WeChat      Избранное

Сары-Өзөндүн алдыңкысы Сокулук

12/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Сары-Өзөндүн алдыңкысы Сокулук

Фото WWW

Салтка айланган аймак жетекчилери менен болгон маекти улап, бул ирет Кыргызстандагы өндүрүш жагында да, айыл чарба жагында да сап башында келе жаткан аймак – Сокулук районунун акими Асылбек Сатывалдиевди кепке тарттык. 

- Асылбек Владимирович, эң алгач салттуу сурообуз - район аймагында президент Сооронбай Жээнбековдун Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жөнүндө жарлыгы кандай ишке ашууда? Ушу тууралуу кенен айтып берсеңиз?

- Эми, тартипке ылайык биринчи кезекте жарлыкты аткаруу максатында өз деңгээлибизде тийиштүү буйруктарды чыгарып, райондун 2019-жылга карата өнүктүрүү боюнча иш-аракеттер планын бекиттик. Ага ылайык, жалпы суммасы 1 миллиард 61 миллион сомду түзгөн 17 ири долбоор каралган.  Пландарда каралган иш-чаралардын басымдуу бөлүгү билим берүү менен көрктөндүрүү жаатын өнүктүрүүгө багытталган. Долбоорлорго токтоло кетсем, өнөр-жай боюнча жалпы суммасы 522 миллион сомго барабар болгон 4 долбоор ишке ашууда. Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча 98 миллион сомго 12 долбоор, айыл чарба багыты боюнча 946 миң сомго 4 долбоор, инфратүзүмдү жакшыртуу боюнча 310 миң сомго 3 долбоор ишке ашууда. Өзүңүз билгендей, бизде социалдык, турак-жай коммуналдык чарба жаатка да чоң маани берилет. Мисалы, жыл башынан бери жолдорду оңдоо боюнча 34 миллион сомго 17 долбоор жүзөгө ашырылууда. Район боюнча дээрлик 10 миллион сомго жарыктандыруу боюнча 9 долбоор ишке ашууда. Жогоруда айтып кеткендей, эң көп иш-чаралар билим берүү жаатында болууда. Мисалга алсак, эл агартууну жакшыртуу үчүн 40 миллион сомго 79 долбоор жүзөгө ашырылууда. Жалпы эле баардык жаатта өнүгүүгө багытталган иштер жүрүүдө. Ошол эле ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча жалпы суммасы 184 миллион сом болгон 12 долбоор бар. Калгандарын тизмектеп берсем, социалдык тармак боюнча 4 миллион сомго 11 долбоор, саламаттыкты сактоо боюнча 5 миллион сомго 16 долбоор, маданият жана спорт боюнча 7 миллион сомго 17 долбоор, көрктөндүрүү боюнча 20 миллион сомго 36 долбоор ишке ашууда. 

- Санариптештирүү программасын ишке ашыруу үчүн, биринчи кезекте ар бир айылга чейин интернет тармагын жеткизиш керек. Эми Сокулук району борбор менен чектеш болгондуктан, интернет менен камсыздоо маселеси жаралбаса керек?  

- Туура айтасыз. Ар бир айылда интернет бар. Билим берүүнү санариптештирүү боюнча айта кетсем, райондо 46 мектеп болсо, анын баары интернет менен камсыздалган. 

- Айыл өкмөттөрдүн бюджети негизинен кайсы булактардан куралат? Экономиканын кайсы тармагы эң көп салыкты берет? 

- Түрлөрү бир топ эле. Бул негизинен жер салыгынан, айыл чарба жерлеринин мамлекетик фондусундагы  жерлеринин ижара акысынан, калкты тейлөөдөн (таштандыларды чыгаруу), жайыт жерлерин колдонуудан түшкөн салык, калктуу конуштардагы жерлерди колдонуудан түшкөн салык, автоунаа салыгынан, милдеттүү жана ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан куралат. Район агрардык жана өнөр-жай өндүрүштөрүнө багытталгандыктан, айыл өкмөттөрүнүн бюджетинин негизги бөлүгүн ири өнөр-жай ишканалардан түшкөн салык болуп эсептелинет. 

