WeChat      Избранное

Рима Апасова: «КР Соода-өнөр жай палатасы КЭРдин 12 провинциясы менен тыгыз кызматташтык алакада»

05/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Рима Апасова: «КР Соода-өнөр жай палатасы КЭРдин 12 провинциясы менен тыгыз кызматташтык алакада»

Сүрөт интернеттен алынды

Акыркы жылдары Кыргызстанда ишкерлерди колдоо, инвесторлорго иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүп, ар тараптуу көмөк көрсөтүү өлкөбүздүн башкы максаттарынын бири болууда. Мына, ушул жаатта иш алып барып, ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, өнүгүүгө өбөлгө болгон уюмдардын бири бул КРдин Соода-өнөр жай палатасы. Биз палатанын жүргүзгөн ишмердүүлүгү, Кытай менен болгон кызматташуусу жаатында окурмандарга кенен маалымат берүү максатында аталган мекеменин вице-президенти Рима Апасова менен кызыктуу маек курдук. 

-Рима Тунгучбаевна, алгач КРдин Соода-өнөр жай палатасынын жүргүзгөн ишмердүүлүгү боюнча маалымат бере кетсеңиз?

-Палата тууралуу айта турган болсом, биз мамлекеттик эмес, коммерциялык эмес, коомдук уюм болуп саналабыз. Палатанын негизги ишмердүүлүгү атамекендик жана чет элдик ишкерлер бирикмелеринин өз ара байланышын чыңдоого өбөлгө болуу, мамлекеттик экономиканын ѳнүгүүсүнѳ, Кыргызстандын башка мамлекеттер менен ѳнѳр-жай, илимий-техникалык жана соода байланыштарын кеңейтүүгө  багытталган. 

Палата 1959-жылдын 24-декабрында негизделген. Биздин башкы максат Кыргызстанда ишкерликтин турукталышына, ѳнүгүүсүнѳ жана ишкерликтин кызыкчылыктарынын корголушуна тиешелүү укуктук чѳйрѳнү жана башка шарттарды түзүү болуп саналат. Муну менен катар эле, ар бир ишкерге бизнести өнүктүрүүгө жана эл аралык рынокторго чыгуу үчүн реалдуу жана тең мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жаатында дагы жигердүү иш-аракеттерди аткарып келебиз. 

Биз 50дѳн ашуун чет мамлекеттин Палаталары менен кызматташуу жѳнүндѳ узак мѳѳнѳттүү келишим түзгѳнбүз. Бул келишимдердин негизин маалымат жана коммерциялык сунуштар менен алмашуу, ишкерлердин ѳз ара байланыштарын түзүүгѳ кѳмѳктѳшүү, ишкерлер делегациялары менен алмашуу, эл аралык кѳргѳзмѳ-жарманкелерди уюштуруу жана башка кызматтарды көрсөтүү түзөт. 

Республиканын бардык аймактарында Палатанын расмий ѳкүлчүлүктѳрү бар, ушундай жол аркылуу өлкөнүн бардык аймактарындагы ишкерлерге зарыл кызматтарды өз убагында көрсөтө алабыз десем жаңылышпайм. Буга кошумча кыргызстандык ѳндүрүүчүлѳрдүн экспорттук мүмкүнчүлүктѳрүн илгерилетүү, ишкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, бизнести жүргүзүүгѳ кѳмѳк кѳрсѳтүү багыттарындагы аракеттер, иш-чаралар жана башка бизнес үчүн маанилүү маселелер боюнча дагы маалыматтарды берип келебиз. 

Ушуну менен бирге Палата ѳлкѳдѳгү кичи жана орто бизнестин ѳнүгүүсүнѳ түрткү берүүгѳ ѳзгѳчѳ кѳңүл бурат, себеби аталган сектор улуттук экономиканын ѳнүгүшүндѳ негизги орунду ээлейт, бул – биринчиден мамлекеттин социалдык фондуна жана бюджетине түшкѳн тѳлѳмдѳр, экинчиден калкты жумуш орундары менен камсыздоо иштери. Ишкерлерге кѳрсѳткѳн жардам катары, алгач ишкерликти жүргүзүүдѳ зарыл болгон инфраструктураны түзүү, мыйзам базасын ѳркүндѳтүү, экономиканын реалдуу секторуна зарыл кадрлардын квалификациясын жогорулатуу дагы болуп саналат. 

Азыркы заманда алып жаткан же жѳнѳтүүгѳ арналган товарларды, жүктѳрдү, чийки заттарды (сырье) же болбосо жабдууларды ѳз убагында экспертизадан ѳткѳрүү керектѳѳчүлѳрдүн дагы, ташуучулардын, жүктѳрдү ала турган жактардын дагы кызыкчылыктарынын корголушунун кепилдиги болуп саналат. Ошондуктан, биз товардын сапаты жана мөөнөтү боюнча дагы экспертизадан өткөрүп, тиешелүү сертификат менен дагы камсыз кылабыз. Зарыл болгондорго юридикалык жактан дагы кеңеш беребиз. Мына, жалпысынан ушул багытта иштеп келе жатабыз.

