WeChat      Избранное

Примберди Дыйканов, аким: “Райондо элге жардам берүүгө белсенген ишкерлер көп”

14/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Примберди Дыйканов, аким: “Райондо элге жардам берүүгө белсенген ишкерлер көп”

Кара-Кулжа районунун акими Примберди Дыйканов

Сүрөт Кара-Кулжа райондук администрациясына таандык 

Президентибиз Сооронбай Жээнбеков жарыялаган аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата элет турмушу тууралуу аймак жетекчилери менен маектер сериясын улай, бул ирет Ош облусунун Кара-Кулжа районунун акими менен кенен маек курдук. Мамлекет башчынын кичи мекени болгон мал киндиктүү райондун бүгүнкү өнүгүүсү тууралуу район акими Примберди Дыйканов айтып берди. 

- Райондун аймагында Президент Сооронбай Жээнбековдун аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жөнүндө Жарлыгы кандай ишке ашууда?

- Бул жаатта дээрлик ар бир айылда алгылыктуу социалдык долбоорлор ишке ашууда. Албетте, буга чейин деле элет жеринде мектептер оңдолуп, бала бакчалар ишке берилип, жолдор оңдолуп дегендей, иш жүрүп келген. Бирок, президентибиз региондорго өзгөчө көңүл бура баштагандан бери, элет жери кадимкидей жандана баштады. Мисалы, жыл башынан бери Кашка-Жол айыл аймагында  эле 23.6 миллион сомго бир топ иштер жасалды. Атап айтканда мектептер оңдолду, суу түкүктөрү тартылды, ички жолдор жарыктандырылды, суу пайдалунуучулар 2.1 миллион сомго трактор алышты, бала-бакчалар оңдолду. Кара-Кочкор айылына республикалык бюджеттин эсебинен 20.4 миллион сом бөлүнүп, айылдын маданият үйүнүн курулушу бүткөрүлүп жатат. Район борборундагы китепкана толук оңдоодон өттү. Маданият темасын улай, айта кетпесем болбос, жаштар арасында кайрымдуулук жышааны аралай баштады. Ушул эле Кара-Кочкор айылында жалгыз бой эне бар эле, 10 жыл мурун мектепти бүтүргөн жаштар акча чогултуп үйүн толук бойдон оңдоп беришти. Дагы бир мисал, Биймырза айылындагы «Ыймандуу келечек» коомдук фондусунун каржылоосу менен Биймырза айылынын аз камсыз болгон, турак жайга муктаж 5 үй-бүлөгө турак жай салынууда, жана ушул эле фонддун каржылоосу менен Биймырза айылынын аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө ар бирине 58 миң сомдук саан уйлар алынып берилди. Ал эми Кара-Кулжа айылдык аймагындагы 1-Май айылынын Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебине «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондусу аркылуу жаңы имараты курулууда.  Кара-Кулжа айылындагы №29-кесиптик лицейдин жанында Кувейт мамлекетинин “Ас-Салам” кайрымдуулук фондусунун каржылоосу менен бала бакча, мечит, медресе, нан бышыруучу цех, жатакана, тигүүчү цехтердин курулушу башталып, имараттардын курулуштары аяктап калды. Бул курулуштарга болжол менен 35  миллион сом каржыланууда. Жыйынтыктап айтканда, жыл башынан бери Кара-Кулжа айыл өкмөтү тарабынан 173 миллион сомдон ашуун иштер республикалык бюджеттен, долбоорлордон, демөөрчүлөрдөн, элдик жамааттардын колдоосу менен жасалган. Жогоруда мен сизге бир-эки гана айыл аймагында жасалып жаткан иштер тууралуу айтып бердим, ушундай иштер дээрлик баардык айыл аймактарында жүрүүдө. 

- Жогоруда сиз тизмектеп кеткен социалдык долбоорлор ишке ашыш үчүн салык жана башка төлөмдөр  түшүүчү экономикалык булактар керек. Райондо экономикалык долбоорлор барбы? 

