Өлкөдө таза аба маселесине көңүл бурган эксперттер менен жашоочулардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Статистикалык маалыматтарды карап чыгып, Sputnik кабарчысы Кыргызстанда аба канчалык булганганын иликтеп көрдү.
Мында кеп иштеп жатканда зыяндуу заттарды бөлүп чыгарган ар кандай түзүлүштөр менен аппараттардын калдыктары тууралуу сөз болмокчу. Ага азот кычкылы, күкүрттүү газ, көмүртек кычкылы кирет.
Жыл башынан бери калктын саны канчага өстү? Бала көп төрөлгөн аймактар
Былтыркы зыяндуу калдыктын көлөмүн сегиз жыл мурунку көрсөткүч менен салыштыра келгенде жыйынтык үрөй учурган. 2018-жылы 2011-жылга караганда 20 миң тоннага көп калдык чыккан. Эң эле начар көрсөткүч 2015-жылга туура келет — 61 миң тонна. Андан бери калдыктын көлөмү азая берген. Эки жыл мурун 50 миң тоннага жетпеген зыяндуу калдык бөлүнүп чыккан.
Былтыр бул көрсөткүч 57 миң тоннага жетип кайрадан жогорулап кеткени байкалган. Мында жалпы калдыктын 43 пайызы борбор калаага таандык.
Ал эми Ошто абал кыйла дурус. Былтыр Бишкектегиге караганда 12 эсе аз калдык бөлүнүп чыккан.
последние
Рекомендация
- 1Кылымдарды карыткан сай өнөма дүйнөсү-кыргызда табият кооздугун даңазаласа, кытай элинде адамдын коомдогу ордун билдирген
- 2Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Кичи-Чаарат» байытуучу фабрикасын ишке берүү салтанатына катышты
- 3Фарида Балбакова: Безграмотность населения может погубить Иссык-Куль
- 4Эркинбек Маматаев, Ноокен районунун акими: “Райондун аймагында Кытай Республикасынын 31 ишканасы өз ишин жүргүзүп келет”
- 5Моя энергия в энергетическом сотрудничестве двух стран