WeChat      Избранное

Турдакун Усубалиевге 100 жыл

05/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Турдакун Усубалиевге 100 жыл

Сүрөт интернеттен алынды

«Өлкөнүн өнүгүүсүнө күчүн аябастан зор салым кошкон адамдардын коомдогу ардактуу ордун белгилөө, аларга таазим этүү– биздин муундун милдети»-деп, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Турдакун Усубалиевдин 100 жылдыгын өткөрүүнүн алкагында Нарын шаарында уюштурулган иш-чарада айтып өттү. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

«Кыргыз эли, калган башка элдер сындуу өзүнүн үч миң жылдык тарыхында көп нерсени башынан өткөрдү. Өзүнүн өнүгүүсүнүн туу чокусуна жеткен учур да болду, жок болуу коркунучуна кабылган кез дагы болду. Совет доору – биздин тарыхыбызда өзгөчө тилке. Советтер Союзунун башка республикалар менен катар эле курамына кошулуу менен биз чоң пайданы гана таптык. Бул ошол кезде иштеген жетекчилердин зор эмгегинин натыйжасында болду. Айрыкча 60-80-жылдары республиканын өнүгүшүндө Турдакун Усубалиев зор салым кошту. Ал бүт өмүрүн өз элине-жерине кызмат кылууга арнады. Биз муну дайыма эстеп жүрүшүбүз керек. Саясий жана мамлекеттик ишмердин 100 жылдыгын карата өткөрүлүп жаткан иш-чаралар – бул анын эмгегин баалоонун аз гана бөлүгү» – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Турдакун Усубалиев өзүн сөзүнө бекем жана иштин көзүн билген адам катары көрсөттү.

«Анын жетекчилиги алдында республика агрардык-индустриалдык өлкөгө айланган. Тамак-аш жана жеңил өнөр жай, машина куруу, энергетика, курулуш тармактары өнүктү. Дал ушул үчүн Турдакун Усубалиевди өндүрүшчү, башкы аграрий жана курулушчу деп атоого болот. Анын убагында ондогон стратегиялык трассалар салынды, анын ичинде өлкө үчүн олуттуу мааниге ээ Фрунзе-Ош жолу бар. Бул жолдун ачылышы менен гидроэлектрстанциялар курулуп, республика гана эмес, коңшу өлкөлөр дагы жарык жана жылуулук менен камсыз болушту. Мындан тышкары Улуттук хирургиялык борбор, кардиологиялык борбор, бардык облустук жана райондук ооруканалар салынган. Бүгүнкү күндөгү 2265 мектептин 70% анын

учурунда курулган. Биздин борбордук аянтты ак мрамордон жасоо дал ушул инсанга таандык. Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу – чыныгы куруучунун жолу, чыныгы жаратман мамлекеттик ишмердин жолу деп так айта алабыз», – деди ал.

Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, өзүнүн эли жана өлкөсү үчүн жашаган Турдакун Усубалиев сыяктуу адамдар тарыхты түзүшөт.

«Турдакун Усубалиевдин маалында үзөңгүлөш болуп, мамлекеттин өнүгүшү үчүн бирге эмгектенген адамдарды белгилеп кетким келет. Ошол мезгилдин жетекчилеринин ишмердүүлүгүн жайылтууга салым кошкондор – бул Абдыганы Эркебаев, Осмонакун Ибраимов, Аскар Салымбеков. Ушул өңдүү адамдар аркылуу Турдакун Усубалиевдин ысымы «Белгилүү адамдардын өмүрү» аттуу дүйнөлүк сериядагы көркөм биографиялык китепке киргизилди. Мезгил өткөн сайын улам жаңы кырлар, жаңы сырлар ачылат. Турдакун Усубалиевдин өмүр жолу даңкталып, ага арналып, тирүү тарых жазылат деп толук ишенемин», – деп жыйынтыктады Премьер-министр.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)