- Район аймагындагы эң бай айыл өкмөт тууралуу айтып берсеңиз? Ал айыл өкмөт кайсы экономикалык булактын негизинде өнүгүүдө? 

- Экономикалык жактан кубаттуу деп Новопавловка, Крупская айыл аймактары жана Шопоков шаарын айтсак болот. Себеби, алардын аймагында эң көп өнөр-жай ишканалары жайгашкан. Мисалга алсак, Новопавловка айыл аймагында бут кийим чыгаруучу “Империал групп компани” ишканасы, консерваланган азыктарды өндүрүүчү “Прод Импэкс” ишканасы, “Новопавловские колбаски” жана башка чакан, орто бир топ ишканалар жайгашып, жергиликтүү бюджетке олуттуу салым кошууда. Ал эми Крупская атындагы айыл аймагында белгилүү “Аю” заводу, тоок этин жана жумуртка өндүрүүчү “Ак-Куу” фабрикасы, суусундуктарды чыгаруучу “Артезиан” заводу бар. Ал эми Шопоков шаарында кант чыгаруучу “Кошой” заводу, “Ата ЛТД” кондитердик азыктар ишканасы,  самын жана жуугуч заттарды чыгаруучу “Деташ ЛТД”, суусундуктарды чыгаруучу “Голден Дринкс” заводу, бетон чыгарган ишкана жана башка ишканалар иш алып барууда. 

- Сиз жетектеген аймакта дотациялык айылдар барбы? Алардын дотациядан чыгаруу үчүн кандай чаралар көрүлүүдө?

- Райондо 12 айыл өкмөтү дотацияда турат. Мисалы, быйыл 9 ай ичинде республикалык бюджеттен алынга дотациянын суммасы 26 миллион 269 миң сомду түздү. Дотациядан чыгаруу үчүн жергиликтүү бюджеттин негизги булагы болгон жер салыгын кайра кароо керек. Анан албетте чакан жана орто ишканаларды ачуу үчүн инвестицияларды тартуу боюнча иш жүрүүдө. 

- Учурда айыл чарба продукциясын экспорттоо маселеси актуалдуу болууда. Сокулук районунда айыл чарбанын кайсы тармагы жакшы өнүгүүдө?  

- Шопоков шаарындагы “Кошой” ачык акционердик коому көп жылдан бери иштебей турган. Анан 2016-жылы өкмөттүн токтому менен заводду ишке киргизүү кабыл алынып, 2017-жылдын 1-октябрынан баштап завод толук кандуу ишке киргизилген. Ал үчүн оңдоп-түзөө иштерине эле Россия-Кыргыз фонду тарабынан бөлүнүп берилген $10 миллион акча каражаты жумшалган. Жыйынтыгы болуп дыйкандар өстүргөн кант кызылчаларын кабыл ала баштады. Бүгүнкү күндө ишкана 2700-3000 тонна кызылчаны кайра иштетүүгө даяр болуп калды. Учурда  район  боюнча  иштеп  жаткан  кайра  иштетүүчү  ишканалардын  саны-63. Район  боюнча 2019–жылдын 9-айында жаңы  2  кайра  иштетүүчү ишканалар ачылган.  Россиялык  компания  менен  сүйлөшүүлөр  жүрүп  жатат, алар  Жаңы-Жер  айылына чакан  логистикалык  борборду куруп,  мектептерди  тамак  азыктары  менен  камсыз кылмакчы.

- Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан боюнча 653 айылды ичүүчү таза суу менен 10 жыл эмес, 5 жыл ичинде камсыз кылууну талап кылган. Район борбор калаа менен чектеш, бирок ошого карабай таза суу тартыш болгон айылдар да болушу керек? Таза суу маселеси кандай чечилүүдө? 

