиликтери тууралуу маалымат бердик.

Тил үйрөнгөн абдан жакшы.Кыргызда : «Канча тил билсең ошончо адамсың»-, деп бекеринен айтылган эмес. Башка тилди, маданиятты, салт-санааны үйрөнүү окуучунун дүйнө таанымын кеңейтет. Эң жок дегенде, мектеп партасынан эле кошумча бир чет тилин үйрөнүп чыгат. Ошондуктан, жогоруда айткандай, биздин мектеп дагы окуучуларыбыздын жаркын келечеги үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп бергенге аракет кылып келүүдөбүз. 

Кытай Эл Республикасына мен жумуш боюнча бир нече жолу барып келип жүрөм. Өзгөчө Үрүмчү шаарын абдан жакшы көрөм. Көчөлөрүн дагы билип калдым. Ошондуктан, КЭРдин канчалык тездик менен өнүгүп жатканын ушул шаар аркылуу деле айкын көрдүм десем болот. Анткени, ар бир барган сайын жаңы курулуштар, оңдоп-түзөөлөр, заңгыраган шаарчалардын курулуп, колдонууга берилип жаткандыгына күбө болуп жүрөм. 

Мага Чанша шаары дагы абдан жакты. Ал дүйнөгө Мао Цзэдундун туулган жери катары белгилүү. Биз Кытайдын саясий жана мамлекеттик ишмеринин балачагындагы, жаш кезиндеги басып өткөн жолуна аз да болсо сереп салып, анын төрөлүп чоңойгон айылына барып келдик.  Бул айыл учурда парк болуп, жалпы коомчулуктун, сырттан келген туристтердин кызыгып көргөн жайларынын бирине айланыптыр. Чындыгында, Кытай жергесине болгон бул сапарым абдан кызыктуу жана маңыздуу болду. Ал жаңы жылдын алдында, мектебибиз үчүн чоң кубаныч тартуулады. 

Сөз соңунда, мен жалпы кыргызстандыктарды келе жаткан жаңы жылы менен чын журөктөн куттуктайм.  Бардыгыбызга үй-бүлөлүк бакыт, бакубат жашоо жана чың ден соолук каалайм. Жергебизде ар дайым тынчтык болуп, элибиз ынтымак ичинде өмүр сүрсүн. Кирип келе жаткан 2020-жыл жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн, жаңы ийгиликтердин жылы болсун. Өмүрдүн, жашоонун баркын билип, жакындарыбыз менен биргеликте өмүр сүрөлү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)