WeChat      Избранное

Ар дайым бийиктикте жана ишенимдүү колдо-“Кытай Түштүк аба жолдору” сиздер үчүн кызмат кылат

01/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Ар дайым бийиктикте жана ишенимдүү колдо-“Кытай Түштүк аба жолдору” сиздер үчүн кызмат кылат

Сүрөттөр редакцияга таандык

21-октябрь күнү Кытай Эл Республикасынын “Кытай Түштүк аба жолдору” компаниясынын өкүлчүлүгү Бишкек шаарында 2019-жылдын эл аралык аба каттамдарынын презентациясын өткөрүштү. Бул иш-чарага КЭРдин Кыргызстандагы элчисинин Экономика маселелери боюнча кеңешчиси Ли Юе, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев, Кыргызстандын аба кыймылдарын көзөмөлдөө агенттигинин башкы директору Улукбек Рахманов, “Кытай Түштүк аба жолдору” компаниясынын Синьцзян филиалынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чжун Бин катышышты. Мындан сырткары, презентацияда кыргыз-кытай компанияларынын, Конфуций институтунун, туристтик компаниялардын дагы өкүлдөрү болду. 

Компания Бишкек-Үрүмчү аба каттамдарын 1998-жылдан бери жүзөгө ашырып келүүдө. Учурда, бул каттам күн сайын эл кызматында. Ал жеке гана элдерди ташып, мыкты кызмат көрсөтпөстөн, эки өлкөнүн ортосундагы маданий, саясий жана экономикалык жактан тажрыйба алмашууга дагы барандуу салым кошуп, “Асман Жибек жолун” өнүктүрүп келет. Бул иш-чарада компаниянын 2019-2020 – жж. жаңы продукцияларынын бет ачаары болуп, коопсуздук маселелери, аба жолдорунун багыттары жана мобилдик тиркемелер тууралуу акыркы маалыматтар берилди.

Мындан сырткары, бет ачардын соңунда компания тарабынан иш-чаранын бардык катышуучулары үчүн “Бактылуу билет” лотереясы ойнотулду. Чындыгында, болуп өткөн иш-чара жарандык авиациянын администрациясына, авиакомпанияларга, аэропортторго жана туристтик агенттиктерге кызматташуу жаатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө түзүлгөн мыкты аянтча болуп бере алды. 

Компания ушундай кадам аркылуу эки мамлекет ортосундагы маданий карым-катнашты дагы тереңдетип, туристтик байланышты бекемдеп, ортодогу алыстыкты жакындата алды десек эч жаңылышпайбыз. 

Иш-чараны “Кытай Түштүк аба жолдору” компаниясынын Синьцзян филиалынын маркетинг бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Чжун Бин ачып, компания Кытай Эл Республикасындагы алдыңкы 3 компанияга кире тургандыгына токтолуп өттү. 

Ар дайым бийиктикте жана ишенимдүү колдо-“Кытай Түштүк аба жолдору” сиздер үчүн кызмат кылат

Ал: “Кытай Түштүк аба жолдору” Азия боюнча дагы ири компаниялардын катарын толуктап, коопсуздук жана каттамдарынын көптүгү боюнча Кытайда алдыңкы орунда турат. Жүргүнчүлөрдүн бир жылдык агымы жана авиапаркынын көлөмүнө карата дүйнө жүзү боюнча 3-орунду ээлейт. Акыркы жылдары, биздин компания “дүйнөнү бириктирүү жана жаркын жашоону жаратуу” багытында иш алып барып, дүйнөлүк деңгээлдеги аба транспорту ишканасын куруу иштерине жигердүү киришти. 

“Кытай Түштүк аба жолдору” “Бир жол-бир алкак” долбоорун жүзөгө ашыруу жана өнүктүрүүдө дагы активдүү иштерди жүргүзүүдө. Ал Жибек жолунун Экономикалык алкагындагы өлкөлөрдү жана аймактарын бириктирген КЭРдеги негизги авиация компаниясы. “Бир жол-бир алкак” демилгесинин негизинде дүйнөнүн 38 өлкөсүнүн 68 шаарына 172 каттам ачып, жыл сайын 15 миллион жүргүнчүнү ташыйт. 

Былтыркы жылдан бери, Гуанчжоу-Санья-Лондон, Гуанчжоу-Рим, Гуанчжоу-Үрүмчү-Вена сыяктуу бир катар эл аралык каттамдарды дагы ачып, эл аралык кызматташуу алакаларына өз салымын кошту. Муну менен бирге эле, дүйнөгө белгилүү авиация компаниялары (Америка аба жолдору” “Эмират аба жолдору” ж.б.) менен өнөктөштүк алакасын тереңдетип, ар тараптуу өнүктүрүп келүүдө”. –деп, компания тууралуу кенен маалымат берип кетти. 

