WeChat      Избранное

Шумкарбек Адилбек уулу: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн бири”

27/09/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Шумкарбек Адилбек уулу: “Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн бири”

Сүрөттөр интернеттен алынды

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга эң көп инвестиция салган өлкө болуп саналат. Өткөн жылы КЭР менен Кыргыз Республикасынын ортосунда товар жүгүртүү 25%га өскөн. Үстүбүздөгү жылдын январь-мартында бул көрсөткүч 472 млн. АКШ долларын түзүп, 12%га көбөйгөн. 

Учурда, Кыргызстандын продукциясын, кыргыз айыл чарба органикалык өндүрүмүн экспорттоо үчүн бир катар иштер аткарылып келет. Сырттан келген ишкерлерге Кыргызстанга иштөөгө шарт түзүп берүү, алар менен кызматташуу, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн өндүрүш ишканаларын көбөйтүүнүн үстүнөн дагы бир катар иштер аткарылууда. 

Мына, дал ушундай, кызматтарды аркалап, эл аралык мамилелерди бекемдеп, сырткы жана ички инвесторлордун эң жакын өнөктөшү болгон мамлекеттик органдардын бири бул-Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги болуп эсептелет.

Ошондуктан, ушул жаатта Кытай Эл Республикасынын инвесторлору менен иштешүү багытында кенен маалымат алуу максатында, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек менен кыскача маек курдук. 

Ал биздин гезитке агенттиктин жүргүзгөн ишмердүүлүгү жана ишкерлерге түзүлгөн мүмкүнчүлүктөр тууралуу айтып, 2019-жылдын башынан бери Кытай ишкерлери менен болгон карым-катнаш тууралуу маалымат берди. 

-Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Биздин агенттик чет элден келген инвесторлорго эң биринчи жардам бере алган, инвестиция багытында Кыргызстанда иш жүргүзүү боюнча жол көрсөткөн, бирден-бир мамлекеттик мекеме болуп саналат. Мурда биздин агенттик экономика министрлигинин алдында өз кызматын аткарчу. Бир жылдан ашык, түздөн-түз премьер-министрге баш ийген, өз алдынча туруктуу мамлекеттик мекеме катары өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Ошондуктан, юстиция маселелери боюнча, дегеле Кыргызстанда иш жүргүзүү, тууралуу маалымат алууну, каалаган ишкерлер биздин агенттикке кайрылса болот. Биз мурунтан эле бул багытта иштеп келгенбиз. Бүгүнкү күнү болсо, агенттиктин статусу жогорулап, инвесторлорубузга дагы көп мүмкүнчүлүктөрдү ачып берүүгө даярбыз.

-Кыргызстанда, акыркы жылдары, кытай ишкерлери менен болгон кызматташтык алака өөрчүп келүүдө. Ушул багыттан кеп салып берсеңиз?

-Кытай ишкерлери менен болгон кызматташтык алакабыз башынан эле болуп келген. Бул багытта аракеттерибиз, иштерибиздин жыйынтыктары дагы бар. Өзүңүздөр билгендей, кытай ишкерлери Кыргызстанга келгенде, өз алдынча иш баштап, ар кандай кыйынчылыктарга, тоскоолдуктарга кабылган учурлар аз эмес. Ошондон улам, Кыргызстан тууралуу кээде, жаңылыш корутундулар чыгарылып калат. Мындай, кырдаалдар кайталанбоосу үчүн, агенттик ушундай маселелерге кабылган ишкерлерге жардам берип, өз колдоосун көрсөтүп келет.  Кытай ишкерлерине Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн кандай маалымат керек болсо, бардыгын тактап берип, ар тараптуу колдообузду көрсөтүп келебиз. 

Агенттик түз инвестицияларды тартып келүү боюнча жоопкерчиликтүү орган. Бул багыт боюнча биз бүгүнкү күндө жигердүү иштерди алып келип жүрөбүз. Бир топ жыйынтыктар бар. Айрыкча, Кытай Эл Республикасы менен тыгыз кызматташып келебиз. 

Буга чейин биздин агенттик Чжэцзян провинциясынын Цзиньхуа шаарынан инвестор тартып келгенбиз. Ал Бишкектин Эркин экономикалык аймагына 40 млн. доллардык завод курду. Мындай завод Кыргызстанда жок болчу. Ал үй жылытуучу батареяларды чыгарат. Бүгүнкү күндө продукцияларын Казакстан, Россияга экспортко чыгарып жатат. 

Андан кийинкиси жардыруу заттар боюнча согуштук эмес кытай ишкерлери ишкана курушкан. Аларга дагы толугу менен өз көмөгүбүздү көрсөтүп келдик, завод ачылды. Жакында эле, өлкөбүздө курулуш иштерине керектелүүчү мээлей, кол каптарды, келеп жиптерди өндүрүү боюнча дагы ишкана ачылды. Ага жалпысынан 2 млн. доллардан ашык инвестиция салынды. Бул завод учурда, кыргызстандык ишкерлер менен биргелешип, заводдун ишмердүүлүгүн кеңейтүү жаатында дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. 

