WeChat      Избранное

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

19/09/2019  Источник:интернет   шрифта:

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-сентябрда, кыргызстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат. Бул тууралуу КРдин Президентинин басма сөз кызматы маалымдады.

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө Жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлган.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмерлер Султан Ибраимов жана Төрөбай Кулатовго «Ак-Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Сыйлыктарды тапшыруу аземине алардын балдары катышат.

Мамлекеттик сыйлыктар медициналык кызматкерлерге, билим берүү, маданият, адабият, айыл чарба, курулуш ж. б. тармагынын өкүлдөрүнө, аскер кызматкерлерине тапшырылат.

Сыйлык алуучулардын арасында бир катар чет элдик жарандар дагы бар.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)