Ал эми, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык Авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев дагы өз сөзүндө “Кытай Түштүк аба жолдору” авиакомпаниясы Азиядагы бирден-бир күчтүү компания экендигине токтолуп, тейлөө сапаты жана коопсуздук кызматтары жаатында дагы мыкты көрсөткүчтөргө эгедер экендигин айтып өттү. 

Ли Юе, КЭРдин Кыргызстандагы Элчисинин Экономика маселелери боюнча кеңешчиси: “Кыргызстан КЭРдин ишенимдүү өнөктөшү, коңшусу жана жакын досу ”

-Мен бүгүнкү иш-чарага катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Кытай менен Кыргызстан кылымдарды карыткан достук, кызматташтык алакасына эгедер. Кыргызстан КЭРдин ишенимдүү өнөктөшү, коңшусу жана жакын досу болуп саналат. Акыркы жылдары эки мамлекет ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ар тараптуу өнүгүп, саясий, маданий жана соода- экономикалык кызматташуу алакалары чыңдалуунун үстүндө. 

Ал эми, 2019-жылдын июнь айында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз жергесине болгон мамлекеттик сапары дагы буга кошумча импульс берди десек жаңылышпайбыз. Эки жак тең ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк алакасына жаңы күч, жаңы дем берүү менен бирге, “Бир алкак-бир жол” долбоорун дагы куруу үчүн бир катар маанилүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. 

Өткөн жылы Кытай Эл Республикасы Биринчи эл аралык ЭКСПОну ийгиликтүү өткөрүп алды. Быйыл дагы бул жарманке 5-ноябрдан 10-ноябрга чейин өткөрүлмөкчү. Мына, ушундай кадам аркылуу Кытай өкмөтү импорттук товарлардын кытай рыногуна кирүүсүнө гана өбөлгө болбостон, ааламдашуу доорунда эл аралык карым-катнашты бекемдеп, экономикалык, маданий жана туризм тармактарын дагы чыңдоого көмөкчү болууда. 

“Кытай Түштүк аба жолу” компаниясы дүйнөдөгү эң ири авиакомпаниялардын катарын толуктайт. Ал алгачкы жолу 1998-жылы “Үрүмчү-Бишкек” аба каттамын ачкан. Ошол мезгилден бери, коопсуз учуу жана жогорку сапаттагы тейлөө аркылуу өзүнө көптөгөн кардарларды топтой алды. “Бир алкак-бир жол” долбоорун өнүктүрүүдө, Борбордук аймактагы региондор аралык карым-катнашты чыңдоодо дагы зор салым кошуп келүүдө. 

“Кытай Түштүк аба жолдору” компаниясынын жүргүнчүлөрүнө көрсөткөн камкордугу

“Кытай Түштүк аба жолдору” ар дайым өз жүргүнчүлөрүнө кам көрүп, жеңилдиктерди жана кызыктуу кызматтарды сунуштайт. Мисалы, көпчүлүк учурун учак үстүндө өткөргөн жүргүнчүлөр үчүн компаниянын “Бермет клубуна” мүчө болуу сунушталат. Ал жерден ар бир сапары үчүн “миль” бонусуна ээ болот. Жыйынтыгында, чогултулган “мильдерди” учак билетине алмаштырууга, же болбосо компаниянын өнөктөш мейманканаларынын, банктарынын кызматтары менен пайдаланууга, дүкөндөрүнөн товар сатып алууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Албетте, эконом-класс жана бизнес класска жараша дагы бонус алууда айырмачылыктар кездешет. Бул кызматтын эң жакшы жери бонус ээси, аны каалаган адамына дагы белек катары бере алат. 

Коңшу мамлекеттин 23 аэропортунда “Бермет клубунун” мүчөлөрү үчүн атайын тейлөө кызматтары каралган. Мындан сырткары, ар бир айдын 28инде компания ичинде көптөгөн акциялар өткөрүлүп турат. Бекер билеттерди ойнотуу, “мильдерди” эки эсеге көбөйтүү ж.б. у.с. иш-чаралар уюштурулуп турат. Муну менен бирге эле, компаниянын расмий сайтына кирип тамакты алдын-ала тандоого болот. Ал жакта 22 түрдүү тамак-аш каралган. Ал эми, кары адамдарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга дагы бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Компаниянын Кардарларды тейлөө кызматында 9 тилде иш жүргүзүлөт. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)