WeChat      Избранное

Таалайбек Сарыбашов: ««Бир алкак-бир жол» долбоорунун өнүгүүсүнө Ош шаары дагы өз салымын кошоруна ишенебиз»

27/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Таалайбек Сарыбашов: ««Бир алкак-бир жол» долбоорунун өнүгүүсүнө Ош шаары дагы өз салымын кошоруна ишенебиз»

Сүрөт интернеттен алынды

2019-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыяланган. Мына, ушул багытта Ош шаарында кандай иштер аткарылгандыгы тууралуу маалымат алуу үчүн Ош шаарынын мэри Сарыбашов Таалайбек Насирбекович менен маек курдук.

Таалайбек Насирбекович шаардын бул жыл аралыгындагы жетишкендиктерин айтып берүү менен бирге Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташуу алакалары жөнүндө дагы ой бөлүштү. 

-«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылында» Ош шаарында кандай иштер аткарылды?

-Кыргыз Республикасынын Президентинин 2019-жылды «Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» боюнча жарлыгын жана «2018-2022-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасынын региондук саясатынын концепциясын ишке ашыруу боюнча» Ош шаарынын мэриясы иш-чаралар планын бекитип, аткарууга алынган. Анын негизги багыты жаңы ишканаларды ишке киргизүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү, транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү, таза суу жана саркынды суу системаларын жакшыртуу, билим берүү тармагын өнүктүрүү, социалдык муктаж болгон жарандарга жардам көрсөтүү, кесиптерди даярдоо жана башка көйгөй маселелерди чечүү болуп саналат.

Алгылыктуу жылдардан болсун деп, болгон эмгегибизди шаарды өнүктүрүп, элге ыңгайлуу шарттарды түзүү менен аракет кылдык. Негизги көрсөткүчтөргө токтоло кете турган болсок өнөр жай ишканалары тарабынан 2019-жылдын 11 айында 4 млрд. 60,5 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу физикалык көлөмдүн индекси 105,0 пайызды түздү.

Ал эми негизиги капиталга тартылган инвестициянын көлөмү 3 млрд. 237,6 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 6,2 пайызга же 221,0 млн. сомго көбөйгөн.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 2019-жылдын 11 айында жалпы 1 млрд. 10,4 млн. сом акча каражаты келип түшүп, 2018-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырганда 195,3 млн. сомго көбөйгөн, же өсүү темпи 24 пайызды түзгөн.

Ал эми 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше көлөмү 2018-жылдын бюджетине салыштырмалуу 20% га өсүп, же болбосо 188 млн. сомго көбөйүп, 1 млрд. 127,6 млн. сомго бекитилген. Натыйжада шаарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен бир топ социалдык обьектилердин курулуштары башталып, айрымдары пайдаланууга берилди.

Саламаттыктык сактоо тармагында медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында Ак-Тилек кичи районунда Кытай Эл Республикасынын өкмөтүнүн гранттык каражатынын эсебинен 150 орундуу жаңы оорукананын, кыргыз-түрк көп профилдүү клиникасынын жана «Жапалак» айылдык аймактык башкармалыгындагы Арек айылында ФАПтын курулуштары бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. 

2019-жыл «Ош-түрк тилдүү мамлекеттердин маданий борбору» аталып, жыл ичинде эл аралык деңгээлдеги 38, жалпы 100дөн ашуун иш-чаралар өткөрүлүп, ноябрь айында Ош шаары «Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» эстафетасын өткөрүп берди.

Санариптештирүү жылынын алкагында Ош шаарында IT тармагындагы адистерди даярдоочу IT-мектеп ачылып, ишке киргизилди. Жарандар үчүн «Онлайн кайрылуу картасы» иштеп жатат.

Билим берүү тармагында электрондук кезек, электрондук күндөлүк, электрондук олимпиада, коопсуз мектеп, коопсуз бала бакча долбоорлору ишке киргизилген.

Электрондук саламаттык сактоо программасынын алкагында бейтаптаптарды тейлөөдө калкты каттоонун электрондук базасы түзүлүп, шаардагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун бардык филиалдарынын каттоосуна жаңы компьютерлер коюлган.

«Коопсуз шаар» компонентинин II этабын ишке ашыруу үчүн видео байкоо системасын орнотууга шаардагы 35 көчөнүн кесилиштери аныкталып, Кыргыз Республикасынын Маалымат технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитетине берилген. Долбоор 2020-жылы Ош шаарына киргизилиши күтүлүүдө.

Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча шаарда эки калкты тейлөө борборлору, мамлекеттик кызмат көрсөткөн мекеме-ишканаларда «бирдиктүү терезе» принциби ишке киргизилип, иштеп жатат.

Коммуналдык кызматтардын акысын төлөө электрондук системага өткөрүлүп, терминалдын, электрондук капчыктын жардамы менен төлөмдөр жүргүзүлүүдө. Мындан тышкары коомдук транспортторду электрондук билет менен жол акысын төлөө багытын да колго алдык. 

