WeChat      Избранное

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды

28/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын ЖККУга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарында өткөн Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында Кыргыз Республикасынын Уюмга төрагалыгынын жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу КР Президентинин басма сөз кызматы кабарлады.

«Кризистик жооп кайтаруу борборун укуктук тариздөө аягына чыгарылды. Аскерий, аскерий-экономикалык жана аскерий-техникалык кызматташуу чөйрөсүндө коюлган максаттарды жүзөгө ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар жасалды. Бир катар ири машыгуулар, анын ичинде Россия Федерациясында алгачкы ирет „Эшелон“ атайын машыгуулары өткөрүлдү. Тажикстанда „Бузулбас боордоштук“ жана Россияда „Өз ара иш-аракет“ биргелешкен машыгуулары өткөрүлдү», — деп баса белгиледи Кыргызстан Президенти.

Сооронбай Жээнбеков натыйжада ЖККУга мүчө мамлекеттердин Куралдуу күчтөрүнүн иш-аракеттери шайкеш болушуна жетишилгенин жана алардын күжүрмөн даярдыгы жогорулаганын белгиледи. ЖККУнун коргонуу дараметин жогорулатуу жана аскерий кызматташууну өркүндөтүү боюнча активдүү иш жүргүзүлгөнүн баса белгиледи.

«Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү маселеси да дайыма көңүл борборунда болду. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн “Эдельвейс” полигонунда “Гром” тактикалык-атайын машыгуулары өткөрүлдү», — деп баса белгиледи ал.

Кыргызстан Президенти ошондой эле башка эл аралык жана регионалдык түзүмдөр менен кызматташтыктын кеңейип жатканын да белгиледи.

«Ушул жылдын июль айында БУУнун Башкы Ассамблеясында “БУУ менен ЖККУнун ортосундагы кызматташтык жөнүндө” резолюция кабыл алынган. Маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын террорчулук жана экстремисттик максаттарда пайдаланылышын аныктоо, анын алдын

алуу жана ага бөгөт коюу маселелери боюнча ыкчам өз ара иштешүү уланууда. Уюмубуздун алкагында жалпы антитеррорчулук мейкиндикти калыптандыруу боюнча милдеттер аткарылууда», — деп баса белгиледи ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков жалпысынан Уюмга төрагалык кылган мезгил ичинде алдыга коюлган пландар ийгиликтүү ишке ашканын белгиледи.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)