WeChat      Избранное

Депутат өкмөттөн Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүүнү өтүндү

03/10/2019  Источник:Sputnik   шрифта:

Депутат өкмөттөн Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүүнү өтүндү

Фото WWW

Бакиров өз сөзүндө чемпиондуктун артында эбегейсиз мээнет турарын, машыктыруучу Нурбек Изабековдун жасаган эмгеги ат көтөргүс экенин кошумчалады.

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров күрөш боюнча дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабековго да көңүл буруп, жок дегенде бир бөлмөлүү батир берүү керектигин айтып, өкмөткө кайрылды.

Депутат өкмөттөн Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүүнү өтүндү

"Күлүктү саяпкер таптайт. Балбан кыздарды машыктыруучулар таптайт. Президент Сооронбай Жээнбеков Айсулуу Тыныбековага үч бөлмөлүү батир берип колдоо көрсөттү. Эстафетаны өкмөт алып, кийинки колдоону машыктыруучуга көрсөтүп, жок дегенде бир бөлмөлүү батир берип койсоңуздар чоң колдоо болот. Бул Токиодо өтө турчу Олимпиада алдында чоң стимул болмок. Ошону карап койсоңуздар", — деди ал.

Депутат өкмөттөн Тыныбекованын машыктыруучусуна да батир берүүнү өтүндү

Бакиров өз сөзүндө чемпиондуктун артында эбегейсиз мээнет турарын, машыктыруучу Нурбек Изабековдун жасаган эмгеги ат көтөргүс экенин кошумчалады.

Айсулуу Тыныбекова 20-сентябрда Нур-Султан шаарындагы күрөш түрлөрү боюнча дүйнө чемпионатында алтын байге уткан.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)