- Албетте. Мисалы, Кара-Кулжа айылынын тургуну Данияр Максутовдун демилгеси менен 1 миллион сомго заман талабына ылайык, санитардык нормага жооп берген мал союлуучу жай курулуп, 5 киши иш менен камсыз болду. Район борбору болгон Кара-Кулжа айылында Айдарбек Алиев аттуу жеке ишкер 10 миллион сомго мрамор ташты кесип кайра иштетүүчү цех куруп, ишке киргизди. Дагы бир жеке ишкер, 30 миллион сомго Биймырза айылында 200 оорундуу кийим тигүүчү фабриканы куруп жатат. Ошондой эле Капчыгай айыл аймагындагы Сары-Бээ айылында “Капчыгай Тоо Балы” кооперативине БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен 2.5 миллион сомго упаковкалоочу аппарат алынып, жеке ишкер тарабынан имарат толук оңдоодон өттү. Кызыл-Жар аймагынын Күйө-Таш айылына жеке ишкер аркылуу  1.5 миллион сомдук автоунаа тетиктерин оңдоочу устакана ачылды.

- Кыргызстанга гана эмес, маалында Москвага чейин аты чыккан Алайкуу өрөөнүндө абал кандай? 

- Алыстыгына карабай, өрөөн дайым райондун көңүл чордонунда. Быйыл бийик тоолуу өрөөндүн бир нече айылдарынын көчөлөрүнө шагыл төгүлүп, асфальт төшөлдү. Ал эми Көк-Арт айылынын борбордук көчөлөрү жергиликтүү бюджеттин эсебинен 700 миң сомго жарыктандырылды. Жыл башынан бери азыркы маалымат боюнча Алайкуу айыл өкмөтү тарабынан 28 миллион сомдон ашуун каражатка ар кандай булактардын эсебинен бир топ долбоорлор ишке ашты. Мен сизге берген маалыматтан сырткары дагы аткарлыган иштер бар. 

- Санариптештирүү жагына токтоло кетсек. Бүгүнкү күндө райондогу ар бир айылга интернет жеткенби? 

- Районубуздун 12 айылдык аймагынын 52 айылынын баары интернет байланышы менен камсыздалган. Мындан сырткары райондун аймагындагы билим берүү, бала бакчалар, медицина уюмдары (ооруканалар, ҮДТру, ФАПтар) жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик мекеме –уюмдар жана башка социалдык обьектилерге  сапаттуу интернет байланышы туташтырылган.

- Айыл өкмөттөрүнүн бюджети негизинен кайсы булактардан куралат? Экономиканын кайсы тармагы эң көп салыкты берет?

- Айыл өкмөттөрүнүн бюджети эмгек акыдан кармалуучу киреше салыгы экономиканын өсүшүнө эң көп салыкты берет. Болжол менен айтканда райондун аймагында топтолгон салыктын түрлөрүнүн ичинен киреше салыгы жалпы топтолгон салыктардын түрүнөн 70 пайызын түзөт. Андан сырткары айыл чарба багытындагы салыктын түрлөрү, транспорт, ыктыярдуу патент жана башка салыктардан бюджеттин негизги булактары куралат. 

- Учурда жайыт көйгөйлөрү тууралуу көп сөз жүрүүдө, Кара-Кулжада жайыттардын абалы кандай болууда?

- Совет мезгилинен бери район негизинен мал чарба багытында болгондуктан, бул темага кененирээк токтоло кетсем. Бүгүнкү күндө райондо 12 жайыт пайдалануучулар бирикмелери иш алып барышууда. Райондун аймагында жайытка караштуу 317 миң 662 гектар жайыт жери бар. Анын пайдаланган аянты 206 миң 674 гектарды түзөт. Башкача айтканда, жайытка тийиштүү жердин 66 пайызын гана пайдаланып келет.  Алыскы жайыттарга эл барбагандыктан бош турат. Алыскы жайыттарга баруучу жолдорду оңдоп, түзөп пайдаланбай калган жайыттарды  пайдалануу менен жылда чыгуучу жайыттарды жоготууга учуратпай эс алдыруунун үстүндө иш алынып барылып жатат.  

Айыл чарба   министрлигинин «Мал чарбасын жана рынокту өнүктүрүү -2» долбоордун алкагында Кара-Кулжа районундагы жайыт комитеттерине  АРИС программасы аркылуу 28 миллион 482 миң сом, жергиликтүү бюджеттин жана өздүк салымдардын эсебинен  1 миллион 687 миң сом бөлүнүп,  8  айылдык аймакка 8 даана жүк ташуучу, МТЗ 892 бульдозер экскаватор жана  1 даана оор жүк ташуучу  авто унаасы алынып келинди. 

Мындан сырткары алыскы шарты оор Алайкуу, Кызыл-Жар айылдык аймагына 2 даана «МТЗ 82» трактору баардык шаймандары менен алынып келинди. Ошондой эле быйылкы жылы  Кара-Кулжа айылдык аймагына 5миллион 500 миң сомго эгин оруп жыйноочу жаңы комбайн алынды. 

