WeChat      Избранное

Жаңы окуу жылында мыкты жаңылык-мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт

29/08/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Жаңы окуу жылында мыкты жаңылык-мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт

 Кеңешменин жүрүшүнөн бир көз ирмем.

Сүрөттөр интернеттен алынды

2019-жылдын 23-август күнү Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы Ден соолукту чыңдоо комплексинин жыйындар залында Август педагогикалык кеңешмесинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул иш-чара КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин алдында өтүп, анда Кыргызстандагы билим берүүнүн заманбап багыттары талкууга алынды.

Кеңешмеге КРдин Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон Өкмөт аппаратынын өкүлдөрү, КРдин Жогорку Кеңешинин Билим берүү, илим, маданият, саламаттыкты сактоо жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы Г.С. Молдобекова, Жогорку Кеңештин депутаттары жана Кыргызстандын аймактарынан келген мектеп директорлору, мугалимдери, жогорку окуу жайдын ректорлору, бала-бакчалардын башчылары келип катышышты. Бул жыйын жалпысынан 300дөн ашуун билим адамдарынын башын бириктирди.

Иш-чарада Кыргызстанда быйылкы аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылынын алкагында билим берүү жаатында жасалып жаткан жана алдыда жасала турган иштер каралды. Окуучуларга билим берүүнү санариптештирүүнү, тактап айтканда билим берүү процессинин бардык катышуучуларын ушул багыттагы билимин тереңдетүү боюнча дагы атайын курстардын уюштурулуп жаткандыгы тууралуу сөз болду. Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсүн камсыз кылуу жана инклюзивдик билимди жүзөгө ашыруу боюнча маселелер дагы талкууга алынды. Муну менен катар эле, билим берүүнүн жыйынтыктарын баалоо тууралуу дагы сөз козголду. Тактап айтканда, сынактардын, олимпиадалардын жеңүүчүлөрүнүн жана Алтын сертификатка ээ болгон окуучулардын мугалимдери дагы акчалай сыйлануусу заман талабы деген сунуштар киргизилди. 

Августтук кеңешменин эң башкы мыкты жаңылыгы КРдин Премьер-министри М. Абылгазиевдин: “Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт”,-деген сөзү болду. 

Жаңы окуу жылында мыкты жаңылык-мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт

КР Өкмөт башчысы М. Абылгазиев сөз сүйлөө учурунда.

Мухаммедкалый Абылгазиев, КР Премьер-министри: “Квалификациялуу адамдык потенциал-бул биздин башкы байлык жана негизги ресурс” 

-Мен алгач, өлкөбүздүн бардык мугалимдерине жана билим берүү тармагынын кызматкерлерине салам жолдоп, бардыгыңыздарды жаңы окуу жылынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм. Бүгүнкү кеңешме аркылуу билим берүү тармагынын актуалдуу маселелерин чечүү боюнча көз караштарым менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүн түзүп бергениңиздер үчүн өз ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Мектеп-биздин кийинки муундар тарбияланып, өсүп чыга турган билим уясы. Дал ушул жерде биздин эртеңки экономикабыз, социум жана маданиятыбыз түптөлөт. Бүгүнкү күнү өлкөбүздүн коомдук жашоосунун бардык тармактарында туруктуулук жана ырааттуу өнүгүү байкалууда. А бул көп улуттуу, көп маданияттуу Кыргызстан үчүн абдан маанилүү. Тынчтык жана биримдик – бул мындан аркы өнүгүүбүздүн негизи жана ачкычы. Ошол эле учурда көп жылдан бери чечилбеген канча маселелер жатат. Анын эң башкысы – билим берүү тутуму. Ошондуктан бүгүнкү жолугушуу Өкмөт үчүн да жана жеке өзүм үчүн да зор мааниге ээ. Мен ачык-айкын баарлашууга даярмын. 

Улуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы мен үчүн абдан кымбат. Себеби, анда биринчи мугалим Дүйшөндүн образы бар. Ал жашоонун бардык кыйынчылыктарын жана айрылууларды жеңип чыгып, алыскы тоолуу айылдагы жупуну мектепте балдарды окутуп, өз мезгилиндеги кыргыз мугалиминин үлгүсү- өз мекенинин токтоо жана айкөл атуулу болуп калды. Анын жашоодогу максаты – балдарга билим берүү, бул өлкөнү кечээки караңгылыктан жаркын келечекке өткөрүүнүн символу катары сыпатталат. 

Бүгүн башка мезгил, жашоого болгон көз караш жана ой жүгүртүү дагы башка. Бирок биринчи мугалимдин образында калыптанган принциптер азыркы окутуучулардын да башкы баалуулуктары болуп саналат деп ишенем.

Билим берүү – бул өзгөчө тармак жана мамлекетибиздин келечеги. Ал өлкөбүздүн 21-кылымда стратегиялык өсүү чекити болуп калат. Бүгүн заманбап цивилизация өз өнүгүүсүндө принципиалдуу жаңы тепкичке өткөн учурда адамзатынын алдында экология жана глобалдык климаттык өзгөрүүлөр, азык-түлүк коопсуздугу жана таза суу, жакырдык жана жумушсуздук сыяктуу олуттуу чакырыктар жана маселелер турат. 

Калктын сабатсыздыгы масштабдуу социалдык көйгөй болуп калууда. Мисалга алсак, азыркы тапта планетанын 800 млн ашуун жашоочусу сабатсыз. Демек, алар өздөрүнүн жана өз өлкөлөрүнүн жашоосун жакшырта алышпайт. Дүйнөлүк өнүгүүнүн мындай кыйын шарттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башкы милдети – атаандаштыкка жөндөмдүү билим берүү тутумун түзүү. Бул эмне демекчи? Биринчиден, билим берүүгө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, инновацияларды жана инвестицияларды активдүү киргизүү. Экинчиден, өлкө экономикасын өнүктүрүү, татыктуу айлык акы жана престиж аркылуу билим берүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү. Үчүнчүдөн, билим берүү мекемелеринин заманбап материалдык-техникалык базасын түзүү жана билим берүүнүн сапаты. 

Бул маселеде Өкмөттүн позициясы дайыма бир: билим берүүгө салым кошуу – бул келечекке салым кошуу, бул багытта жумшалган ар бир сом келечекте ийгиликтүү экономиканы жана кубаттуу социалдык чөйрөнү камсыздайт. Дагы бир маанилүү артыкчылык билим берүү тутумунун кадрдык потенциалын бекемдөө болот. Азыркы учурдагы балдар интеллектуалдык жактан өнүккөн, бир кыйла ачык жана өз алдынча. Мугалимдерге талаптар да ошончолук жогору. Мугалимдер гана эмес, өлкөнүн билим берүү чөйрөсүнүн башка кызматкерлери дагы чыгармачыл мамиле кылган, креативдүүлүк, өз алдынча чечим кабыл алуу жана тутумдуу ой жүгүртүү сапаттарына ээ болууга тийиш. 

Бизде өнүгүү үчүн мунайзат, газ сыяктуу чоң-чоң сырьелук ресурстар жок, бирок бизде квалификациялуу адамдык потенциал бар. Бул биздин башкы байлык жана негизги ресурс. Мен ар дайым мугалимдердин эмгегин баалап келем. Жакшы мугалим окуучуларына күчүн гана кетирбестен, болгон билимин, тажрыйбасын, жүрөгүн жана жан дүйнөсүн арнайт. Бул баа жеткис нерсе.

Ошондой эле ЮНИСЕФ жакында Кыргызстан жарандыгы жок адамдардын маселесин чечкен дүйнөдө биринчи өлкө болду деп жарыялады. Бул чоң жетишкендик – беш жылдын ичинде жарандыгы жок адамдардын саны 13 миңден нөлгө түштү.

Президент Сооронбай Жээнбеков мугалимдердин айлык маяналарын көтөрүүнү Өкмөттүн алдына артыкчылыктуу милдет кылып койгон. Өкмөт бул милдетти аткарат. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тартып мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт. Жумасына 20 саат менен иштеген мугалим буга чейин 12 миң сом айлык алып келсе, анын айлыгы эми 18 миң сомго чейин көтөрүлөт.

