WeChat      Избранное

Өнөктөштүк медиаконференциясы-заман менен бирге кадам таштоо учурдун талабы

11/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Өнөктөштүк медиаконференциясы-заман менен бирге кадам таштоо учурдун талабы

Иш-чаранын жүрүшүнөн бир көз ирмем. 

Сүрөт редакцияга тиешелүү

31-октябрь күнү Бишкек шаарында Маалымат жана басма сөз күнүнө карата, жыл сайын өтүүчү Экинчи Өнөктөштүк медиаконференциясы болуп өттү. Бул иш-чара медиарынокту топтоо жана аны натыйжалуу чечүү жолдорун табуу үчүн маалымат тармагынын 200дөн ашуун өкүлдөрүн бир арага чогултту. 

Өнөктөштүк медиаконференциясы ЕККУнун Бишкек шаарындагы Программалык кеңсесинин колдоосунун алдында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулду. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын пресс-катчылары, ММКлардын, медианын, эл аралык уюмдардын кызматкерлери, Кыргызстандын ЖОЖдорунун журналистика факультеттеринин окутуучулары, студенттери жана бул багытка кызыкдар болгон тараптар катышышты. 

Иш-чаранын алкагында пленардык сессиялар өткөрүлүп, күн тартибинде турган маселелер талкууланды. Медиаконференциянын катышуучулары, Кыргызстандагы жогорку технологиялык маалыматтык мамлекет болушуна кабыл алынып жаткан кадамдарды, мамлекеттик заманбап мультимедиалык борборлорду түзүү, шайлоо процесси жана шайлоолордо ММКлардын катышуусун, ошондой эле киберэкстремизмге каршы иш-аракеттердин механизмдерин жана маалыматтык коопсуздугун камсыздоону талкуулашты. 

Спикерлер учурдагы чакырыктарды эске алуу менен заманбап журналистиканын көйгөйлөрүн ачып көрсөтүп, жалпы медиаиндустриянын өнүгүү перспективалары жөнүндө айтып беришти. Ошондой эле иш-чарада акчалай сыйлык үчүн иштеп, кандайдыр бир аныкталган багытта коомдук пикирди түзүү менен алектенген интернет-колдонуучулардын уюшкан топторунун иш-аракеттерин ачыктап көрсөткөн “Троллдордун фабрикасы” аталышындагы бет ачаар сунушталды. Мындан сырткары, спикерлерди ММКларды өнүктүрүү чөйрөсүндө жаңы технологияларды киргизүү тууралуу кенен маалымат беришти. 

КРдин Маданият, маалымат, жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбеков конференцияны ачып жатып, жалпы ММКлардын кызматкерлерин келе жаткан “Маалымат жана басма сөз күнү” кесиптик майрамы менен куттуктап өттү. Ал: “Бул өнөктөштөрдүн медиаконференциясы алгачкы жолу уюштурулуп жаткан жок. Дагы да болсо ушул багытта өнүктүрө берсек деген ниетибиз бар. Ошондуктан, бүгүнкү иш-чараны уюштурган Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин жамаатына ыраазычылык билдирүү менен аны колдоп берген бир катар уюмдарга дагы рахматыбызды айтмакчыбыз.” –деп, сөзүн жыйынтыктады. 

Чыңгыз Эсенгулов, КРдин өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы: “Акыркы күндөрү “фейк ньюс” аттуу дагы тенденция ортого көп чыгууда”

-Алгач, бардык кесиптештеримди алдыда келе жаткан майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ушул иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин атынан салам жолдойм. Жогоруда белгиленгендей, бул конференция биринчи жолу болгон жок, буюрса бул тенденция уланып, кийин медиа тармагы менен мамлекеттик органдардын ортосундагы жакшы байланыш көпүрө болуп берет деп эсептейбиз. Ушул иш-чараны уюштурган бардык тараптарга ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз. 

