WeChat      Избранное

КЫРГЫЗ СЫЙМЫГЫ-ЭЛИБИЗДИН ТУНГУЧ ГЕЗИТИ «КЫРГЫЗ-ТУУСУ» 95 ЖАШТА

04/12/2019  Источник:оригинал   шрифта:

КЫРГЫЗ СЫЙМЫГЫ-ЭЛИБИЗДИН ТУНГУЧ ГЕЗИТИ «КЫРГЫЗ-ТУУСУ» 95 ЖАШТА

Сїрєт редакцияга таандык

95 жыл. Бул жылдар аралыгы канчалаган суулар агып, кыргыз тарыхында канчалаган маанилїї бурулуштар болуп, канчалаган жашоо багыттары єзгєрїлдї. Мына ушундай урунттуу учурларды чагылдырып, кыргыз деп кан-жаны менен кїйгєн чыгаандардын эмгектерин басып чыгарып, элге-жерге кїч-кубат берген макалаларды жарыялаган гезит бул «Кыргыз-Туусу» болгон.

Ушул бир кылымга тете жол баскан кыргыздын туўгуч гезити 22-ноябрь кїнї єзїнїн мааракесин салтанаттуу белгиледи. Иш-чарага бїтїндєй республика боюнча єкїлдєр келип, гезиттин чет элдик жана жергиликтїї єнєктєштєрї, Кыргызстандагы элчиликтердин кызматкерлери, кыргыздын мыкты журналисттери, єкмєт єкїлдєрї дагы келип катышышты.

Маараке жогорку деўгээлде єткєрїлїп, «Кыргыз-Туусу» жеке гана куттуктоолорду кабыл албастан, кадырлуу меймандарды мааракелик медаль менен дагы сыйлап, жыл мыктыларына єз белектерин тапшырышты. Ар бир куттуктоочу єз сєзїндє «Кыргыз-Туусунун» басып єткєн жолуна сереп салып, бул гезит алардын жашоосуна кандай таасир тийгизип, эмгек жолунда кандай орун ээлегендигине токтолуп жатышты. Салтанат концерттик программа менен коштолуп, элибиздин атактуу ырчылары катышуучуларга мыкты маанай тартуулашты.

Чындыгында, бул маараке достук, кандайдыр бир єзгєчє жылуулук сезим ичинде єтїп, кєптєн бери жолуга элек достордун чер жазыша сїйлєшїп, єтмїштєрїн эскерїїгє тїзїлгєн мыкты мїмкїнчїлїк болуп берди десек эч жаўылышпайбыз. Биздей болуп, жаўы гана журналистикага кадам таштагандар їчїн абдан кызыктуу, пайдалуу, їлгї боло турган иш-чара болду.

Эркинбек Чодуев, КРдин Айыл чарба, тамак-аш єнєр жайы жана мелиорация министри:

«ГЕЗИТ КЫРГЫЗ ЖУРНАЛИСТТЕРИНИН КАЙМАГЫ БОЛГОН ЧЫГАРМАЧЫЛ ТОБУНУН АРТЫ МЕНЕН УШУНДАЙ КАДЫР-БАРККА ЭЭ БОЛУП, КЫРГЫЗ

ЭЛИНИН СЫЙМЫГЫНА ТАТЫП ОТУРАТ»

-Бїгїн биз кыргыз журналистикасынын сыймыгы болгон гезиттин бир кылымга тете салтанатында отурабыз. Ошондуктан, КРдин Айыл чарба, тамак-аш єнєр жайы жана мелиорация министрлигинин жалпы жамаатынын жана жеке єзїмдїн атымдан «Кыргыз-Туусун» чын жїрєктєн куттуктайм. Чындыгын айтканда, азыркы мезгилде рынок шартында гезит абдан кєп, электрондук маалымат баракчалары дагы арбын. Бирок, «Кыргыз-Туусу» гезити маалымат айдыўында ээлеген орду, чыгармачыл жамаатынын жигердїї эмгегигинин арты менен бардыгыбызга белгилїї. Бул гезит кыргыз журналисттеринин каймагы болгон чыгармачыл тобунун арты менен ушундай кадыр-баркка ээ болуп, кыргыз элинин сыймыгына татып отурат. Бардыгыбыз гезит менен єсїп, тарбияландык десек да болот. Дагы бир жолу гезиттин жалпы жамаатын 95 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Ар дайым калемиўиздер курчуй берсин. Ден соолукта болуп, ой-максаттарыўыздар ишке ашсын!