Сөзүмдүн соңунда, мугалимдерге чыгармачыл ийгиликтерди, алардын түйшүктүү ишинде жаңы дем жана шыктанууну каалайм. 

Жаңы окуу жылында мыкты жаңылык-мугалимдердин айлыгы 30%га көтөрүлөт

Иш-чарага 300дөн ашуун киши катышты.

Гульмира Кудайбердиева, КР Билим берүү жана илим министри: “ “Инклюзивдүүлүк”, “электрондук күндөлүк” заманбап билим берүүнүн алгачкы кадамдары ”

-Алгач, бүгүнкү кеңешменин бардык катышуучуларына атайын убакытыңыздарды бөлүп, биздин иш-чарага катышып жатканыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз. Анткени сиздердин колдооңуздар биз үчүн абдан маанилүү. 

Келерки жылы биз 2020-жылга чейинки билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясын жыйынтыктайбыз, ошондуктан 2030-жылга чейинки билим  берүүнү өнүктүрүү Стратегиясынын долбоорун иштеп чыктык. 2030-жылга чейинки Стратегия учурдагы Стратегиянын негизги багыттарын улантып кетет, бул өз кезегинде сапат, жеткиликтүүлүк, инклюзивдүүлүк, теңдик, заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү жана көптөгөн ушул сыяктуу  көрсөткүчтөрдү туруктуу түрдө жакшыртууга мүмкүндүк бермекчи. 

Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүктүрүү Стратегиясынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасында коюлган милдеттер билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча жүргүзүлө турган иш-аракеттеринин артыкчылыктарын аныктайт. Алар төмөнкүлөр:Ар бир окуучунун компетентүүлүгүн өнүктүрүүгө багытталган билим берүүнүн мазмуну; Билим берүүнү санариптештирүү (билим берүү процессинин бардык катышуучуларын маалыматтык коммуникациялык технологиялардын ыкмаларына үйрөтүү, окутуунун электрондук чөйрөсүн жана санариптик башкарууну түзүү, дистанттык окутууну жана башка технологияларды колдонуу), Мугалимдердин үзгүлтүксүз кесиптик өнүгүүсү; Инклюзивдик билим берүү; Билим берүүнүн натыйжаларын баалоо (билим берүү уюмдарынын бардык баскычтарында өзүн-өзү баалоонун жана тышкы баалоонун айкалышы, анын ичинде аккредитациялоонун алкагында); Натыйжалуу жана коопсуз окуу чөйрөсүн түзүү, Билим берүүнү башкаруу жана каржылоо. 

Билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында мектепке чейинки жана жалпы билим берүү уюмдарынын саны өсүүдө. Алсак, жалпысынын бала-бакчалардын саны 2013-жылы 819 болсо, 2019-жылы 1497ге өстү. Бир эле 2018-жылдын ичинде алыскы айылдарда 120 бала бакча түзүлгөн, дагы 100 бала бакча мектептердин бошотулган имараттарында ачылган.

Бул чаралар, мектепке чейинки билим берүүгө 197 миң баланы камтууга мүмкүнчүлүк берди. Мектепке чейинки билим берүүгө 6-7-жаштагы балдардын дээрлик 100% камтылууда. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” программасынын-"2019-жылы үчүн мектепке чейинки билим берүүнүн бардык түрлөрү жана мектепке чейинки даярдоо балдардын 40% камтуу менен ишке ашырылды. Министрликтин бул багыттагы иш-аракеттери, анын ичинде 2020 -жылына пландаштырылып жаткан Дүйнөлүк Банктын жаңы долбоорунун колдоосу 2023-жылга чейин мектепке чейинки билим берүүгө 80% баланы камтуу тууралуу Өкмөт программасы бул милдетти аткарууга мүмкүнчүлүк берет.

Үй-бүлөлөрүнүн абалына карабастан, бардык балдар үчүн мектепке чейинки билим алууга бирдей шарт камсыз кылуу үчүн, 2018 жылыдон баштап Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү уюмдарына “Электрондук кезек” программасы ишке аша баштады. 

