WeChat      Избранное

«Электрондук нотариусту» толук кандуу киргизүү үчүн Өкмөттүн буйругу менен КРдин Юстиция министрлигине 7,3 млн сом бөлүнгөн

11/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

«Электрондук нотариусту» толук кандуу киргизүү үчүн Өкмөттүн буйругу менен КРдин Юстиция министрлигине 7,3 млн сом бөлүнгөн

Сүрөт интернеттен алынды

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасын ишке киргизүү «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» Санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картанын» иш-чараларынын алкагында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КРдин Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

«Электрондук нотариус» маалыматтык системасы иштин ачыктыгын арттырууга, коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга, нотариустардын жүктөмүн азайтууга, алардын ишинин сапатын жогорулатууга, адамдык фактордун таасирин четтетүүгө багытталган.

Учурда жарандар жана уюмдар нотариустук, айрыкча коммерциялык кыймылсыз мүлктү сатып алууга же сатууга байланыштуу кызматтарды пайдаланууда ыңгайсыздыктарды сезишет. Ар кандай агенттиктерден алынган зарыл документтерди бергенден кийин алар кыймылсыз мүлктүн актуалдуу макамы тууралуу расмий маалымат алуу үчүн нотариустук кеңселер мамлекеттик каттоо бюросу менен байланышканча күтүшү керек. Баскычтуу аткарылган транзакциялардын санынын көптүгүнө байланыштуу, кардардын жана сатуучунун ортосунда нотариус аркылуу таризделүүчү келишимдерди жүргүзүү кыйла көп убакытты талап кылат.

Электрондук нотариус модели нотариустардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. «Электрондук нотариус» нотариустук иш-аракеттерди жүргүзүү убактысын, үзгүлтүккө учуроолордун санын жана тыныгууларды кыскартып, процесстин сапатын жакшыртып, маалыматтык тутумду активдүү колдонуунун негизинде нотариустук аракеттердин заманбап түрүн түзөт.

«Электрондук нотариус» МС нотариустарга кайрылган учурда жарандардын жана уюмдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо деңгээлин жогорулатат.

Натыйжада «Электрондук нотариус» МС Кыргыз Республикасынын башка маалыматтык системалары менен интеграцияны камсыз кылат.

«Электрондук нотариусту» толук кандуу киргизүү үчүн Өкмөттүн буйругу менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине 7,3 млн сом бөлүнгөн.

20-сентябрдан 20-октябрга чейин Бишкек шаарында тесттик режимде ишке киргизилген. Учурда толук кандуу жана комплекстүү иштөөсү үчүн системаны тууралоо жүрүп жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)