WeChat      Избранное

Өзгөн району: туристтердин көбөйүшү, күрүчтүн жаңы сорттору

05/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Өзгөн району: туристтердин көбөйүшү, күрүчтүн жаңы сорттору

Сүрөт маек ээсине таандык

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков жарыя кылган аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү саясатын колдоого алып, аймак жетекчилери менен маанилүү маектерди улантып, бул ирет Өзгөн районунун акими Бактыбек Алайчиевди кепке тарттык. 

-Биз бир нече район башчылары менен маек куруп, региондорду өнүктүрүү жылы тууралуу сураганда бир топ алгылыктуу иштер тууралуу кеп кылышкан. Сиздерде да быйылкы жылы башка жылдарга салыштырмалуу бир топ иштер жүрсө керек?

Эми ток этер жерине токтоло кетсем, ушул жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын жалпы көлөмү 1 миллиард сомго чукул болду. Киреше жагын алсак, мамлекеттик бюджеттин планы да, жергиликтүү бюджеттин планы да ашыгы менен аткарылды. Экономикалык өсүштүн бирден бир маанилүү көрсөткүчү катары, райондогу дотациянын үлүшүнүн кыскарышын айтсак туура болчудай. Былтыркы жыл менен салыштырмалуу ал 7,6 пайызга түштү. Айыл өкмөттөр жергиликтүү бюджеттерден ички жолдорду асфальттоого акча бөлө башташты. Быйылкы жылы жалпы жонунан 9 километр жол асфальтталды. Билим берүү тармагын алсак, 9 ай ичинде 5 мектептин жаңы имараты жана 1 мектептин кошумча имараты пайдаланууга берилди. Ошондой эле 8 жаңы бала бакча кичинекей бөбөктөр үчүн өз эшиктерин ачты. Ушундай эле алгылыктуу иштер саламаттыкты сактоо жаатында да болуп, бир нече айылдарда фельдшердик-акушердик пункттар ачылды.  

-Санариптештирүү маселесине токтолсок. Бүгүнкү күндө райондогу ар бир айылга интернет жеткенби? 

-Бул жаатта, “Кыргызтелеком”  акционердик коому тарабынан баардык айыл өкмөттөрдүн имараттарына чейин заманбап опто-волокондук линиялары тартылды. Ошондой эле 2019-жылдын 1-ноябрына карата райондогу 104 мектептин бардыгы интернет тармагына туташтырылды.

-Айыл өкмөттөрдүн бюджети негизинен кайсы булактардан куралат? Экономиканын кайсы тармагы эң көп салыкты берет? 

-Ар өкмөттүн өзүнүн өзгөчөлүктөрү бар. Мисалы, Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн бюджети негизинен таш кендерин иштетүүдөн, Мырза-Аке, Салам-Алик айыл өкмөттөрүнүн бюджетинде көмүр казуучу ишканалардан түшкөн салыктар бар. Өзгөн шаарында негизинен соода тармагынан, ишкерликтен, өнөр жай продукцияларын чыгаруудан түшөт.  Башка айыл айыл аймактардын бюджети, мисалы, айыл чарба жерлерин иштетүүдөн, чакан ишкерликтен түшкөн салыктардын эсебинен куралат.

Жалпы өнөр жайынын түзүмүндө иштетүү өндүрүштөрүнүн продукциясынын көлөмү 14,4 пайызды, пайдалуу кендерди казуу 57,9 пайызды, электр энергия, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо 23,5,  суу менен камсыздоо, калдыктарды тазалоо жана иштеп чыгуу ишканалар 4,2 пайыздарды түзгөн.

Учурда айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси актуалдуу болууда. Өзгөн районунда айыл чарбанын кайсы тармагы жакшы өнүгүүдө?  

