Чаң ызгыган трасса, түтөгөн дөңгөлөктөр… Токмоктогу дрифт таймашынан сүрөттөр
Фото WWW
Токмок шаарындагы полигонго автожарыштын дрифт түрүн сүйүүчүлөр көрүүчүлөргө өнөрлөрүн тартуулашты.
Өткөн дем алыш күнү, 8-сентябрда, Токмок шаарынын Кызыл Аскер айылында автожарыш өттү. 10 спорттук айдоочу дрифттин эки түрү боюнча күч сынашып, үчөө "стрит" бөлүгүндө бир-бирден спорттук унааларын кайытса, "про" түрү боюнча жуптук жарышууда жети айдоочу ат салышты.
Иш-чаранын жыйынтыгында дрифттин "стрит" түрү боюнча Артур Праздников жеңүүчү аталды. Ал эми "про" жарышында Игорь Гусев мыкты жыйынтык көрсөттү. Аларга колго жасалган кубоктор жана башка сыйлыктар ыйгарылды.
Спорттук иш-чараны дрифттин "Стрит" түрү боюнча Кыргызстандын чемпиону Гайрат Юсупов уюштуруп, максаты Кыргызстанда автожарыштын бул түрүн өнүктүрүү экенин айтып берди.
"Бизге мамлекет сапаттуу асфальт төшөлгөн, спортчулар менен көрүүчүлөргө коопсуз автодром салып бербей жатат. Өзүбүз инвесторлорду чакырып, жарышчу тилке салдыралы десек жер беришпейт. Бийлик өкүлдөрүнө көп жолу кайрылуу жөнөттүк, майнап чыкпай жатат", — деди Юсупов.
Ал Токмоктогу автожарышта кырсык катталбаганын кошумчалады
Белгилей кетсек, 21-июнда ордо калаанын чок ортосунда Gradus Cup аталышындагы чемпионат баштала элек жатып, Toyota Mark II үлгүсүндөгү спорттук унаа көрүүчүлөрдү карай аралап кирип кеткен болчу. Бул кырсыкта беш адам жабыркап, Кытайдын эки жараны ооруканага жаткырылган эле.
последние
● В Вэньчжоу открылась международная конференция экосистем промышленного интернета вещей
● Чаң ызгыган трасса, түтөгөн дөңгөлөктөр… Токмоктогу дрифт таймашынан сүрөттөр
● Кембриджский университет создает в Нанкине инновационный центр
● "Эйр Чайна" открыла прямой авиарейс между Хух-Хото и Улан-Батором