- Жалпы район боюнча суу түтүктөрүнүн узундугу 829 километрди түзөт. Алар ар кайсы ведомстволорго, айыл өкмөттөргө, суу колдонуучулар бирикмелерине караштуу. Жалпы жонунан айтсам, калк таза суу менен 88,5 пайызга камсыз болгон. Бул жерден чет элдик кайрымдуулук фонддорунун салымдарын айтып кетпесем болбос. Мисалы, Жаңы-Пахта айылынан Мирное айылына чейин 1 километр суу түтүкчөлөрүн “Ас-Салам” фонду тартып берген. Ал эми Гавриловка айыл аймагына караштуу Шалта айылында “Ас-Сафа” кайрымдуулук фонду 750 миң сомго суу чыгарып, бир скважина жана 450 жаңы суу түтүгүн өткөрүп берген. Ушул эле фонд, Атбашы айыл аймагындагы Лесное айылына суу топтоочу мунарасынын айланасын 870 миң сомго тосуп берген. Негизинен суу маселеси бар ар бир айылда иштер жүрүүдө. Мисалы, жогоруда айтылган Новопавловка айыл аймагында 2019-жылга калкты таза суу менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бюджеттен 14 миллион сом каралган. Ак-Жол айылында болсо быйыл Чүй өнүктүрүү фонду тарабынан 1 миллион 300 миң сомго суу топтоочу мунарасы жана резурвуар капиталдык ремонттон өттү. Ал эми Атбашы айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен Манас айылына 1 миллион 200 миң сом сарпталган. Мисалы, Күнтуу айыл аймагында АРИС программасынын алкагында “Ала-Тоо булагы” долбоору менен Күнтуу, Шалта айылдарында баардык суу ситемасы реабилитация болууда жана 70 пайыз  жумушу бүттү. Бүгүнкү күндө оңдоо иштери жүрүп жатат. Тендердин жалпы суммасы 110 миллион сомду түзөт.

Ошондой эле Асылбаш айыл аймагын таза суу менен камсыздандыруу үчүн 2015-жылы республиканын бюджетинен 25  миллион сом бөлүнүп, 2016-жылы 5 миллион, 2017-жылы 10 миллион, 2018-жылы дагы 5 миллион сом бөлүнүп берилген. Калган 5 миллион сом болсо 2019-жылы бөлүнүп берилип, бүгүнкү күндө оңдоп түзөө иштери бүттү. Ошону менен бирге, баардыгы ойдогудай дегенге да болбойт. Мисалы, Романовка айылында 2015-жылы суу коргонунда оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн, бирок бүгүнкү күнгө чейин бул айыл аймагында таза суу жок, акча жоктугунан суу түтүктөрүндөгү жаракалар оңдолбой келет. Ушу сыяктуу кырдаал Гавриловка айылында да орун алган. Калктуу пункт борбордон 20 километр аралыкта жайгашканына карабастан, бир нече жылдан бери таза суу жок, оңдоп-түзөө үчүн 37 миллион сом керектелет. 

- Өкмөт аймактардагы ишкердикти шыктандыруу максатында, жаңы ачылган өндүрүштүк ишканаларды салыктын 4 түрүнөн бошотуу боюнча токтом чыгарган. Ушу токтом ишке ашуудабы? Жыл башынан бери жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылдыбы? 

- Жыл башынан бери ишке киргизилген ишканаларды айта кетсем, Шопоков шаарында “Ак-Кайын” кагаз фабрикасы ишке берилип, 30 жумушчу оруну түзүлдү. Ушул эле шаарда, 46 миллион сомго жаңы өндүрүштүк цех ишке берилип, 25 жумуш орду түзүлдү. 78 миллион сомго шире чыгаруучу завод курулуп, 10 адам иш орду менен камсыз болгон. Жалпы жолунан айтсак, быйылкы жылдын 9 ай ичинде райондо 28 объект курулуп ишке берилди. Ал эми аймакта үстүбүздөгү жылдын 1 октябрына карата 2 миң 75 чакан жана орто ишкана катталган. Анын ичинен иштеп жатканы 702. Алар 9 ай ичинде жалпысынан 1 миллиарлд 350 миллион сомдук өндүрүм иштеп чыгышкан. Былтыркы жылдын ушул маалы менен салыштырсак өндүрүм 22 миллион сомго аз. 