Жасала турган жумуштар өтө көп, алдыга койгон максаттар, аткара турган алгылыктуу иштер алдыда. Быйылкы жетишкендиктер меймандостугу менен өзгөчөлөнгөн Ош шаарынын эли менен биргеликте болуп жаткандыгын айткым келет. Эл тараптан канчалык колдоо болуп турса ошончолук ийгилик, өнүгүү боло берет деп эсептейм. 

-Акыркы жылдары Ош шаарында «Түштүк ЭКСПО» эл аралык көргөзмө-жарманкеси уюштурулуп келүүдө. Бул жарманкенин Ош шаары үчүн мааниси канчалык деңгээлде, ушул тууралуу айтып берсеңиз? 

-Туура белгиледиңиз жыл сайын Ош шаарында «Түштүк ЭКСПО» эл аралык жарманкесин уюштуруу бул жөрөлгөгө айланып баратат. Мындан тышкары достук мамиледе болгон шаарлардын ишкерлери менен катышкан  дагы көптөгөн жарманкелер, бизнес форумдар уюштурулуп жатат. 

Аты аталган иш-чаралар чет өлкөлүк жана Ата Мекендик өндүрүүчүлөргө көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү алып келип жатат деп ишенем. Жарманкелер шаардын потенциалын жогорулатууга, ишкерлердин өнүгүшүнө, инвестицияларды тартууга, башка өлкөлөр, шаарлар менен тыгыз, достук мамилелерин түзүүгө өбөлгө түзмөкчү.

-Ош шаарынын инвестициондук климаты тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Бүгүнкү күндө эл аралык бей өкмөт уюмдары менен биргеликте таза суу, коомдук транспорт, социалдык обьекттерди куруу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана башка тармактардагы долбоорлор ишке ашып келүүдө. Акыркы жылдары Ош шаарында турак жай, кызмат көрсөтүү, өнөр жай, туризм чөйрөсүндө инвестициялык салымдар басымдуулук кылат. Жыл башынан бери шаарда бир топ өнөр жай ишканалары, мейманканалар, кызмат көрсөтүү ишканалары ачылып, социалдык, коммуналдык обьекттер курулуп пайдаланууга берилген. Кытайлык инвесторлор өнөр жай, кызмат көрсөтүү, айыл чарба тармактарына инвестицияларды тартып, шаардын өнүгүүсүнө салым кошуп келүүдө.

Бүгүнкү күндө шаардын жолдорун оңдоо, жол коопсуздугун камсыздоо, өндүрүш, кызмат көрсөтүү ишканаларын түзүү жана башка долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кытай инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жемишин берсе Ош шаарын мындан да гүлдөтүп, өнүктүрүүгө өбөлгө түзүлөт.

-Мэрия тарабынан Ош шаарына сырттан инвестицияларды тартуу иштери кандай жүрүп жатат, инвесторлор үчүн кандай жеңилдиктер каралган

-Кыргыз Республикасында мыйзамдуулуктун негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы түзөт. Анын негизинде инвестициялык ишмердүүлүктү жөнгө салуу боюнча түз же кыйыр таасирин тийгизген укуктук ченемдик актылар кабыл алынган: Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө», «Акционердик коомдор жөнүндө», «Жер казынасы жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө», «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» Мыйзамдары, салык, жер, бажы Кодекстери жана башка укуктук ченемдик актылары.

Кыргыз Республикасы либералдуу принциптерди калыптандыруу менен өлкөдө ишкердикти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүп жатат: көбүрөөк жакшы таасир этүү режими; чет өлкөлүк жана жергиликтүү компаниялар үчүн ишмердүүлүктүн бирдей шарттары; инвестордун эл аралык арбитражга кайрылуу укугу; Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары  инвестицияларды,  мүлк жана маалыматты чыгарып кетүүгө же репатриациялоого кепилдиктер; инвестицияларды экспроприациялоодон коргоого жана инвесторлордун чыгымдарын төлөп берүүгө кепилдиктер; акча операцияларынын эркиндиги; «Кыргыз Республикасындагы инвестициялар тууралуу» мыйзам менен чет өлкөлүк инвесторлордун укуктарын кеңири коргоо; экономиканын бардык секторлоруна кирүү; менчиктештирүүгө, кыргыз компанияларынын акцияларын жана баалуу кагаздарын сатып алууга катышуу; мамлекет менен «Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк тууралуу» мыйзамдын алкагында кеңири кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү, мамлекеттик обьектилерди түзүүдө жана пайдаланууда киреше алууга жана фискалдык преференцияларды берүүгө кепилдиктер; инвестициялардын формасын жана обьектилерин тандоодогу эркиндик ж.б.

Кыргыз Республикасы өлкөгө мыкты инвестиция алып келүү үчүн шарттарды түзүүдө. Өлкө дүйнө жүзүнүн 21 өлкөсү менен кош салык салуу коркунучунан коргоо боюнча эл аралык макулдашууга жана дүйнө жүзүнүн 27 өлкөсү менен чет өлкөлүк инвестицияларды коргоо жана колдоо тууралуу макулдашууларга кол койгон.