Программа ишке киргизилгенден тарта Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунун Ысык-Ата районунда ата-энелер тарабынан 115500 электрондук билдирме келип түшүп, 48328 бала бала бакчалардан орун алды. Учурда Жалал-Абад, Баткен, Кызыл-Кыя, Сүлүктү жана Каракол шаарларынан "электрондук кезекке" киргизүү тууралуу арыздар түштү. Ошондой эле, “Мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө мамлекеттик социалдык заказ” долбоору иштелип чыгып, пилоттук негизде ишке киргизилүүдө. Бул долбоордун алкагында мамлекет социалдык заказ аркылуу жеке менчик бала бакчалардын кызматтары үчүн ата-энелердин 50% төлөмүн өзүнө алат. Мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында “Мектепке чейинки билим берүү боюнча Мамлекеттик стандарты иштелип чыкты. Мында, балдарды өнүктүрүү боюнча мектепке чейинки балдардын өнүгүүсүнө багытталган мектепке чейинки түрдүү билим берүү программалары, педагогдордун жаңы кесиптик компетенттүүлүгү камтылган. 

2030-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү Стратегиясында чакырыктардын бири болуп демографиялык өсүү аныкталган. Демографтардын божомолу боюнча, ал жок эле дегенде 2035-жылга чейин созулуп, жыл сайын балдардын саны өсөт дегенди билдирет. Азыртадан эле статистикага ылайык окуучулардын  саны жылына 3,8% га өсүп жатат. 2012-жылдан тартып мектепке барган балдардын саны 256 миңге көбөйүп, 1 – 11- класстардын окуучуларынын саны 1 млн. 268 миңге жетти. Шаарларда окуучулардын саны 25% га, ал эми айыл жерлеринде 14%га көбөйдү. Балдардын санынын мындай өсүшү билим берүү системасына өзгөчө жоопкерчиликти жүктөйт. Кыргызстандын билим берүү системасынын Эң башкы милдети-ар бир балага, социалдык деңгээлине карабастан билим алуу үчүн бирдей мүмкүнчүлүк түзүү болуп эсептелет. Серепчилердин айтымына караганда балдарга билим алууда бирдей мүмкүнчүлүк түзүү-бул Дүйнөнүн алдыңкы билим берүү системалар колдонгон негизги үч принциптердин бири.

Быйыл Бишкек шаарында “балдарды мектепке электрондук каттоо” автоматташтырылган маалыматтык системасы киргизилген. Бул биринчи этап. Жаңы окуу жылында аталган программаны Ош, Жалал-Абад, Токмок, Кара-Балта ж.б. шаарларында жайылтуу пландаштырылууда. Бүгүнкү күнгө чейин Бишкек шаарынын мектептерине 15,700 арыз түшүп, алардын ичинен биринчи класска тапшырылган тиешелүү документтердин түп нускасынын негизинде 91% бала кабыл алынган. 

Кандайдыр бир себептерден электрондук каттоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдалана калбаган  ата-энелер үчүн 25-августка чейин райондук билим берүү борборлорунун алдында комиссиялар иштейт. Мына, ошол жактан милдеттүү түрдө каттоодон өтүүсү зарыл. 

Кыргызстанда биринчи жолу ачык, бардык балдарга тең укуктуу билим берүүгө багытталган инклюзивдик программасы иштелип чыгып Өкмөттүн токтому менен бекитилди. Программанын ишке ашырылышы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын коомго аралашуусуна шарттарды түзөт. Бул программанын алгакчкы натыйжасында: ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү  жана оорунун катуу формасы менен ооруган балдардын билим алуусу бир нече эсе жогорулады. (2018-ж.-474 бала, 2019-ж -1263 бала ). Жыл сайын көрүүсү начар балдар үчүн Брайл шрифти менен атайын окуу китептери басылып чыгат, жалпы билим берүү уюмдарда өзгөчө муктаждыгы бар балдар үчүн педагогикалык-психологиялык коштоонун бардык түрлөрү ишке киргизиле баштады. 