Чындыгында, конференциянын мааниси абдан зор. Бул жакта медиа тармагына байланыштуу бардык көйгөйлүү маселелер талкууланып, аларды чечүү жолдору каралып, замандын талабына ылайык сунуштар айтылып, жакшы бир жыйынтыктарды берет деп ишенебиз.

Акыркы күндөрү “фейк ньюс” аттуу дагы тенденция ортого көп чыгууда. Мына, ушул жерде отурган медиа өкүлдөрү дагы ушул аталган тенденцияга көңүл буруп, угармандардын, көрүүчүлөрдүн, окурмандардын алдындагы жоопкерчиликти сезип так жана тастыкталган маалыматтарга таянып, анын туура нускасына көңүл буруп иш алып барууңуздарды өтүнөм. 

Бул көйгөйгө көңүл буруп, туура жолго салууга көмөкчү болосуздар деп ишенем. Сөзүмдүн соңунда, иш-чаранын бардык катышуучуларына ийгилик каалайм.

Калыйбек Акматов, КРдин Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитететинин Долбоорлорду жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн жетекчиси: “Кыргызстан-жогорку технологиялык мамлекет” 

-Учурдан пайдаланып, бүгүнкү күнү Кыргызстанда ишке ашып жаткан санариптештирүү боюнча толук маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берип жаткан бул иш-чаранын уюштуруучуларына ыраазычылык билдирмекчимин. Себеби, бул жаатта жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлорду калктын калың катмарына жеткирүү абдан маанилүү. 

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен “Санариптүү Кыргызстан” аталышындагы концепция иштелип чыгып, кабыл алынган. Ошондой эле, КРдин Өкмөтү тарабынан “Санариптүү Кыргызстан жол картасы” кабыл алынган болчу. 

Учурда, Кыргызстандын калкынын саны 6.2 миллионго чукулдап калды. Уюлдук байланыш менен колдонуучулардын саны дагы арабызда абдан көп. Алардын 2 жарым миллиону интернет колдонуучулар. Ошондой эле, активдүү колдонуучулардын саны 2 миллионго жакын. Бул жеке сектордо. 

Ал эми, мамлекетте болсо, 2016-жылдан бери “Түндүк тутуму” ишке киргизилип, азыркы кезде жалпысынан ушул тутумга 62 мекеме, анын ичинен 34 мамлекеттик жана 8 жеке  мекеме активдүү катышып, маалымат алмашып келишет. Азыркы 363 электрондук сервис ишке киргизилип, эки жылдын ичинде 9 жарым миллионго жакын маалымат алмашуу жүргөн. Бирок, “Түндүк тутумуна” кошулган мекемелер бир-бири менен гана маалымат алмашпай, ошол тутумга кирген активдүү каржы сектору менен катар жарандардын дагы кошулуусуна мүмкүнчүлүк түзүлүп жатат.

Учурда, жалпысынан жарандарыбызга маалымкаттын 11 түрү менен камсыз кылуу ишке ашырылган. Жылдын аягына чейин алардын санын 18ге жеткирүүнү пландаштырып жатабыз. Мисалы, жеке ишкерлер мамлекеттик сатып алууларга катышканда мурунку технология менен салык кызматына барып же болбосо Социалдык фондго барып маалымкатты алып, сатып алуулар департаментине жетишүүсү зарыл эле. Азыр болсо, бул кызматтар электрондук түрдө өздөрүнүн жеке кабинеттери аркылуу порталдан эле камсыз кылынат. 

Дагы бир маанилүү кызмат бул жөлөк пул төлөмдөрүн жарандарыбызга берүү. Мурун жарандарыбыз бул жөлөк пул кызматын колдонуу үчүн бир катар мамлекеттик мекемелерге барып, маалымкаттарды чогултууга мажбур болушса, бүгүнкү күнү бул дагы электрондук вариантка өтүп, тиешелүү мекеменин кызматкерлери түз эле ошол жактан керектүү маалымкаттарды ала алышат. Коопсуз шаар боюнча дагы бир катар иштер аткарылууда.

