WeChat      Избранное

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: «Кыргыз Республикасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду иш жүзүнө ашырууга жигердүү а

05/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: «Кыргыз Республикасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду иш жүзүнө ашырууга жигердүү а

Сүрөт интернеттен алынды

«Кыргыз Республикасы «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу боюнча долбоорду иш жүзүнө ашырууга жигердүү аракеттерди көрмөкчү» - деп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Ташкент шаарында (Өзбекстан Республикасы) өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин (ШКУ ӨБК) кезектеги жыйынында айтты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Өкмөт башчы өз сөзүндө: «Кандай гана интеграциялык уюм болбосун анын негизинде өлкөнүн, инвестициянын жана бизнестин экономикалык кызыкчылыктары турат. Муну эске алуу менен, үстүбүздөгү жылдын майында Бишкек шаарында Уюмга мүчө бардык мамлекеттердин алдынкы бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өттү.

Мындай форумдарда инвестициялык кызматташууну илгерилетүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу иш жүзүндө колдонулат деп ишенем. Бул тууралуу биздин өлкөнүн экономикасындагы инвестициялык агымдардын саны жана фактылары айтып турат.

ШКУ алкагында биз жарандарыбызды руханий жана маданий байытууга зор маани беребиз. Биз экономикалык көрсөткүчтөрдүн аркасына түшүп алып, адамдык баалуулуктар, маданий, искусство жана спорт элибизди өнүктүрүүнүн эң маанилүү факторлору экендигин унутуп калбоого тийишпиз. Бул жерде биздин өлкөлөрдүн жана элибиздин тарыхы миң жылдыктар бою бир нече ирет кайчылашып өткөнүн, өз ара байып жана жалпы тамырга ээ экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет. Улуу Жибек Жолу мында ачык мисалы катары боло алат.

Маданий-гуманитардык иш-чаралар, анын ичинде ШКУ Аялдар форуму жана башка жолугушуулар мындай алакалардын башталышы гана деп эсептейм.

ШКУ – бул мазмуну терең уюм. Уюмда төрагалык кылган Кыргыз Республикасы дүйнөлүк коомчулуктун алдында уюмдун аброюн жана маанисин жогорулатуу үчүн бардык күч-аракетин жумшады.

Өзүңүздөр билгендей, үстүбүздөгү жылдын июнунда Бишкек шаарында ШКУ Мамлекет башчыларынын кеңешинин 18-жыйыны өтүп, анда тыкыр иштерди талап кылган маанилүү документтерге кол коюлду.

Бизнес жана ишкерлик – бул экономиканын ШКУнун алкагында кыйла активдүү өнүгүп жаткан тармактары.

ШКУнун Ишкерлер кеңешинин алкагында алгылыктуу иштер жасалууда, анын негизги күчтөрү өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашыруудагы ШКУнун диалогу боюнча мүчө-өлкөлөрдөгү ишкерлерге, байкоочуларга жана өнөктөштөргө жардам берүүгө багытталган.

2001-жылы Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмуна кирүү чечимин кабыл алуу менен уюмдун бардык мүчөлөрү сыяктуу эле өзүнө зор жоопкерчиликти алган. Уюмдун кадыр-баркын бардык күч менен чыңдоо жана арттыруу – Кыргыз Республикасы бүгүн өзүнө алынган бул милдеттемелерди бекем карманат. Биздин жолугушуу дүйнөлүк экономиканын жана жалпы дүйнө коомчулугунун өнүгүүсүнүн оңой эмес шарттарында өтүп жатат. Биз бардык күчүбүздү бириктиргенде гана кыйынчылыктарды жеңип, көздөгөн максаттарыбызга жете алабыз. Шанхай кызматташтык уюму дүйнөдөгү тынчтыктын жана туруктуулуктун ишенимдүү символу болуп калат деп терең ишенем»-деп сөзүн жыйынтыктады.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)