Таалайбек Темирбеков, «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары:

«БАРДЫГЫБЫЗ «КЫРГЫЗ-ТУУСУНУН» КАНАТЫНАН УЧУП ЧЫККАНБЫЗ»

-Бїгїн мына «Кыргыз-Туусу» гезитинин 95 жылдык мааракесин белгилеп жатабыз. Бул кыргыздын №1-гезити катары жалпы республикага таанымал. 1924-жылдын 7-ноябрында уюштурулуп, ушул гезиттин чыккан кїнї биздин Кыргыз улуттук басма сєзїнїн майрамы катары дагы белгиленип келет. Бардыгыбыз «Кыргыз-Туусунун» канатынан учуп чыкканбыз.

Мен дагы ушул гезитте алгачкы жолу журналисттик эмгек жолумду баштагам. Ал жерде, кабарчы, улук кабарчы, «Пропаганда жана агитация» бєлїмїнїн башчысы, партиялык уюмдун катчысы болуп иштедим. Кийин, башкы редактордун орун басары болуп эмгектендим. Андан соў, «Эркин-Тоого» башкы редактор болуп которулуп кеттим. Ошондуктан, «Кыргыз-Туусу» менин жашоом менен тыгыз байланышкан. Гезитте жалпысынан 14 жыл иштедим.

Мына, бїгїн ушул 95 жылдык майрамга республиканын бардык аймагынан куттуктаганы єкїлдєр келиптир. Демек, бул жалпы республикага таанымал, кадыр-барктуу мезгилдїї басма сєздєрїбїздїн бири болуп саналат. Жалпы мамлекеттин, єкмєттїн идеологиясын элге жеткирип жаткан негизги басылма катары дагы баалуу. Ошондуктан, «Кыргыз-Туусунун» орду єзгєчє.

Ал бардык мезгилдїї басма сєз кызматтары менен кызматташып, иштешип келе жатат. Мисалы їчїн, сиздердин гезит «Жибек жолу. Маданий єнїгїї» редакциясы менен тыгыз кызматташтык алакада. Кытайда болуп жаткан окуяларды, єзгєрїїлєрдї жакшы маанайда жеткирип, Кыргызстанды дагы кытай элине таанытууда мыкты иштерди аткарууда. Бул кызматташтыктын келечеги кеў. Анткени, ушундай байланыштар аркылуу эки єлкєнїн ортосундагы достук алакалар чыўдалат, кызматташуулар єнїгєт. Бул жагдайда басма сєздїн орду барандуу. Тажрыйба алмашып, бир-бирибизди жакындан таанып, иштешсек бул келечекке жакшы кызмат кылат деп эсептейм.

«Бир алкак-бир жол» демилгеси Кытай Эл Республикасынын Тєрагасы Си Цзиньпин тарабынан 2013-жылы демилгеленип чыккандыгы бардыгыбызга белгилїї. Бул абдан чоў перспективдїї долбоор болуп саналат. Ал жалаў эле Кыргызстан Кытайга тиешелїї эмес, жалпы Жибек жолунун аймагында жайгашкан мамлекеттер їчїн дагы келечектїї долбоор. Аны жїзєгє ашырууда элге жайылтууда, толук кандуу маалымат берїїдє басма сєздїн ролу абдан чоў.

Биздин гезит дагы сиздер менен кызматташтык алакада. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык, саясий, маданий-гуманитардык байланыштарды чагылдырган материалдардын бардыгы ушул долбоордун келечекте ишке ашуусуна єбєлгє болуп бермекчи.

Эрнис Балбаков, «Кыргыз-Туусу» гезитинин директору-башкы редактору:

«ЖЫЛДАН-ЖЫЛГА КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙДЫН КЫЗМАТТАШТЫК АЛАКАЛАРЫ ДАГЫ ЧЫЎДАЛУУДА»

-Бїгїн биз биздин сїйїктїї гезитибиз «Кыргыз-Туусунун» 95 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул кыргыздардын эў алгачкы, узак жолду басып єткєн гезити болуп саналат. 1924-жылы 14-октябрда Кара-Кыргыз автономдуу облусу тїзїлгєн. Мына, ушул кыргыздардын тарыхындагы маанилїї бурулуштан кєп єтпєй эле, тактап айтканда 7-ноябрда биринчи жолу «Эркин-Тоо» аталышындагы кыргыз гезити басылып чыккан. Бул гезитте кыргыздын улуу жазуучулары, белгилїї калемгерлери жазышкан.