Ратбек Турусбеков, ИИМдин Киберэкстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн жетекчиси, милициянын полковниги: “Учурдун башкы көйгөйү-бул массалык маалымат каражаттарында, интернет аркылуу такталбаган маалыматтардын эл арасына жайылуусу”

-Азыркы убакта социалдык тармактарда экстремизм тууралуу материалдардын таркап жатканы бардыгыбызга белгилүү. Биздин бөлүмдүн башкы максаты аларды тактоо, таралуусуна бөгөт коюу. Интернет тармагында экстремизм менен бирге эле, улуттар аралык, аймактар аралык чагымчылдыкка чакырган маалыматтардын үстүнөн иш алып барабыз. Биздин бөлүм 2011-жылдан баштап түзүлгөн. Азыркы убакта ушул жааттагы жумуштарды аткарып келүүдө. 

Учурдун башкы көйгөйү бул массалык маалымат каражаттарында, интернет аркылуу такталбаган маалыматтардын эл арасына жайылуусу. Терроризм, экстремизм бүтүндөй дүйнө жүзүндөгү көйгөйлүү маселелердин бири. Акыркы убактарда сиздерге маалым болгондой, интернет тармагында дагы көп үгүттөөлөр, чакыруулар болууда. Бул иштердин үстүнөн дагы тиешелүү аракеттер көрүлүүдө. Бирок, бул иштерди канааттандырарлык же болбосо жогорку деңгээлде деп баалоого али эрте. Анткени, бул жаат боюнча жаңы мыйзамдарды дагы иштеп чыгуу заман талабы. Интернет доорунда бул багытта аткарыла турган иштер абдан көп. Ошондуктан, ММКлар менен биргеликте кызматташып, маалыматтарды такташып иштешүү учурдун талабы. 

Бул жаатта кандайдыр бир суроолор болсо, биздин кызматкерлер менен байланышып, маалыматтарды тактап аласыздар деп үмүттөнөм. Биргеликте кызматташып иштешүүбүз абзел. 

Салкын Сарногоева, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин директору: “Медиа борболорду ачуу заман талабы”

-Бардыгыңыздарга белгилүү болгондой биздин департамент мамлекеттик маалымат саясатын иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштейт. Белгилүү болгондой 52ден ашуун аймактык ММКлар бар. Чындыгында, бул жаатта реформалар керек. Биздин изилдөөбүз боюнча аймактык басма сөз тармагынын өнүгүүсү, чындыгында начар. Интернет заманында, маалымат өтө тез тарап жаткан учурда, аймактык басылмалар артта калууда. Бардыгыбыз билгендей, ар бир райондук гезитте 8ден гана кызматкер иш алып барат. Алардын үчөө журналист болсо, калгандары техникалык ж.б. кызматтарды аркалашат. Ал эми, облустукта - 15 киши иштейт. 

Реформа жүргүзүлгөнгө чейин аймактарда бул багытта 600дөй киши иштесе, реформадан кийин 110дон ашуун кызматкер кыскартылат. Эч кимдин укугу тебеленбейт. Бардыгына айлык акы төлөнүп берилет. Ал эми, чыгармачыл адамдарга медиа борборлордо иштөө сунушталат. Ал жакта бардыгы комплекстүү түрдө иш алып барат. Сайт, социалдык баракчалар, телевидение жана гезит басылмалары. 

Мындай иш алып баруу замандын талабы. Мындай жол менен айлык акы дагы көбөймөкчү. Медиа борборлор мурункудай чоң бир имараттарды талап кылбайт. Аймактарды кыдырып, иштөө үчүн журналисттерге бардык ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү. Маалымат жер-жеринен алынат. Учурда бул багытта жигердүү иш-аракеттер көрүлүүдө. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)