WeChat      Избранное

Тил майрамы – дил майрамы

07/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Тил майрамы – дил майрамы

Сүрөт интернеттен алынды

Элди эл кылып, башкалардан өзгөчөлөнтүп, өздүгүн тастыктаган улут баалуулугу бул-эне тили болуп эсептелет. Эгемен мамлекетте, эне тилиңде эркин сүйлөп, улуттук нарк-насилди, каада-салтыңды барктап-баалап алуу чыныгы бакыт эмеспи. Мына, ушул бакыттын бир үзүмү болгон кыргыз тилине мамлекеттик макамдын бекитилгенине быйыл 30 жыл толду. Тактап айтканда, 1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгон. 

Мына, ушул майрамдын урматына 23-сентябрда, Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара болуп өттү. Бул мааракеге КРдин Президенти С.Ш. Жээнбеков, Президенттик Аппараттан, КР Өкмөтүнөн, КР Жогорку Кеңешинен, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиядан, министрликтерден, ведомостволордон, жогорку жана орто окуу жайлардан жана акын, жазуучулардан өкүлдөр катышып, китеп көргөзмөсү дагы уюштурулду.

Муну менен катар эле, мамлекеттик тил мыйзамын кабыл алуудагы тарыхый жагдайларды жана мамлекеттик тилдин учурдагы өнүгүшү тууралуу даректүү тасма көрсөтүлүп, концерттик программа менен коштолду. 

Мамлекет башчысы кыргыз тилин балдарга үйрөтүүчү китептердин, мобилдик колдонмолордун көргөзмөсүн көрүп чыгып, “Кыргызтест” системасынын иши менен таанышты.

Өз сөзүндө Президент Сооронбай Жээнбеков тил саясатын өркүндөтүү жаңы программасын иштеп чыгуу, мамлекеттик органдарда иш кагаздардын сапатын жакшыртуу, билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин окутуунун сапатын жогорулатуу ж. б. кыргыз тилин өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу боюнча негизги багыттарды белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков, КРдин Президенти: “Тил — өз ара түшүнүүнүн гана куралы эмес, дүйнө таануунун, акыл–ой жүгүртүүнүн куралы”

-Кыргыз тили — мамлекеттик тил деген статуска ээ болгонуна быйыл 30 жыл толду. Баарыӊыздарды ушул маанилүү маараке менен чын дилимден куттуктайм. Мамлекеттүүлүктү кайрадан түптөөгө жол ачкан  “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынышы — өлкөбүздүн тарыхындагы өзгөчө окуя болгон.

Бул демилгенин башында, өзүнүн дүйнөлүк кадыр-баркы менен совет жетекчилигине сөзү өткөн, улуу гуманист, улутубуздун сыймыгы — Чыңгыз Айтматов турган. Атактуу сөз чебери Түгөлбай Сыдыкбеков да чоң салым кошконун терең урматтоо менен эстейбиз. Кыргыз тилинин мамлекеттик статусун кайра кайтаруу — оңой-олтоң иш болбогонун жакынкы эле тарыхыбыз далилдеп турат. 

Ишеналы Арабаев, Абдыкерим Сыдыков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков сыяктуу даӊазалуу муун түптөгөн биринчи республиканын баш мыйзамында кыргыз тили — мамлекеттик тил катары конституциялык статуска ээ болгон. Кыргыз тилине мамлекеттик статус берген мыйзамды кабыл алуу —  эгемендикке карай жасалган маанилүү кадам болгон.

Кыргыз тили — мамлекеттүүлүктү аныктаган негизги атрибут. Тил — өз ара түшүнүүнүн гана куралы эмес, дүйнө таануунун, акыл–ой жүгүртүүнүн куралы. Бабалардын бизге калтырган эң ыйык дөөлөттөрү — ааламды аңдап-билүүнүн, маданияттын, рухтун, адеп-ахлактын берметтери бизге тил аркылуу жеткен. Кыргызды кыргыз кылган, дүйнөдө өз ордун таап, кылымдардын кыртышында жок болуп кетүүдөн сактаган — бул, биринчи кезекте, кыргыз тили. Тил бизге таандык эмес, биз тилге таандыкпыз деп айтсак да болот. Кылымдардын барагында, тарыхтын бүктөмүндө канча муундар калып кетти, ал эми биздин улуу тилибиз жашап келет. Ошондуктан эне тилибиз — ата-бабабыз бизге калтырган ыйык аманат, биз урпактарга жеткирчү негизги милдет. Мамлекетти, көз карандысыздыкты коргоо кандай кажет болсо, тилди сактоо да ошондой мааниге ээ.

 Отуз жылдан бери кыргыз тили бир кыйла өнүктү, өстү, байыды. Бирок, ойдогудай колдонулуп, өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил болуп, жашоо практикасына терең кире элек. Кыргыз тилин — мамлекеттик тил катары дагы бекемдеп, өнүктүрүү үчүн жакынкы жылдары төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу зарыл.