Мамлекеттик салык преференциялар каралган: айыл чарба өндүрүүчүлөрү жана айыл чарба чийки заттар жана тейлөө бирикмелери киреше салыгынан бошотулат; өз өндүрүү жана кайра иштетүү азыктарынын айыл чарба азык-чарба азык-түлүгүн өндүрүүчүлөрдүн жеткирүү, беримдери КНСтен бошотулган беримдер болуп саналат; айыл чарба өндүрүүчүлөр сатуудан алынуучу салыкты төлөөдөн бошотулат.

Андан сырткары, бизнес ачкандан кийин фискалдык текшерүүлөргө үч жылга чейин мораторий киргизилген.

Жогоруда аталган мыйзам актыларын жетекчиликке алуу менен Ош шаарынын мэриясы инвестицияларды тартуу үчүн ар түрдүү иш-чараларды уюштуруп жана көмөк көрсөтүп келүүдө: бул багытта ар түрдүү семинарлар, форумдар, тегерек столдор, жарманкелер өткөрүлөт, инвестициялык долбоорлордун каталогдору түзүлүп инвесторлорго сунушталат, боордош шаарлар жана эл аралык уюмдар менен байланыштар жүргүзүлөт. Ошондой эле, Ош шаарынын мэриясы тарабынан өнүгүү программасынын алкагында ар тараптарга ыңгайлуу шарттар түзүлүп келүүдө – бул инфраструктуралык долбоорлорун аткаруу, коммуналдык системасын модернизациялоо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү, системалык коррупциянын таасир этүүсүн азайтуу ж.б.

-Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлгөн демилге «Бир алкак-бир жол» долбоорунда Ош шаарынын стратегиялык орду кандай?

-Бул демилгенин негизги максаты эл аралык кызматташуунун жаңы түрүн түзүү жана аны өнүктүрүү, көп тараптуу аймактар аралык байланышты бекемдөө жана өөрчүтүү болгонуна байланыштуу, Ош шаары өзүнүн салымын кошо тургандыгына ишенебиз. Ош шаары республикалык маанидеги шаар болуп эсептелет жана региондогу транспорт системасында ыңгайлуу жайгашкан, ошондуктан келечекте шаарыбыздын деңгээли терең өсөт деп ишенебиз.

-Ош шаары Кытайдын кайсы шаарлары менен кызматташтык алакасын өнүктүрүп келет, Кытай рыногуна Ош шаарынын кандайдыр бир продукциялары экспортко чыгабы, ушул багытта кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Бүгүнкү күндө Ош шаары Кытай Эл Республикасынын Ланьчжоу, Сиань, Синин, Урумчи, Фошань шаарлары менен кызматташып келет. 

Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин июнь айындагы мамлекеттик визитинде Ош шаары Кытай Эл Республикасынын Хэбэй провинциясынын Шицзячжуан, Гуандун провинциясынын Фошань жана Шэньси провинциясынын Сиань шаарлары менен боордош мамилелерин түзүү боюнча келишимдерге кол коюлган.

Жыл ичинде Кытайдын Гуандун провинциясынын өндүрүш ишканаларынын товарларынын көргөзмөлөрү өткөрүлдү.

2018-жыл ичинде шаардын Кытай Эл Республикасы менен тышкы соода жүгүртүүсү 44 млн. АКШ долларын түзгөн, анын ичинен экспорт 1,3 млн.АКШ долларын түзөт. Ал эми 2019-жылдын 10 айында тышкы соода жүгүртүүсү 152,3 млн. АКШ долларын түздү, анын ичинен экспорт 0,9 млн.АКШ долларын түзөт.

Шаар мөмө-жемиштерди, эт азыктарын, балды жана башка айыл чарба продукциясын экспортко жөнөтөт.

Ош шаары өзүнүн экспорттук потенциалын жогорулатууга шарттарды түзүп келүүдө.

-Быйыл КЭРдин 70 жылдыгы болду. Кытайдын өнүгүү жолу боюнча дагы кыскача өз оюңузду айтып бере аласызбы, кандай жол же ыкма менен ушундай жетишкендиктерге жетише алышты?

-Бул жетишкендиктер биринчиден кытай элинин эмгекчилдигинен, экономиканын ички резервдерин туура колдонуудан, максаттуу саясат жүргүзүүдөн деп эсептеймин.

-Сөз соңу...?

-Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, Ош мамлекеттик университетинде Конфуций кафедрасы ачылып, көптөгөн студенттер Кытайда билим алып жатышат, ошондой эле биздин мекендештер өздөрүнүн бизнесин жүргүзүп жатышат. 

Келечекте билим алып келген жаштар, тажрыйбасын билип келген ишкерлер Кыргызстандын экономикасын жогорулатууга, мамлекеттин өнүгүүсүнө эбегейсиз өзүнүн зор салымын кошуп, алган билимин жана бай тажрыйбасын мекендештери менен бөлүшөт деп ишенем.

Кытай менен Кыргызстанды, анын катарында экинчи борбор шаарын бириктирип, алардын достугуна салым кошуп жаткан сиздерге да ыраазычылык билдирем. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)