WeChat      Избранное

Ата-мекенге болгон урмат-сый - КЭРдин 70 жылдык мааракесин утурлай

27/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Ата-мекенге болгон урмат-сый - КЭРдин 70 жылдык мааракесин утурлай

Сүрөттөр редакцияга таандык

Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракесин утурлай, Кыргызстанда иштеп, окуп жүргөн кытай жарандары бир катар мыкты иш-чараларды уюштурууда.  Мындай кадам менен алар, өз мекенине болгон сүйүүсүн, сагынычын билдирип, алыста жүрүшсө дагы ата-журт ар дайым жүрөк түпкүрүндө экендигин баса белгилеп келишет. 

Мына, ушундай мыкты иш-чаралардын бири 22-сентябрь күнү Бишкек шаарында болуп өттү. Аны “Орто Азиялык достук” коомдук бирикмеси жана “Джунда” мунайзат заводу уюштурду. Майрамдык иш-чарага Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси У Чанхун, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты Абдимежит Юсуров баш болгон сыйлуу меймандар жана кытай компанияларынын өкүлдөрү катышышты.

“Орто Азиялык достук” коомдук бирикмесинин төрайымы Ху Юймэй иш-чараны ачып жатып, бардык катышуучуларга келип бергендиктери үчүн өз ыраазычылыгын билдирди. Ал өз сөзүндө, жалпы кытай элин Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракеси менен куттуктап, иштерине ийгилик, ынтымак жана чың ден соолук каалап өттү. Муну менен катар эле, Ху Юймэй айым Кытайдын 70 жылдык басып өткөн жолуна токтолуп, ар бир ташталган кадам туура жана ишенимдүү болгондугун баса белгиледи. “Биз, кытай эли өз мамлекетибиз менен ар дайым сыймыктанабыз. Өлкөбүздүн мындан ары дагы гүлдөп-өсүүсүнө болгон күч-аракетибизди жумшай бермекчибиз”,-деп, сөзүн жыйынтыктады.

Иш-чаранын жүрүшүндө мыкты концерттик программа тартууланып, кытай бийлери менен ырлары майрамга өзгөчө шаң кошту. Ар бир ырда эл-жерге болгон сагыныч сезилип, мамлекеттин урматына, 70 жылдык мааракесине карата каалоо-тилектер айтылып жатты. Бул майрам жеке гана кытай жарандарынын башын бириктирбестен, жакшы санаалаш, досторду дагы бир арага чогултуп, ынтымакты, өнөктөштүктү да даңазалады. 

Ата-мекенге болгон урмат-сый - КЭРдин 70 жылдык мааракесин утурлай

У Чанхун, КЭРдин Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчисинин кеңешчиси: “70 жыл аралыгында КЭР ачыктык жана реформалар саясатына ылайык мыкты ийгиликтерге жетти”

- Мен Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнь айымдын, жалпы элчиликтин атынан бардыгыңыздарды чын жүрөктөн куттуктайм. 70 жыл мурун 1-октябрь күнү Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү тууралуу жарлыкка кол коюлган. Мына, ошо күндөн баштап Кытай тарыхында жаңы барак ачылып, жаңы Кытайдын жашоосу башталды десек болот. 

Ушул 70 жыл аралыгында КЭР ачыктык жана реформалар саясатына ылайык болуп көрбөгөндөй жетишкендиктерге жетип, мыкты көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келүүдө. Кытай эли тынымсыз эмгектин, ынтымактын арты менен кытай кыялын ишке ашырууга аракет кылып келет.

Үстүбүздөгү жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары дагы эки өлкөнүн кызматташтык алакасын бекемдөөгө зор салымын кошту. Бул сапар кыргыз-кытай элдеринин дагы карым-катнашын чыңдоого өбөлгө болуп бере алды. Эки мамлекеттин комплекстүү, стратегиялык өнөктөштүгү дагы тереңдеп, эки тараптуу кызматташууларга жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, байланыш жолдору кеңейди. 

“Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде карым-катнаш түзүүгө дагы мыкты шарттар түзүлгөн. Кыргыз-кытай алакаларын Кыргызстанда иштеген, окуган кытай жарандарынан өзүнчө бөлүп кароого мүмкүн эмес. Ар бири эки элдин ынтымагын, достугун дагы чыңдоого зор салымын кошмокчу.

Ата-мекенге болгон урмат-сый - КЭРдин 70 жылдык мааракесин утурлай

Абдыганы Эркебаев, Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы: “Кытайдын жетишкендиктерине ар дайым кубанып, 70 жыл аралыгында багынткан ийгиликтерине баа берип келебиз”

- Мен бардыгыңыздарды Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдык мааракеси менен куттуктайм. Эгерде, Кытай жергесинде 56 улуттун өкүлү жашаса, Кыргызстанда болсо 80ге жакын улут жашайт. Алардын бардыгы Кыргызстан элинин ассамблеясынын курамына киришет. Ошондуктан, биздин ассамблеянын атынан сиздерди куттуктайм. 

Бардыгыңыздар билгендей, Кыргызстан менен Кытай ар дайым тынчтык жана ынтымак ичинде жашап келишкен. Кытай Эл Республикасында кыргыздар дагы жашайт. Эки мамлекеттин кызматташуусу Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн алган күндөн баштап жаңы күч, жаңы дем менен өнүгө баштады. 

Биз Кытайдын жетишкендиктерине ар дайым кубанып, 70 жыл аралыгында багынткан ийгиликтерине баа берип келебиз. Кытай лидери Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору коңшу мамлекетти бүтүндөй дүйнөгө таанытты. Ушул демилге дагы эки элдин карым-катнашын бекемдеп, өнүгүүсүнө жол ачты. Бүгүнкү күнү Кыргызстан-Кытай мамилеси достук, ынтымак ичинде өнүгүүдө. 

Ата-мекенге болгон урмат-сый - КЭРдин 70 жылдык мааракесин утурлай

Абдимежит Юсуров, КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты: “Эки тараптуу кызматташуубуз Кыргызстан менен Кытайдын достугун бекемдөөгө дагы өз салымын кошмокчу”

-Биринчи кезекте бүгүнкү иш-чаранын уюштуруучуларына терең ыраазычылык билдирмекчимин. Бардыгыңыздарды КЭРдин 70 жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм.  Биз дунган этникалык бирикмесинин ассоциациясы “Орто Азия достук” коомдук бирикмеси менен абдан тыгыз алакада кызматташып келебиз. Алар бизди ар дайым колдоп келишет. Ошондуктан, учурдан пайдаланып бирикменин жетекчилигине өз ыраазычылыгымды билдирем. Дагы да болсо мамилебиз жемиштүү улана берет деп ишенем. Бул кызматташуубуз Кыргызстан менен Кытайдын достук карым-катнашын бекемдөөгө дагы өз салымын кошмокчу. 

Биздин Президент Сооронбай Жээнбеков да кыргыз-кытай мамилесине өзгөчө көңүл буруп, достук алаканын өсүп-өнүгүүсүнө тилектеш.  Бүгүнкү күнү эки мамлекет ортосунда, КЭРдин колдоосунун алдында эң масштабдуу долбоорлор жүзөгө ашырылууда. Канчалаган компаниялар ачылып, кошумча жумуш орундары түзүлүүдө. Албетте, бул абдан кубанычтуу көрүнүш. 

Дагы бир жолу, майрамыңыздар кут болсун. Өлкөлөрүбүздө ар дайым тынчтык жана ынтымак өкүм сүрсүн. Достук алакабыз жылдан-жылга чыңдалып, өөрчүй берсин. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)