- Ишкерлик темасын улай. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан Invest.gov.kg  интернет сайты иштей баштады. Ага ылайык райондук администрациялар дагы сайтка бизнес-долбоорлорду киргизе алат экен. Ушу сайт менен ишти баштадыңыздарбы?

- Бул жаатта бизде  бүгүнкү күндө инвестициялык бизнес-долбоорлорду, инфраструктуралык долбоорлорду жана өнүктүрүү программаларын кароочу атайын жумушчу топ түзүлгөн. 3 долбоор жактырылып, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына жөнөтүлгөн. Алар: “Крупская атындагы айыл өкмөтүнүн аймагында таштанды кайра иштетүүчү завод куруу”, Сокулук суу түтүктөрүн жана суу мунарасын реабилитациялоо”, “Ак-Куу канаттуулар фабрикасынын алдында органикалык жер семирткичтерди чыгаруу” боюнча долбоорлор каралган.

- Айтсаңыз, аймакта спорт маселеси кандай коюлган?  Жаштарга спорт менен машыгууга кандай шарттар түзүлгөн?

- Бүгүнкү күндө райондо  1 ипподром,  3 спорттук комплекс, 3 стадион, 18 спорттук залдар,  28 футбол талаасы, 6 кичи футбол талаасы, 1 балдардын жана өспүрүмдөрдүн  спорттук мектептери иштейт. Бул жаатта жеке ишкерлердин салымы да чоң болууда. Мисалы, Гавриловка айыл аймагынын Гавриловка айылында  жеке ишкер тарабынан  каржыланган жалпы суммасы $28 миң түзгөн  кичи футбол аянтчасы ишке берилди.

Ат-Башы айыл аймагынын Ак-Жол айылында болсо  жалпы суммасы 80 миң сомду түзгөн ашар ыкмасы менен волейболдук аянтча курулду. Негизи эле чет четинен көптөгөн айыл шаарларда спорт объектилери курулууда. Басымдуу бөлүгүн футбол аянтчалары түзүүдө. Себеби, өзүңүз деле түшүнүп турсаңыз керек, спорттун бул түрү биз эле эмес, дүйнөдөгү эң популярдуу оюн десек болот. 

- Район көп улуттуу аймак, мындай жагдай,  маданият тармагынын өнүгүшүнө  кандай таасир берет экен? 

- Бизди кубандырган нерсе, маданият тармагы элет жеринде такыр эле каралбай калгандай таасир калтырганы менен, маданият жааты аз да болсо өз нугу менен жүрүүдө. Материалдык-техникалык жагын алсак, аймак боюнча 50 маданият мекемелер бар. Бул Сокулук районунун маданият үйү, 14 айылдык клуб, 1 борборлоштурулган китепкана, аны менен бирге 29 китепкана филиалдары, Зууракан Кайназарова атындагы музей,  балдар музыкалык мектеби жана бир райондук балдар китепканасы өз иштерин алып барууда. 

Анан, “2019-жылды Региондорду ѳнүктүрүү жана ѳлкѳнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жѳнүндѳ” Жарлыгынын негизинде элет калкынын маданият тармагындагы абалын, элеттеги жаштардын эс алуу шартын жакшыртуу багытында маданият үйлѳрүндө  да алгылыктуу иштер жүргүзүлүүдө. Буга мисал, Асылбаш айыл аймагынын Асылбаш айылында  маданият үйүндө республикалык бюджеттен 6 миллион сомго капиталдык оңдоо жүргүзүлүүдө, Кайназарова атындагы айыл аймагынын Түз айылынын  маданият үйүндө республикалык бюджеттен  жалпы суммасы 4 миллион сомго иш жүргүзүлүудө. Ошондой эле иштер Гавриловка айыл аймагынын  Жангарач айылында да болууда. 

Анан, белгилүү күндөргө карата бийик деңгээлде майрамдык маданий иш-чаралар сөзсүз түрдө уюштурулуп турат. Бул эми 8-март майрамы, Нооруз жана башкалар. Андан сырткары түрлүү маданий кароо-сынактар өтүп турат. 

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)