Учурдагы, заманбап адабий кыргыз тили дал ушул биздин гезитте калыптанып, єнїккєн. Ошол кезден бери, гезит єзїнїн аталышын бир нече жолу єзгєрткєн. «Кызыл Кыргызстан», «Советтик Кыргызстан», ал эми мамлекетибиздин эгемендїїлїгїнєн кийин биздин гезит «Кыргыз-Туусу» деп аталып келїїдє. Гезит жалпы республика боюнча таратылат. Ар жума сайын 10 000ден ашуун нуска менен чыгат. Негизги окурмандарыбыз интеллигенция єкїлдєрї.

Биз дагы эл аралык мамилелерибизди чыўдап, кызматташууларды єнїктїрїп келїїдєбїз. Алардын арасында, сиздердин гезит «Жибек жолу. Маданий єнїгїї» («Шелковый путь. Культурное развитие») гезити менен дагы тыгыз алакада кызматташып келе жатабыз. Бул эки тараптуу байланыш ийгиликтїї жїзєгє ашууда. Кытай Эл Республикасынын кїчтїїлїгїн, єтє тездик менен ар тараптуу єнїгїп жаткандыгын билебиз. Жылдан-жылга Кыргызстан менен Кытайдын кызматташтык алакалары дагы чыўдалууда. Коўшу мамлекет бардык тармактарда єз жардамын берип келїїдє. Биз дагы республикалык гезит катары, сиздер менен тыгыз кызматташабыз.

Кытай тууралуу абдан кызыктуу материалдар чыгып жатат. Биздин окурмандар дагы ушундай материалдарга жакшы ой-пикирлерин калтырышууда. Чындыгында, «Жибек жолу. Маданий єнїгїї» гезитинин макалалары тажатма эмес, так жана тастыкталган, кандайдыр бир образдарды мыкты ачып берген материалдар дагы кєп кездешет. Кыргызстандык окурмандарды Синьцзян аймагы, кытайлык кыргыздардын жашоо-турмушу дагы абдан кызыктырат. Ушул жааттагы макалалар дагы эл тарабынан жакшы кабыл алынууда. Алдыда, дагы биздин алакаларыбыз чыўдалып, кызматташтык мамилелерибиз єнїгє берет деп ишенем.

Нарынкїл Назаралиева,  «Кыргыз-Туусу» гезитинин Экономика бєлїмїнїн башчысы:

«КЫЗМАТТАШУУБУЗДУН АЛГАЧКЫ ЖЫЛЫ АБДАН ИЙГИЛИКТЇЇ БОЛДУ»

-Бир жылдан ашуун «Кыргыз-Туусу» менен «Жибек жолу. Маданий єнїгїї» гезити тыгыз кызматташып келїїдє. Биздин гезитке чыккан макалаларды окурмандарыбыз абдан жакшы кабыл алууда.

Мисалы, єткєндє Кытайдын чек арасын кайтарган Бурмакан Молдо тууралуу чыгарган макала да окурмандарыбызга жакшы таасир калтырып, эл арасына кеўири жайылды. Бурмакан апа карып калса дагы, канча жылдан бери атасынын айткан аманатын аткарып, ємїр бою Кытайдын чек арасын жеке демилгеси менен кайтарып келгени, Кытай Эл Республикасына ак кызмат єтєгєнї абдан таасир этїїчї, їлгї боло турган окуя болду. Кыргызстан дагы мындай мекенчил айымдарынан куру эмес. Кыргызстандын чек арасын кайтарып, ал жактан кєчїп кетпей жашаган дагы апа бар эле.  Мына, ушундай жєнєкєй адамдардын кызыктуу окуялары бардыгыбызга сабак болоору шексиз.

Чындыгында, Бурмакан апанын алган сыйлыгына биз абдан сыймыктандык. Ушул бир кыргыз аял єзїнїн мекенин ушунчалык сїйїп, канчалаган таш бетине «Кытай» деп жазып, канчалалан жерди жєє басып кайтарып, чек арачыларга жардам бергени єзгєчє таасир калтырууда.

Мындан сырткары, кыргыз студенттеринин Кытай жергесиндеги  жашоо-турмуштары, жетишкендиктери жєнїндєгї материалдар дагы окурмандарыбызды дагы абдан кызыктырат. Кызматташуубуздун алгачкы жылы ийгиликтїї болду. Дагы да болсо, ушул єўїттє иш алып бара бермекчибиз.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)