- Жайыттардын инфраструктурасын оңдоо боюнча кандай иштер жүрдү? 

- Былтыр жана быйылкы жыл ичинде 10 даана көпүрө, 6 даана каптаж, 7 даана мал суу ичүүчү жай, 4 даана мал жандыктардын өлүгүн таштоочу «Беккер»  чуңкурлары жана 1 даана көчүп конуп кетүүчү жай курулуп ишке берилди. Мындан сырткары жеке  демөөрчү  тарабынан 7 миллион сомго көп жылдан  бери чечилбей келе жаткан  Тар дарыясына автоунаа өтүүчү көпүрө курулду. Жалпылап айтканда бул жумуштарга 42 миллион сомдой сарпталды.

«Кыргыз Жайыты» аркылуу жайыт жерлерин жакшыртуу, көп жылдык чөп өсүмдүктөрүн үрөндөрүнүн өндүрүп себүү  боюнча 6 айыл өкмөттө 6 үрөнчүлүк фонддор түзүлдү. Бул үрөнчүлүк фонддор таза жана сапаттуу үрөндөрдү өндүрүү менен  жайыт жерлерине көп жылдык чөптөрдүн үрөндөрүн себүүнү уюштурат.     

Айта берсек көп иштер аткарылып жатат.   

- Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан боюнча 653 айылды ичүүчү таза суу менен 10 жыл эмес, 5 жыл ичинде камсыз кылууну талап кылган. Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу кандай жүрүүдө?

- Айта кетсем, райондо элге жардам берүүгө белсенген ишкерлер көп. Мисалы, Кашка-Жол айыл аймагынын Тоготой айылынын МТФ участкасында Ы.Үмөталиев аттуу демөөрчү тарабынан 400 миң сом бөлүнүп, 1200 метр аралыка таза суу түтүгү тартылып ичүүчү суу жеткирилди.  Ушул эле аймактагы Жийде айылына жеке демөөрчүлөр 600 миң сом бөлүп, 1.5 километр суу түтүгүн орнотуп берип, эл таза суу менен камсыз болду. Ошону менен бирге, таза суу менен камсыздоо программасынын алкагында эл аралык коомдук жана кайрымдуулук уюмдарынын колдоосу жакшы тийүүдө. Мисалы, Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги аркылуу 1 миллион сом бөлүнүп, Ылай-Талаа айыл өкмөтүнүн 240 миң сому кошулуп жана жергиликтүү тургундардын 170 миң сомго алынган материалдары менен Сай айылына караштуу Ак-Талаа, Кош-Тектир, Котур-Дөбө участкаларындагы таза суу тутумдары калыбына келтирилип, ар бир кожолукка (120 кожолук) суу эсептегич аркылуу ичүүчү таза суу киргизилди. Ушундай эле Ой-Тал айыл аймагынын Көңдүк айылында да эл аралык уюмдардын жардамы менен 70 үй-бүлө таза суу менен камсыз болгон. Андан сырткары, өкмөттүн 2016-жылдагы №155-токтому менен бекитилген калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2023-жылга чейинки стратегиялык таза суу программасына киргизилип,  бүгүнкү күндө Алайкуу айылдык аймагынын  Көк-Арт айылына, Кара-Гуз айылдык аймагынын Кара-Жыгач, Алтын-Күрөк, Наирдин, Жетим-Дөбө айылдарына, Капчыгай айылдык аймагынын Сары-Бээ айылына жалпысынан 6 айылга Республика бюджеттин эсебинен 51 миллион 448 миң сом бөлүнүп, 2019-жылдын ноябрь, декабрь айларында курулуш иштери аягына чыгат. 

- Мал чарба темасына кайрылсак. Райондо ветеринардык иш кандай коюлган? Заманбап касапканалар курулуудабы, негизи эле мал чарба продукциясынын экспорттук потенциялын айта кетсеңиз...

- Райондун аймагында эпизотиялык абалды туруктуу кармоо боюнча иш аракеттер жүргүзүлүп, малдардын кыймылын көзөмөлдө  жана аларды идентификациялоо, өз учурунда дары дармектер менен камсыз кылуу боюнча бир топ иштер жүрүп келүүдө.