- Районубуздун   калкынын  мал жандыктарынын  саны жылдан-жылга көбөйгөндүгүнө  байланыштуу,  этти  сыртка  экспортко  чыгаруу  жана  жумуш  орун  түзүү  үчүн  мал союучу ишкана  куруу  пландаштырылган болчу.  Пландар акырындап ишке ашууда. Андан сырткары сүт чогултуучу ишкана түзүлдү. Ал эми Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Большевик айылында кайрактагы 5 гектар  жерге жаңы технологиядагы тамчылатып сугаруу ыкмасы менен бак отургузулду. 

Күрүч өндүрүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында 2019-жылы Россия Федерациясынын Краснодар крайынын илимий изилдөө институту менен байланышып, күрүчтүн түшүмдүүлүгү жогору болгон 11 сортунун үрөндөрү алынып келинип, Кароол айыл өкмөтүнө караштуу Сорт сыноо участкасында Көккөзов Адандын жетекчилиги алдында сыноодон өттү. Сыноодон өткөн сорттор Өзгөндүн дыйкандарына эгүүгө мүмкүнчүлүк берип, бул сорттордун орточо түшүмдүүлүгү 80 центнерден - 120 центнерге чейин түшүм жыйноого болот. 

-Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан боюнча 653 айылды ичүүчү таза суу менен 10 жыл эмес, 5 жыл ичинде камсыз кылууну талап кылган. Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу кандай жүрүүдө? 

-Сандардын тили менен айтсак, райондо калк саны 273 миңден ашык киши болсо, анын 83 пайызы таза суу менен камсыз болгон. Калган 23 пайызды да таза суу менен заманбап ыкма менен жеткирүү иштери уланууда. Албетте, баары эле ойдогудай деген болбойт. Мисалы, Кароол айылына сметалык баасы 18 миллион сом болгон суу курулуш иштери учурда долбоор туура эмес түзүлгөндүктөн акыркы жумуштар аягына чыкпай турат. Суу курулуш иштерине эл аралык уюмдардын, фонддордун каражаттары да тартылууда. Мисалы, кытай компаниясы тарабынан Зергер айыл аймагын таза суу менен камсыздоо максатында 6 километр аралыкка суу түтүктөрү тартылып, ага 1,4 миллион сом сарпталды. 

Өкмөт аймактардагы ишкердикти шыктандыруу максатында, жаңы ачылган өндүрүштүк ишканаларды салыктын 4 түрүнөн бошотуу боюнча токтом чыгарган. Ушу токтом ишке ашуудабы? Жыл башынан бери жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылдыбы? 

- Жаңы ачылган өндүрүштүк ишканаларды салыктын 4 түрүнөн бошотуу боюнча токтом жакшы натыйжаларын берүүдө. Өзгөн  районунун аймагында 10 жаңы өнөр жай ишканалары ишке киргизилди. Мисалы, Кароол айыл аймагында 10 миллион сомго таш кесүүчү цех курулуп, пайдаланууга берүү алдында турат. Ошондой эле Өзгөн шаарында жеке ишкерлер тарабынан  3 пластик-эшик терезелерин чыгаруу цехтери ачылды. Кызыл-Октябрь айыл аймагында кыш чыгаруу завод ачылды. Ачылган ишканалардын көбү таш кесүүчү цехтер. 

-  Ишкерлик темасын улай. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан Invest.gov.kg  интернет сайты иштей баштады. Ага ылайык райондук администрациялар дагы сайтка бизнес-долбоорлорду киргизе алат экен. Ушу сайт менен ишти баштадыңыздарбы? 

- Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан ачылган Invest.gov.kg  интернет сайтына катталып, бул багытта иштеше баштады. Азыркы учурда Өзгөн району боюнча маалыматтар киргизилип, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан суралган маалыматтар берилүүдө.

- Эки жыл мурун Зергер айыл аймагынан эл көчүрүлүп,  жаңы чектер, жер тилкелери берилип, өзүнчө айыл болду эле. Бүгүн ошол айылдын жашоо шарты кандай болууда?

- Жалпы жонунан, 2017-жылкы жаратылыш кырсыгынан жабыр тарткан жана кооптуу аймакта жашаганы аныкталган 1 миң 39 үй-бүлөнү Жаман-Адыр, Ана-Кызыл участкаларына отурукташтыруу каралган.