-Палатага караштуу Эл аралык бейтарап соту тууралуу дагы айтып берсеңиз?

-Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасына караштуу Эл аралык бейтарап соту Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлиги тарабынан 2002-жылдын сентябрында расмий катталууга алынып ар дайым иштѳѳчү арбитраж катары таанылган. Учурда Палатанын эл аралык бейтарап соту – кѳз карандысыз, айкын иш алып барган жана бизнес чѳйрѳсүндѳгү экономикалык талаш маселелерин кѳз карандысыз профессионалдык арбитрлердин жардамы аркылуу сапаттуу жана тез арада чечүүчү орган болуп калды. Анын башкы максаты–экономикалык талаштарды арбитраж жана башка альтернативдүү ыкмалар менен калыс жана адилеттүү чечүүнү камсыз кылуу болуп саналат.                                                    

Учурда Палатанын бейтарап сотун 187 арбитр түзѳт. Арбитрлер жеке гана Кыргызстандан эмес, 20дан ашуун чет мамлекеттерден дагы шайланган. Бул кадам дагы кандайдыр бир жаңжалдуу иштин ар тараптуу каралып, калыс жана туура чечим кабыл алынуусуна көмөкчү болоору шексиз. Арбитрлердин тизмесине юристтер гана эмес, экономикалык, финансылык жана бизнес тармагында иш алып барган профессионалдуу адистер кирет. Ишкерлерлердин укуктары бузулуп, өз ара түшүнбөөчүлүктөрү жаралган учурда ушул бейтарап сотуна кайрылышса болот. 

Мындан сырткары, медиация мыйзамы дагы абдан маанилүү. Мыйзам Кыргыз Республикасында талаштарды жөнгө салуу боюнча медиацияны колдонуу үчүн укуктук негиздерди түзүү, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого көмөк көрсөтүү, өнөктөштүктүн иштиктүү мамилелерин өнүктүрүү, иштиктүү карым-катыш этикасын калыптандыруу, социалдык мамилелерди шайкештөө максатында иштелип чыккан. 

Жакында эле, бизнес-акыйкатчы структурасы дагы өз ишмердүүлүгүн баштады. Анын башына Кыргызстандагы Улуу Британиянын мурунку элчиси Робин Орд турду. Бул дагы кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртууга, чет өлкөлүк жана жергиликтүү ишкерлердин кызыкчылыктарын коргоого барандуу салымын кошмокчу. 

-Палатага мүчө болгон компаниялар менен иштешүү ишенимдүү кадам деп айтууга болобу?

-100дөн 80 пайыз иштешүүгө болот десем жаңылышпайм. Анткени, компаниялар бизге мүчө болуу үчүн дагы бир катар талаптарга жооп берүүсү абзел. Мисалы, бизде «Ишенимдүү ѳнѳктѳштѳр» Реестри бар. Иштин илгерилѳѳсү үчүн жана иш жүргүзүүдѳ ѳнѳктѳштѳр менен тыгыз байланышты түзүүдѳ жана кеңейтүүдѳ ишкерге ишенимдүү кепилдеме (рекомендация) зарыл. Ишканалар «Ишенимдүү ѳнѳктѳштѳр» Реестринде катталгандыгы ишенимдүү кепилдеме болуп бере алат. «Кыргыз Республикасынын Соода-ѳнѳр жай палатасы жѳнүндѳгү» мыйзамынын негизинде Палата Кыргызстандын аймагында иш алып барган, экономикалык жана финансылык абалы туруктуу ишканалардын жана уюмдардын мамлекеттик эмес Реестрин жүргүзѳт.

Атамекендик жана чет элдик компанияларга Кыргызстандагы ишканалардын арасынан ишенимдүү өнөктөш тандоодо объективдүү маалымат берүү үчүн Реестрди жүргүзүүнү туура деп тапканбыз. Буга кирген ишканалар потенциалдуу ѳнѳктѳштѳрдүн экономикалык жана финансылык жагдайы туурасында так маалымат алууга; өзүнүн ишканасын эл аралык рынокто жогору деңгээлде кѳрсѳтүүгѳ мүмкүнчүлүк ала алат. Экономикасы ѳнүккѳн мамлекеттерде ушундай Реестрдин аналогдору чарбалык карым-катнаштарды жѳндѳѳчү жакшы инструмент катары  таанылган. Реестрге каттоого арызды мыйзам чегинде жана рынокто 3 жылдан кем эмес ишкерлик менен алектенген юридикалык жактар бере алат. Оң эксперттик чечим чыккандан кийин Палата арыз ээсин Ишенимдүү ѳнѳктѳш Реестрине каттайт жана тиешелүү үлгүдѳгү күбѳлүк тапшырат. 

