Президент Сооронбай Жээнбеков: “Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири”
Сүрөт интернеттен алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 7-ноябрда, журналисттер жана басма сөз кызматкерлерин Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекет башчы өз кайрылуусунда маалымат — коомдук турмуштун ажырагыс бөлүгү экендигин айтып, коомдун ачыктыгын, мамлекеттик чечимдердин айкындыгын, жарандарыбыздын объективдүү маалыматка болгон муктаждыгын камсыз кылууда маалымат каражаттарынын ролу эбегейсиз жогорулаганын дагы баса белгилеп кетти.
КР Президенти Сооронбай Жээнбеков: “Урматтуу журналисттер жана басма сөз кызматкерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маалымат жана басма сөз күнү менен куттуктайм!
Сиздер өлкөбүздүн өнүгүүсүнө өз салымыңарды кошуп жатасыңар. Кыргыз журналистикасына артылган милдетти ишенимдүү аткарып келесиздер. Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири. Эркиндик жоопкерчиликти жана калыстыкты талап кылат.
Мамлекеттеги окуяларды чагылдырууда объективдүү жана ар тараптуу болууну каалайм. Өлкөбүздөгү туруктуулукту, тынчтыкты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоо — ар бирибиздин ыйык парзыбыз. Сиздердин мекенчилдик позицияңыздарга, жогорку чыгармачыл дарамет менен жасаган ишиңиздерге ыраазылык билдирем.
Сиздерге бекем ден соолук, бакубатчылык, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!”-деп, сөзүн жыйынтыктады
Рекомендация
- 1Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) кезектеги жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир нече документке кол коюлду
- 2«Электрондук нотариусту» толук кандуу киргизүү үчүн Өкмөттүн буйругу менен КРдин Юстиция министрлигине 7,3 млн сом бөлүнгөн
- 3Президент Сооронбай Жээнбеков: “Сөз эркиндиги — өлкөбүздүн негизги жетишкендиктеринин бири”
- 4КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: «Кыргыз Республикасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду иш жүзүнө ашырууга жигердүү а
- 5Турдакун Усубалиевге 100 жыл