Бүгүнкү күндө, Жаман-Адыр участкасына 715 кожолук көчүп келиш керек болсо, 610 кожолук жер тилкесин алышкан.   Курулуш иштери ар кандай деңгээлде. 

Жалпы жер тилкелерин алышкан 903 кожолуктардын ичинен бүгүнкү күндө 425 кожолук турак үйлөрүнүн пайдубалдарын бүтүргөн, 242 кожолук турак жайларын чатырларын жабышып, анын ичинен 140 кожолук турак үйлөрүнүн шыбактарын бүтүрүшкөн жана 129-у турак жайларын бүтүрүп киришкен.

Бүгүнкү күндө 1039 кожолуктан сырткары райондун аймагында жер тилкеге муктаж 946 кожолук кооптуу аймактарда жашап жаткандыгы аныкталган. Аларды коопсуз жайга отурукташтыруу максатында 198,78 гектар жер аянты такталып, трансформациялоо иштери жүрүп жатат. 

Андан сырткары, 2018-жылдагы кооптуу аймактарда жашап жаткан 1974 кожолуктан 182 кожолук азайып, бүгүнкү күндө кооптуу аймактарда жашап жаткандар 1792 кожолукту түзүүдө. Мамлекеттик жардам жана жер тилкесин алып, бирок көчпөй кооптуу аймактарда жашап жаткан жарандарга 2019-жылдын башынан баштап 885  жеке эскертүүлөр берилди. 

-Райондо белгилүү, кооз жаратылыш шарттары бар. Мисалы, Кара-Шоро жаратылыш паркы. Туризм жагы кандай өнүгүүдө? Тарыхый эстеликтерди көргөнү келген туристтер үчүн кандай шарттар түзүлүүдө?

-Районго келген  туристтердин санын 10 пайызга  көбөйтүү максатын койдук эле. Буюрса, пландарыбыз ишке ашырылып жатат. 2019-жылдын 9 айында Өзгөн районуна келген туристтердин саны 16 миң 158 адамды түзүп,   2018-жылга салыштырмалуу 12 пайызга  көбөйдү. Туристтер негизинен, Кара-Шоро жаратылыш паркына жана Өзгөн архитектуралык-тарыхый комплексине келишүүдө. Эл аралык уюмдардын көмөгү менен Өзгөн архитектуралык-тарыхый комплексин реставрациялоо боюнча долбоорлор иштелүүдө. Азыркы учурда комплекстин күмбөздөрүндө жаан-чачындардан жана башка жаратылыш кубулуштарынан сактоо максатында консервациялоо иштери жүргүзүлдү. Түркия Республикасынын эл аралык кызматташуу агенттигинин көмөгү менен Имам-Аль-Сарахсий тарыхый комплексинин курулушу улантылууда.

-Айтсаңыз, аймакта спорт маселеси кандай коюлган?  Жаштарга спорт менен машыгууга кандай шарттар түзүлгөн?

- Жылдан жылга спорт объектилеринин саны көбөйүүдө. Мисалы, Төрт-Көл айыл аймагынын Ана-Кызыл айылында жеңил конструкциядагы спортзал курулушу бүттү, Жазы айыл аймагынын Кара-Дыйкан айылында спортзал курулууда, ушул эле аймактын Жээренчи айылында спортзал курулушу башталды. Ал эми Кароол айыл аймагынын Шералы айылында бассейн ачылды.

-Аймакта маданият тармагы кандай өнүгүүдө? 

-Районундун маданият тармагында бүгүнкү күндө 296 кызматкер эмгектенип келүүдө. Аймакта жалпысынан 24 маданият үйү, 25 китепкана, 4 балдар музыкалык мектептер өз иштерин алып барышат. Райондун аймагындагы 14 маданий мекемеде калкка эстрада, драма, фольклор, бий, комуз,  ооз комуз, аккордеон боюнча ийримдер уюштурулган. 

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)