Быйылкы жылы Кара-Кулжа айылында       жеке ишкерлер тарабынан 2 даана мал союучу жай курулуп ишке берилип, алты адам иш менен камсыз болду.   

Мындан сырткары сүт азыктарынан жасалуучу продукцияларды «Алайку Органикс» ишкансы аркылуу экспортко чыгаруу боюнча жумуштар  жүргүзүлүп жатат.  Ал эми  “Капчыгай Тоо балы” кооперативи аркылуу өндүрүлгөн балды жыл сайын 20 тоннадан 60 тоннага чейин Казакстан, Кытай, Россия, Сауд Аравия өлкөлөрүнө экспортко чыгарып келүүдө. 

-Райондо кооптуу аймактар көп, ошого карата жаратылыш кырсыктарына каршы туруу үчүн алдын ала кандай коргонуу иштери жүрүүдө?

-Бул жаатта акыбал төмөндөгүдөй болууда. Быйыл район боюнча 581 турак үй кооптуу аймакта жайгашкан деп табылып, ал аймактардан 324 үй-бүлө көчүрүлүп, 257  үй-бүлө көчүрүлө элек. 57 үй-бүлө мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин ала элек. 200 турак үйдүн ээлери мамлекеттик жардам жана жер тилкелерин алышкан, бирок кооптуу аймактагы үйлөрүнөн көчүшө элек. Аларга эскертүүлөр берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Өзүңүздөр билгендей, жаз айлары сел коркунучун алып келет. Ошол себептен суу ташкынынан, селден коргонуу максатында Кашка-Жол айылдык аймагынын Октябрь айылынын “Терек-Суу” чегиндеги “Ак-Торпок” ички чарбалык сел өткөрүүчү каналды калыбына келтирүүдө, 2558 метр   ички чарбалык сел өткөрүүчү канал тазаланып, жалпысы 13 миң 472 кубометр жумуш аткарылган.

Ошондой эле Кара-Кочкор айылдык аймагынын Сары-Булак айылынын “Таштак” чегинде сел коркунучунан турак жайларды коргоо үчүн сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалап, март айында 566 чарчы метр сел өткөрүүчү сайдын нугу толук тазаланып бүткөрүлдү.

Кара-Кулжа айыл аймагынын Биймырза айылынын “Учук”, “Тескей”, “Күңгөй”, “Бел” чектеринде ички чарбалык каналдарды калыбына келтирип, июнь айында 8 чакырым ички чарбалык канал калыбына келтирилген, жумуштар бүгүн да уланууда.

Андан сырткары,  “Жашыл” долбоордун негизинде Кара-Кулжа айылдык аймагынын Биймырза айылынын Тыш чегинде турак жайларды, ички чарбалык жолду сел коркунучунан коргоо максатында 3 гектар жер аянтына 700 даана түп көчөт отургузулуп, айланасы тосулду. Жалпылап айтканда,  2019- жылы 22 миллион 850 миң сомдук жумуштар аткарылды.

-Айтсаңыз, аймакта спорт маселеси кандай? Жаштарга спорт  менен машыгууга кандай шарттар түзүлгөн?

- Акыркы убакытта спорт тармагына абдан жакшы көңүл бурулуп келүүдө. Айрыкча демөөрчүлөр жана жеке ишкерлер тарабынан 2019-жылдын ичинде  бир топ спорттук объектилер курулуп ишке берилди. Айта кетсем, Кара-Кулжа айылында жеке ишкер Ы.Дөлдөев тарабынан 7 миллион сомго футбол ойноочу спорттук комплекс курулуп, ишке берилди. Ушул эле айылда ишкер А.Жусупов тарабынан 7 миллион сомго футбол ойноочу спорттук комплекс курулуп, ишке берилди.

Айылдагы Торобек Абакир уулу стадионунда  кум үстүндө ойноочу жээк волейбол аянтчасы  250 миң сомго   демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен курулду. Негизи кичи футбол аянтчалары жеке ишкерлер тарабынан көпчүлүк айылдарда курулуп жатат. 

Жакынкы убакытта жеке демөөрчүлөрдүн каражатынан 2  мектептин спорттук залдары  жана республикалык бюджеттин эсебинен     2 мектептин спорттук залдарынын курулуштары бүтүп,  ишке берилүүнүн алдында турса, 1 спортзалдын  курулушу жүрүп жатат.   Жалпылап айтсак, 67 миллион сомго 5 мектептин спорттук залдары бүткөрүлүп жатат.

-Аймакта маданият тармагы кандай өнүгүүдө?

