WeChat      Избранное

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай жергесинде иш сапарында

22/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров Дубай жергесинде иш сапарында

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Замирбек Аскаров ушул күндөрү Дубай шаарында өтүп жаткан жашыл экономика боюнча Бүткүл дүйнөлүк саммитке катышуунун алкагында Бириккен Араб Эмиратынын экономика министри, Кыргыз Республикасы менен БАЭ экономикалык кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын тең төрагасы Султан бин Саид Аль Мансури менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. 

Тараптар эки өлкөнүн экономикалык жана инвестициялык кызматташуу маселесин талкуулап, эки тараптуу алаканы мындан ары да өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилешти. Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров жана БАЭ экономика министри Султан Аль Мансури Бишкек шаарында ушул жылдын март айында өткөн экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын биринчи жыйынын  канааттануу менен белгилешти.

«Күн тартибиндеги жаңы маселелерди түзүү үчүн өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын Протоколунун жыйынтыгын жүзөгө ашырууга түрткү беришибиз керек.   Биздин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу багыттар абдан көп. Бул экономика, соода, айыл чарба, туризм жана авиация чөйрөлөрү. Бул багыттарда кызматташуу аркылуу биз алакабызды мындан дагы тереңдетерибизге ишенем», – деди Замирбек Аскаров.

Мындан тышкары вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Дубай эмиратынын Полиция жетекчиси, генерал-майор Абдаллах Халифа Аль Марри менен жолугушту.

Тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин, анын ичинен ушул жылдын июнь айында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин делегациясынын Дубай эмиратына жасаган сапарында жетишилген макулдашууларды талкуулашты. Бул жакта Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды колдоо максатында программалык жабдууларды жана техникалык жардам берүү жөнүндө сөз болууда.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)