Негизинен биздин агенттик Кытай менен тыгыз иштешип келген, бүгүнкү Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга эң көп инвестиция салган өлкөлөрдүн бири. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырза дагы Кыргызстанга мамлекеттик визит менен келип кетти. Бир катар маселелер талкууланып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр болду. Анын алкагында бизнес форум өткөрдүк. Жыйынтыгында бир топ келишимдерге кол коюлду. Жалпысынан кызматташуу жаатында активдүүлүк бар. 

Бүгүнкү күндө Кытай инвесторлору менен иштешүү боюнча бир топ ири долбоорлор бар. Атай кетсек, жылдын аягына чейин курулуш иштерин баштап, аягына чыгарууга аракет кылып жаткан майдалоочу заттар чыгаруучу ишкана. Ал Кара-Балтанын эркин экономикалык аймагында жайгашкан. Ивановка айылында дагы ушундай чакан индустриялык парк ачуу боюнча долбоордун үстүнөн иштер жүргүзүлүп жатат. Панфилов районунун Кайыңды шаарында арматураларды кайра чыгаруу боюнча дагы ишкананын курулуш иштери жүрүүдө.

Бүгүнкү күндө эки индустриялык парк салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Алардын бири Кара-Суу районундагы Мады айылында, экинчиси болсо Токмоктун Искра айылында жайгашкан. Мына, ушул сымал дагы бир топ долбоолор бар. Булардын бардыгында иш өз нугунда өтүп жатат.  

Албетте, кандайдыр жерлерде көйгөйлөр жаралган учурлар болот. Андай мезгилдерде биздин агенттик кийлигишип, өкмөт, тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте иштерди алып баруудабыз. 

Бүгүнкү күндө Кытайдагы технологиялардын өнүгүү деңгээлин эске алып, ал жак менен иштөөгө кызыккан компаниялар көп. Жогорку технологиялар боюнча дагы кызматташуу замандын талабы. Өзүңүздөр билгендей, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы чектеш жайгашып, жакын болгондуктан учурда, айыл-чарба продукцияларын кайра иштетип Кытай рыногуна киргизүү абдан актулдуу темалардын бири. Негизинен, бул иштер боюнча дагы өзүбүздүн ойлорубуз, сунуштарыбыз бар.  Алардын үстүнөн иштеп жатабыз, жакын арада белгилүү болмокчу. 

-1-октябрь Кытай Эл Республикасынын түзүлгөн күнү. Ушул күндү утурлай Кытай тууралуу өз ой-пикириңизди, каалооңузду айтып берсеңиз?

-Мен билгенден кытай эли эмгекти сүйгөн эл болот. Алар, мамлекет жашоонун ар кандай этаптарын башынан өткөрүп келди. Мына, ошол оош-кыйыш учурлардан сабак алып, анын натыйжасында бүгүнкү күндөгү жетишкендиктерине жетсе керек. 

Өкмөт дагы ошону билип, карапайым калкын түз нукка салып, өндүрүшкө, билимге, технология тармагына өзгөчө көңүл бургандыгы мени абдан кубандырат. Анткени, Кытай жергесине барган сайын, жаңы курулуштарга, элинин жаңы жетишкендиктерине, өндүрүштөрүнө күбө болуп жүрөм. Ошондуктан, учурдагы Кытай Эл Республикасынын дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээлеп жаткандыгы кубанычтуу. Калкын ар тараптуу колдогон Кытай бийлигинин салымы зор. Ошону түшүнүп, туура багыт алган карапайым элинин эмгеги дагы өзүнчө сөзгө татыктуу.

1-октябрь Кытай Эл Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 70 жылдыгына байланыштуу кошуна мамлекетти чын жүрөктөн куттуктайм. Кошуна, өнөктөш катары Кытай экономикасынын өсүшү, жетишкендиги аркылуу дагы Кыргыз Республикасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, жүзөгө ашырууга тилектешпиз.  Долбоорлор аркылуу жаңы бир кызматташуу алакаларын түзүү, кайра иштетүүнүн деңгээлин көтөрүү дагы заман талабы. Кыргыз-кытай экономикалык карым-катнаштары дагы тереңдей берүүсүн каалайбыз.

Кытай Эл Республикасынын дүйнөлүк аренадагы ордун билебиз, мындан ары дагы ошол ордун татыктуу алып кетип, кадыр-баркын бекемдейт деп ишенебиз. Ошондуктан, кытай элине, өлкө жетекчилигине ар бир багытталган, белгиленген реформаларды жүзөгө ашырып, өз максаттарына жетүүсүнө шериктештигибизди билдиребиз. 

Кошуна өлкө катары биз дагы ынтымак ичинде, достук алакаларыбызды бекемдеп, бирге өнүктүрсөк деген ниетибиз бар. Болгон жакшылыктарды каалайм. Дагы бир жолу Кытай Эл Республикасын майрамы менен куттуктайм. Ар дайым тынчтык болсун. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)