WeChat      Избранное

Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди

17/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Кыргыз Республикасында товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жобо бекитилди. Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Жободо товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жаатындагы негизги аныктамалар жана атоолор, ошондой эле экспорттук-импорттук операциялардын жана идентификациялоо каражаттары менен маркалоого тийиштүү товарлардын өндүрүшүнө катышуучуларынын ортосундагы экономикалык мамилелер жөнүндө негизги жоболор берилген.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 29-мартында Евразия экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо жөнүндө Макулдашуу күчүнө кирген. Ага биримдиктин өлкөлөрүнүн өкмөт башчылары тарабынан 2018-жылдын 2-февралында кол коюлган.

Келишимдин негизги милдети – Биримдиктин бүтүндөй аймагында машина окуучу жана өз ара окулуучу белгилер менен товарларды маркалоо процессин унификациялоо болуп саналат.

“Санариптик маркалоо маркаланган товарды баштант аяк көзөмөлдөөгө шарт түзөт. Мындай механизм бизнеске белгилүү бир артыкчылыктарды берет. Анын ичинде документ жүгүртүүнү оптимизациялоодон, бизнес жана мамлекеттин өз ара аракеттешүү процесстерин тездетүүдөн тышкары ал ак ниет ишкерлердин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатып жана рыноктун карасанатай субъекттери менен келишимдерди түзүү тобокелдигин азайтат”, – деп эсептейт Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын соода боюнча мүчөсү (министр) Вероника Никишина.

Жыйынтык катары документте камтылган ченемдер ЕАЭБде товар айлантууга көзөмөлдү күчөтүүнү шарттап, мунун өзү менен көмүскө жүгүртүүнү азайтат. Кардарлар сатып алынган товар мыйзамдуу экендигине кепилдик алышат.

Жалпысынан маркалоо тутумун киргизүү товарлар агымын санариптештирүүгө жана көзөмөлдөө тутумун түзүүгө өбөлгө бермекчи.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)