WeChat      Избранное

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн АКШ долларын түздү

19/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн АКШ долларын түздү

Сүрөт интернеттен алынды

2019-жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын экспортунун көлөмү 1 млрд 356, 5 млн АКШ долларын түздү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Учурда ата мекендик товарлар дүйнөдөгү 87 өлкөгө экспорттолууда. Негизинен булар Көз карандысыз мамлекеттер шериктештиги, Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ), Европа биримдиги (ЭБ), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна (БДСУ) мүчө-өлкөлөр сындуу биримдиктер боюнча өнөктөш-өлкөлөр.

Учурда республика товардык номенклатуралардын 100дөн ашык тобун экспорттойт. Негизинен айыл чарба продукциялары экспорттолот. 2019-жылдын 9 айында 51,2 млн АКШ долларына 91750,0 тонна жашылча экспорттолгон. Мисалы: төө буурчак 30 мамлекетке экспорттолуп, анын жалпы салмагы 52 616,0 тоннаны түздү.

Сүт азыктары 20 031 тонна көлөмүндө Казакстан Республикасына жана Россия Федерациясына экспорттолууда. Дүйнөнүн бир канча мамлкети кыргыз балын сатып алууда. Ушул жылдын январь айынан августка чейин 300 тонна асел экспорттолду. Мындан тышкары биздин өлкө Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө эт азыктарын ташый баштады.

2019-жылдын 9 айында ЕАЭБ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүнүн көлөмү 2 млрд АКШ долларга жетти, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда бир аз төмөн. Муну менен бирге ЕАЭБ өлкөлөрүнө жана жалпы эле импорттун төмөндөшү байкалууда. Эгерде 2018-жылдын январынан августуна чейин импорт 3,5 млрд АКШ долларын түзсө, үстүбүздөгү жылдын ушул мезгилинде 3 млрд АКШ долларынан көбүрөөк.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)