-Быйыл бир топ ири маданий иш-чаралар болуп өттү. Мисалы, 2019-жылдын 22-апрелинде  Ош-Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору ачылып, ондогон түрк тилдүү өлкөлөрдөн өнөрлүү коноктор келип ТҮРКСОЙдун бийик даражалуу жетекчилери райондо мейман болушту. Бул иш-чара элибизге өзгөчө кубаныч тартуулады.  

Ал эми  “Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптеширүү” жылына карата Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын буйругунун негизинде райондун аймагында эл чыгармачылыгын өнүктүрүү максатында районубуздун бардык айыл өкмөттөрүнүн ортосунда өтүп жаткан элдик таланттардын райондук “Даңктаймын кичи Мекенди” аттуу кароо-сынагы айыл өкмөттөр арасында уюштурулуп, 9 номинация боюнча өткөрүлдү.

Быйыл көптөгөн айылдарда маданият үйлөрү толук бойдон оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү, жаңы китепканалар курулуп жатат. Жалпысынан маданият тармагында  34 миллиондон ашык суммага иштер жүрүүдө.  

-Белгилүү болгондой тоолуктардан көптөгөн аттуу-баштуу илимпоз окумуштуулар көп чыккан. Райондогу билим берүү тармагы тууралуу айтып бериңизчи? Жаңы мектептер, бала-бакчалар курулуудабы?

-Бүгүнкү күндө билим берүү мекемелеринде 56 жалпы  билим берүүчү мектеп,  анын ичинен 49 орто, 4 толук эмес орто, 3 баштооч мектеп, 1 мектептен сырткаркы мекеме жана 41 балдар бакчалары   иштеп жатат. 

Өткөн 2018-2019-окуу жылына карата мектептердеги 15 миң 897  окуучуга 1360 мугалим билим жана тарбия  берип келишти, алардын ичинен 1 миң 138 жогорку билимдүү, 31 бүтпөгөн жогорку, 185 атайын орто, 6 жалпы орто  билимдүү мугалимдер  иштешет. Алардын катарында, 5 Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, 512 билим берүүнүн мыктылары эмгектенишет. 

2018-2019-окуу жылында Жалпы Республикалык тестке 735 бүтүрүүчүдөн 494 бүтүрүүчү катышып өз билимдерине жараша 66  баллдан баштап 196  баллга  чейинки сертификаттарды  алышып, район боюнча орточо балл 120.1 (өткөн жылы 116.7) упай болду.

Эми мектеп, бала-бакчалардын курулушуна токтоло кетсем. Мисалы,    Капчыгай айылдык аймагынын Сары-Бээ айылындагы А.Бегитаев атындагы орто мектебинин жаңы имараты  спортзалы менен республикалык бюджеттин эсебинин  53 миллион сомго  курулуп, курулуш    аягына чыгуунун алдында турат. 

Ошондой эле, Кара-Кулжа айыл аймагынын 1-Май айылындагы Т. Сатылганов атындагы орто мектебинин жаңы имараты  чет элдик демөөрчүлөр тарабынан 8 миллион сомго курулуп жатат. 

Кара-Жыгач айылындагы Түшүнүк орто мектебинин спортзалы республикалык бюджеттин эсебинин 17 миллион сомго курулууда. Ал эми Күйө-Таш айылындагы А.Жаңыбаев атындагы орто мектебинин спорт залы республикалык бюджеттин эсебинин 12 миллион     сомго курулуп,  жакынкы убакытта ачылышы болот. 

Айта берсе көп. Ушундай эле көрүнүш Чалма айыл аймагындагы Токбай-Талаа, Буйга, Ой-Тал айылындарында болуп жатат. Ал эми, Сары-Булак айылдык аймагынын Тегерек-Саз айылындагы Б.Матиев атындагы балдар бакчасына республикалык бюджеттин эсебинен 608 миң сом акча каражаты жумшалып, балдар аянтчасы жана навестин курулушу жүрүп жатат. Кызыл-Жар айылдык аймагынын Сай-Талаа айылындагы балдар бакчасынын имараты стимулдук грант  тарабынан 2 миллион 800 мин сом, жергиликтүү бюджеттен 350 миң сом бөлүнүп, капиталдык ремонтто өткөрүлүп жатат.   Билим берүү тармагында жалпысынан 139 миллион 758 миң сомдук  иштер жүрүүдө.   

(Автор:Сүйүнбек Шаршиев / Редактор:GL)