Биринчиден, 2014-2020 жылдар үчүн кабыл алынган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасынын мөөнөтү аяктап баратат. Анализ көрсөткөндөй, аткарыла турган иштер дагы эле арбын. Министрликтер менен ведомстволор, мекемелер иш кагаздарын 0.4 пайыздан 60 пайызга чейинин гана мамлекеттик тилде жүргүзүп жатышат. Иш кагаздардын дээрлик 60-90 пайызын расмий тилде даярдаган мамлекеттик мекеме-уюмдар бар.  Алар тарабынан даярдалган документтер менен иш кагаздардын сапаты төмөн, сабаты начар. Бул жагдай — тилибизге болгон ишенимди төмөндөтүп, мамлекеттик башкаруу органдарынын беделине доо кетирүүдө.

Экинчиден, мамлекеттин негизги символу, улутту улут кылган нукура касиет катары — кыргыз тилинин мындан ары кадыр-баркын өнүктүрүү абзел. Ал үчүн кыргыз тилин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү милдети турат.  

Үчүнчү, кыргыз тилин өнүктүрүү — тилчилерден гана көз каранды эмес. Тилди сактап, жашоо турмушубузга кеңири жана терең киргизүү — баарыбыздын милдетибиз.

Төртүнчү, тилди күч менен, зордук менен жайылтып, өнүктүрүү — мүмкүн эмес. Тил — бул тирүү организм, анын өнүгүүсүнүн өз мыйзам ченемдери бар. Көп жылдан бери кыргыз тилинин абалы боюнча олуттуу изилдөө жүргүзүлө элек. Азыркы программанын кемчиликтерин, отуз жылдык тажрыбайбызды, турмуш чындыгын эске алып, акыл калчап, баарын салмактап, жаӊы программаны түзүү милдети турат. 

Бешинчи, бардык билим берүү мекемелеринде кыргыз тилин азыркы заманбап методика менен, жаңы техникалык каражаттарды колдонуу аркылуу  окутууга өтүүнү тездетүү зарыл. Кастарлап эне тилибизди, барктап-баалайлы. Мамлекеттик тилибиздин келечеги кең болсун.

Назаркул Ишекеев, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы: “Мамлекеттик тилди өнүктүрүү – бардыгыбыздын милдетибиз”

-23-сентябрь күнү Кыргыз тилинин мамлекеттик макамынын бекитилгенине 30 жыл толду. Ушул мыкты мааракенин урматына Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында иш-чара уюштурдук. Бул иш-чарага КР Президенти Сооронбай Жээнбеков баш болуп катышып, кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча өзүнүн олуттуу ой-пикирлерин айтып өттү.  

2014-2020-жылдарда “Мамлекеттик тилди жана тил саясатын өнүктүрүү" деген улуттук программа кабыл алынган. Бул программанын алкагында дагы бир катар иштер аткарылып келүүдө.

Өзүңүздөр билгендей, учурда мамлекеттик, муниципалдык кызматкерлер милдеттүү түрдө “Кыргызтест” тапшырат. Алар быйыл А2 деңгээлинде билимин көрсөтүшү зарыл, 2020-жылы — В1, 2021 — С2. Сынактан өтпөй калгандарга үч ай тилди үйрөнүүгө убакыт берилет. Андан кийин алардын кызмат ордуна дал келүүсү, ээлеген ордунан төмөндөтүү, же бошотуу сунушталат.

Билим берүү тармагындагы бир катар аракеттерибиз дагы ишке ашты. 2021-жылдан тарта бүтүрүүчүлөрдүн эл аралык стандартка негизделген В1 деңгээлиндеги сертификаты колунда болушу керек. Быйыл тажрыйба иретинде, эркин формада сынак өткөрдүк. Мектептин 5 миңден ашык бүтүрүүчүсү тапшырып күбөлүк алды. Алар ЖОЖго кабыл алуу сынагында артыкчылыкка ээ болушту. Ал эми университеттин бүтүрүүчүлөрүнө В2 деңгээлиндеги сертификат алуу талабы бар.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү депутаттардын статусу, борбор шаардын мыйзамы тууралуу мыйзамдарда да жаңылыктар бар. Ал бизге эмнени берет? Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. Ага башчы болом дегендердин "Кыргызтесттен" В2 деңгээлинде сертификаты болушу шарт. Эгер бул талапты аткарбаса, анда ал талапкер жергиликтүү шайлоо комиссиясынан өтпөйт. Өлкөдө 31 шаар бар. Аларга мэр болом дегендерге да ушундай шарт коюлат. 

Бул кадамдардын бардыгы мамлекеттик органдарда иш кагаздарын жүргүзүүдө, калкты тейлөөдө кыргыз тили жаңы деңгээлге чыгат дегенди билдирет. Чындыгында, мамлекеттик тилди өнүктүрүү – бардыгыбыздын милдетибиз. Ар бирибиз жоопкерчилик менен кыргыз тилине мамиле кылып, анын кадыр-баркын түшүнүп, сыйлай алганда гана эне тилибиз өнүгүп, коомдо өзүнүн татыктуу ордун ээлей алат деп ишенем.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)