WeChat      Избранное

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Түштүк Корея Кыргызстандын Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүнүн бири

18/07/2019  Источник:Пресс-служба Правительства КР   шрифта:

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев: Түштүк Корея Кыргызстандын Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүнүн бири

Түштүк Корея Кыргызстандын Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүнүн бири. Бул тууралу Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды активдештирүү үчүн баардык шарттар бар.

Премьер-министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин айтып, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык деп белгиледи. 

«Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу коңшу мамлекеттер менен достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Бизди алар менен кылымдардан бери уланып келе жаткан салт-санаалар жана үрп-адаттар, достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Кыргыз Республикасынын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу эки тараптуу негизде, ошондой эле көп тараптуу форматта дагы өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу «Борбордук Азия - Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойбуз», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы Корея Кыргызстанга шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, натыйжасында парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштык шарттарда өтүп, өз учурунда ал өлкөдө демократиялык өзгөртүп түзүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөткөнүн айтты.

Мындан тышкары, Мухаммедкалый Абылгазиев өткөн бизнес-форумдагы болгон жыйынтыктарды дагы баса белгиледи.

«Кечээ биз, Сиздер менен кыргыз-корея бизнес-форумуна катыштык, анын алкагында бир катар инвестициялык жана соода-экономикалык келишимдерге кол коюлду. Сиздер биздин өлкөгө орто жана ири бизнестин өкүлдөрүнүн коштоосунда келгениңиздер өтө кубандырат. Сиздер биздин бизнес үчүн үлгү көрсөтүп жатасыздар, бул расмий сапардын алкагында эки өлкөнүн бизнес-чөйрөсүн жакындаштыруу мүмкүнчүлүгү пайда болгондугу үчүн кубанычтабыз», - деди Өкмөт башчы.   

«Алдыда эки тараптуу кызматташуу боюнча маселелер көп. Сапардын алкагында кыргыз-корей кызматташтыгынын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуунун жана өз ара аракеттенүүнүн негизинде бир катар келечектүү багыттар боюнча макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деп Өкмөт башчы сөзүн жыйынтыктады.

Өз учурунда Корея Республикасынын Премьер-министри Ли Нак Ён бүгүнкү жолугушуу эки тараптын кызматташуусуна чоң салымын кошорун билдирди. 

Ошондой эле Корея Өкмөт башчысы Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбековдун жана Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өлкөдө демократия жана мамлекеттик баалуулуктарды өркүндөтүүдөгү лидерлик сапаттарын белгиледи.  

Мындан тышкары Кыргызстан ШКУ жана ЕАЭБдин алкагында регионалдык кызматташууга өз салымын кошуп жаткандыгына жогору баа берерин баса белгиледи.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)