WeChat      Избранное

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат»

25/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Президент Сооронбай Жээнбеков: «Журналисттер эл турмушун жакшыртууга багытталган аракеттерди коомчулукка жеткирүүдө чоң жардам көрсөтүп жатышат»

Фото WWW

Президент жыйында: "Менин  ишмердигимдин негизги багыттары  Кыргызстанды 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясында аныкталган.

Анын ичинде, Президенттик мөөнөтүмдүн алкагында, 2024-жылга чейин аткарылчу иштер так белгиленген.

Алар — өлкөдөгү стабилдүүлүктү сактоо, коомдогу биримдикти бекемдөө, Кыргызстандын кызыкчылыгын көздөгөн тышкы саясатты жүргүзүү, аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү, коррупцияга каршы күрөш, сот-укуктук  реформасы.

Акыркы эки жылда ушул багыттагы пландарды ишке ашыруу менен алек болдум.

Белгиленген максаттарга жетүү үчүн былтыркы жыл —  "Региондорду өнүктүрүү жылы" , быйыл — "Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы" деп жарыяланган.

Андан сырткары соттук-укуктук реформаны ишке ашыруу жана коррупцияга каршы күрөш боюнча тынымсыз аракеттер жасалды.

Эки жыл ичинде бир кыйла натыйжаларга жетиштик.

Ошолорго кыскача токтоло кетейин.

Биринчи,

Региондорду өнүктүрүү үчүн мамлекет тарабынан негизги шарттар түзүлдү.

Акыркы жылдары региондорду өнүктүрүүгө өзгөчө маани берип жатканыбызды, анын себептерин жакшы билесиздер.

Элет жеринде жашаган адамдардын жашоо турмушун жакшыртуу, жаӊы жумуш орундарын түзүп, элди иш менен камсыз кылуу аркылуу миграциянын агымын токтотуу зарылдыгы келип чыкты.

Тилекке каршы, буга чейинки экономикалык саясат аймактарды өнүктүрүүгө жөндөмсүз болуп келди.

Мисалы, бюджет, салык, акча, кредит саясатында региондордун өнүгүүсүндөгү диспропорция эске алынган эмес.

Натыйжада ички миграция күчөдү. Алыскы райондордон, анын ичинде чек ара аймагынан көчүп кеткендер көбөйгөн.

Ошол себеп менен, акыркы эки жылда региондогу долбоорлорлорду каржылоонун көлөмүн кескин түрдө жогорулаттык.

Мамлекеттик банктардын, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун кредиттик саясаты региондорду өнүктүрүүгө багытталды.    

Эки жылдын ичинде 38 млрд сомго жакын суммадагы жеңилдетилген кредиттер региондорго берилди.

Россия-кыргыз фондунун сомдук кредиттеринин ставкасы 9 пайызга чейин төмөндөтүлдү.

Ошону менен катар региондор үчүн тикелей каржылоонун кредиттик лимиттери 1 млн доллардан 200 миң долларга чейин азайтылды.

Айыл чарба кооперативдерине, соода-логистикалык борборлоруна салык төлөө жагынын абдан чоң жеңилдиктер берилди.

Кайра иштетүүчү өнөр жайынын ишканалары үчүн кошумча нарк салыгы 80 пайызга төмөндөтүлдү.

Аймактарда жаңы ачылган өндүрүш ишканалары 5 жылга салыктын төрт түрүнөн — пайда салыгынан, сатуу салыгынан, жер салыгынан жана мүлк салыгынан бошотулду.

Жергиликтүү бюджетти чыңдоо максатында  киреше салыгынан жергиликтүү бюджетке болгон чегерүүлөрүнүн нормативдерин 50 пайыздан 70 пайызга чейин көбөйтүлдү.

Ал эми 2020-жылга бул салыктын 80 пайызы жергиликтүү бюджетке калтырылат.

Ушул аракеттердин натыйжасында аймактарда эки жылдын ичинде 600гө жакын  ири жана орто ишкана ачылды"-деди.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)