Кыргызстанда 48 миң бала электрондук кезек менен бакчага кирди
Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ысык-Көл аймактары да "Электрондук кезек" программасына кошулууга кызыкдар.
БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Кыргызстанда 48 миң бөбөк электрондук кезек менен бала бакчанын босогосун аттады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, "Бала бакчалардагы электрондук кезек" долбоору Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2017-жылы иштелип чыгып, Бишкек, Ош шаарларында 2018-жылдын март айынан тарта иштей баштаган.
"Долбоор ишке аша баштагандан тарта бул программа менен 48 миң бала бакча босогосун аттаган. Кезекке турууга 115 500 бөбөктүн ата-энеси арыз менен кайрылган", — деп жазылат маалыматта.
Билим берүү министрлигине Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Ысык-Көл аймактары "Электрондук кезек" программасын кошуу боюнча арыздарын беришкен.
последние
Рекомендация
- 1Кыргызстанда 48 миң бала электрондук кезек менен бакчага кирди
- 2Кыргызстандык мугалимдер квалификациясын Санкт-Петербургдан жогорулатат
- 3Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке берүү салтанатына катышты
- 4Хуавей “акылдуу сааттары”-замандын мыкты белеги
- 5Фарида Балбакова: Безграмотность населения может погубить Иссык-Куль