Мектептик билим берүүнүн сапатын жакшыртуу үчүн министрлик бир нече багытта иш жүргүзүп жатат: санариптик билим берүүнү өнүктүрүү, окуу китептери менен камсыздоо, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу ж.б.

Кыргыз Республикасынын Улуттук өнүгүү стратегиясынын жана Өкмөттүн Программасынын алкагында "Жаңы мектеп” - “Келечектин мектеби” программасын ишке киргизип жатабыз. Бул программа бала бакчалардан жана мектептерден баштап заманбап маалыматтык технологияларды колдонууга, технологиялык жактан сабаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү кыргызстандыктардын муунунун пайда болушу үчүн чөйрөнү калыптандырууга багытталат 

Өкмөттүн колдоосу менен ишке ашкан эң маанилүү долбоорлордун бири-бул мектептерди Интернет менен камсыз кылуу. Бүгүнкү күндө 1388 мектеп Интернетке туташтырылды жана 47 мектеп 2019- жылынын биринчи сентябрына чейин кошулат. 

Интернетти билим берүү максатында гана колдонбой, ошондой эле автоматташтыруу аркылуу окуу процессин башкаруу жана ишине мониторинг жүргүзүүнү жеңилдетүү керек. Дал ушуну ишке ашыруу үчүн биз автоматташтырылган “Күндөлүк” маалыматтык системасынын пилоттук долбоорун киргизип жатабыз. Аталган программа ата-энелерди баласынын ийгиликтери тууралуу маалымдоо менен алардын билим берүү процессине тартылышын күчөтөт.  

Конкурс өткөрүлүп, жыйынтыгында 8 ИТ-компания тандалып алынды, алар жалпысынан алганда 100гө жакын мектепке өз продуктун 2019-жылдын биринчи сентябрынан 31-декабрына чейин киргизиши керек.

Бул долбоордун биринчи этабы. Экинчи этап 2020-жылдан башталып, республиканын бардык мектептерине жайылтылат. Квалификацияны жогорулатуу курстарын ишке ашыруу үчүн дистанттык билим берүүнүн платформасы иштелип чыгып, 2019-жылдын 15-сентябрынан ишке киргизилет. Ал квалификациясын жогорулаткан мугалимдердин санын 10 497 ден 20 000 мугалимге көбөйтөт.

Жыйынтыктап жатып, адамдык капиталды өнүктүрүүдө маанилүү ролун эске алуу менен бүгүнкү күндө мамлекетибизде билим берүү системасына абдан чоң маани берилип жаткандыгын айткым келет. Себеби, билим берүү системасына Кыргызстандын калкынын дээрлик жарымынын түз же кыйыр түрдө тиешеси бар. 

Ошондуктан биздин милдет-кайсы гана деңгээл болбосун билим берүү уюмунун ар бир бүтүрүүчүсүнө келечектин активдүү куруучусу болууга мүмкүнчүлүк берген компетенттүүлүктөргө ээ кылуу. 

Алмаз Калпаков, Ысык-Көл районунун Семеновка айылындагы Колесников атындагы орто мектептин директору: “Билим берүү системасын дагы санариптештирүү заман талабы”

-Бүгүнкү болуп жаткан иш-чара бардыгыбыз үчүн абдан маанилүү. Ушул жактан бардыгыбыз өз көйгөйлөрүбүздү айтып, талкуулап, жетишкендиктерибиз менен бөлүшө алабыз. Учурда, интернет доору. Ошондуктан, билим берүү системасын дагы санариптештирүү заман талабы. 

Бизде бул жылы электрондук журнал, күндөлүк киргизилип жатат. Маалыматтарды жүктөй баштадык. Буюрса, сентябрь айына карата бул иштер толугу менен аяктайт. Албетте, бизде деле бир топ көйгөй бар. Учурдан пайдаланып, мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн мамлекеттен жардам сурап кетким келет. Биздин мектепте 700 окуучу билим алып, аларды жогорку билимдүү 50 мугалим окутат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)