WeChat      Избранное

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

20/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин вице-премьер-министрлеринин жана ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисяндын катышуусунда Москва шаарында өткөн (Россия Федерациясы) Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышты. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибине ички рыноктун иштөөсү, миграция, бажылык жөнгө салуу, техникалык жөндөө, баа түзүү, өнөр жай, соода тармагында жана өз ара соодада техникалык тоскоолдуктарды четтетүү боюнча кызматташуу, санариптештирүү, эл аралык ишмердүүлүк, ошондой эле евразиялык экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтер боюнча маселелердин кеңири курамы киргизилген.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын демилгеси менен күн тартибине ЕАЭБ Өнүктүрүү институтун түзүү, жеке жактар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына карата бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн Кыргыз Республикасы үчүн узартуу, Евразия экономикалык биримдигинин бажы өткөрмө пункттарында үч ирет көзөмөл жүргүзүү жана башка маселелер киргизилди.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир нече документ кабыл алынды, анын ичинде:

- Атыр жана жыпар жыттуу сууларга, шиналарга жана пневматикалык резина дөңгөлөктөргө, фотокамераларга (кинокамерадан башка), фото жарыктарга жана жарык шамдарга, жеңил өнөр жай продукцияларынын айрым позицияларына идентификациялоо каражаттары аркылуу милдеттүү түрдө маркалоо киргизүү жөнүндө;

- Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентинин талаптарына жооп бербеген продукциялар тууралуу маалымдоо тутумун түзүү боюнча пилоттук долбоорду мындан ары карай ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө;

- Евразия экономикалык биримдигинин техникалык регламентинин иштеп чыгуу планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.

Евразия экономикалык биримдиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы Макулдашууга Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу Бүткүл дүйнөлүк соода уюмундагы Кыргыз Республикасынын тарифтик милдеттемелерин кайра карап чыгуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышуу үчүн сүйлөшүү делегациясынын курамын өзгөртүү ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү тарабынан жактырылды.

Кыргыз Республикасы үчүн жарандар аркылуу жеке пайдаланууга ташылып келген унаа каражаттарына карата бажы алымдарынын коюмунун мөөнөтүн узартуу демилгесин кароонун жыйынтыгы боюнча бул маселени ЕЭК Кеңешинин мүчөлөрү колдогон жок.

ЕЭК Кеңешинин жыйынынын күн тартибине киргизилген маселелердин көптүгүнө байланыштуу айрым маселелерди кароого бөлүнгөн убакыт жетпей, көрсөтүлгөн маселелер ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйынына жылдырылды. Анын ичинде Евразия экономикалык биримдигинин бажы өткөрмө пункттарында үч ирет көзөмөл жүргүзүү, ЕАЭБ Өнүктүрүү институтун түзүү маселелери бар.

Жыйындын соңунда Кеңештин мүчөлөрү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин 2019-жылдын 19-декабрында Санкт-Петербург шаарында өтө турган жыйынынын күн тартибин жактырышты.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)