Президент Сооронбай Жээнбеков:"Кытай Эл Республикасынан 100 млн долларга грант тартылат"
Фото WWW
КР Президенти Кытай Эл Республикасы менен кызматташуу жаатында дагы маалымат жыйынында айтып берди.
Ал: "Транспорт жана коммуникация тармагында алгылыктуу иштер жасалды.
Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча сүйлөшүүлөр интенсивдүү жүрүп жатат.
Түндүк-Түштүк альтернативдүү автожолун куруу иштери 70 пайызга аяктады.
Ички жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулууда. 2019-жылы ар бир райондо 3 километрден кем эмес жолго, жалпысынан алганда 141 чакырым жолго асфальт төшөлдү.
Эки жылда жалпы республика боюнча 828 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Экспортту илгерилетүүгө да өзгөчө көңүл бурулду. Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу кээ бир товарлар боюнча макулдашууларга жетиштик.
2019-жылы Кыргызстандан Кытайга экспорттолгон товарлар 25 пайызга өстү.
Кытай жана Индия менен болгон мамилебиз өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыкты. Шанхай кызматташтык уюмунун жана Жамааттык коопсуздук уюмунун саммиттерин ийгиликтүү өткөрдүк. Кыргызстан 2019-2023-жылдарга ЮНЕСКОнун аткаруу кеңешинин курамына шайланды"-деди.
последние
● Президент Сооронбай Жээнбеков маалымат жыйынын өткөрүп жатат
● Аскат Азарбеков: «Кытай базар механизмдерин социалдык экономика менен айкалыштыра алган»
● С начала года в Кыргызстане было зарегистрировано 341 фактов незаконной миграции
● Абылгазиевдин кабинетине бажыдагы ишти онлайн көрсөткөн монитор коюлду. Сүрөт