-Палата тышкы экономикалык байланыштарды колдоодо кандай жумуштарды алып барат?

-Бул жаатта дагы бир катар кызматтарды көрсөтөбүз. Мисалы, Палатанын мүчѳлѳрүнѳ чет элдик ѳнѳктѳштѳр менен соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарын түзүүгѳ кѳмѳктѳшүү; Кыргызстандын жана чет мамлекеттеринин бизнес чѳйрѳлѳрүнүн ѳкүлдѳрүнүн жолугушууларын, бизнес-форумдарды, конференцияларды, симпозиумдарды жана башка жолугушууларды уюштуруу жана ѳткѳрүү; чет мамлекеттерде ѳтѳ турган кѳргѳзмѳ-жарманкелерге катышууну уюштуруу ж.б. 

Муну менен катар эле, эл аралык уюмдардын долбоорлорун иштеп чыгуу жана аларды ишке ашыруу процессине катышууга кѳмѳктѳшүү, атамекендик жана чет мамлекеттик компаниялар туурасында маалыматтардын бет ачарын Кыргызстанда жана чет мамлекеттерде уюштуруу жана ѳткѳрүү дагы  биздин тышкы байланыштарды чыңдоого көмөкчү болуп келет. Чакан жана орто бизнес ѳкүлдѳрүнѳ товарларды экспортко чыгаруу, аялдардын ишмердүүлүгүн ѳнүктүрүү, чакан жана орто бизнести башкаруу жана башка багыттар боюнча окутуучу семинарларды ѳткѳрүү жаатында да кызмат көрсөтөбүз. Мындан сырткары, сырттан келген ишкерлердин жана компаниялардын суроо-талаптарынын негизинде экономикалык изилдѳѳлѳрдү жүргүзүп, чет элдик капиталдын катышуусу менен бирдиктүү ишканаларды түзүү багытында да иштерди аткарып келебиз.  

-КР Соода-өнөр жай палатасынын Кытай Эл Республикасы менен менен болгон кызматташтык алакасына токтоло кетсеңиз?

-Чындыгында, Кытай менен Кыргызстандын кызматташуу алакалары Кыргызстандын көз карандысыздыгын алгандан баштап жаңы күч, жаңы дем менен жандана баштады десек жаңылышпайбыз. Кытай Кыргызстандын эгемендүүлүгүн тааныган алгачкы мамлекеттердин бири болгон. Мына, ошол мезгилден бери эки коңшу өлкөдө ар тараптуу кызматташуу алакалары ийгиликтүү өнүгүп, байланыштар кеңейүүдө. 

Ишкерлер чөйрөсү дагы алардын катарында. Бардыгыбыз билгендей, 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча инвестициялардын көпчүлүк бөлүгү КЭРден келген. Ошондуктан, биздин палатанын дагы Кытай тарап менен болгон кызматташуусу жигердүү жүзөгө ашууда. Өзгөчө, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган «Бир алкак-бир жол» долбоору дагы бул мамилелердин ар тараптуу өнүгүп-өөрчүүсүнө өбөлгө болууда.

Аталган долбоор бардыгыбыз үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү ачты десем жаңылышпайм. Жеке гана Кытай ишкерлерине Кыргызстанды жакындан таанытууга көмөкчү болбостон, биздин ишкерлерге дагы Кытай рыногуна чыгууга жакшы шарттарды түзүп берүүдө. Кыргызстан үчүн кытай рыногуна кирүү абдан чоң жетишкендик болмок. Аз-аздан болсо дагы биздин продукциялар коңшу мамлекеттин рыногуна кирүүдө. Мисалы, гилас жемиши быйыл Кытайга киргизилди. Мындан сырткары, биздин балга, эт-сүт, жер-жемиш продукцияларына дагы кытай элинде суроо-талап бар. Ушул багытта дагы жакшы иштер жүргүзүлүп жатат. Кытай дагы Кыргызстан аркылуу ЕАЭБдин аймагына чыга алат. Бул дагы коңшу мамлекеттин ишкерлери үчүн жакшы мүмкүнчүлүк. Ошондуктан, эки тараптуу кызматташуулардын келечеги кең деп эсептейм. 

Биздин палата дагы кытай өнөктөштөрүбүз менен тыгыз кызматташтык мамиледебиз. Коңшу мамлекеттин 12 провинциясы менен кызматташуу боюнча меморандумдарыбыз бар. КЭРде болуп жаткан көргөзмө-жарманкелерге дагы катышып, ишкерлерибизди уюштуруп жиберүүгө көмөкчү болуп келебиз. Кытай менен жакындан иш алып барып, иштешүүгө ар дайым даярбыз. «Алыскы туугандан жакынкы коңшу артык» демекчи, жакынкы коңшу өлкөлөр менен достук алакада болуп, кызматташуу бардыгыбыз үчүн пайдалуу жана маанилүү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)