WeChat      Избранное

​Асылбек Айдаралиев: “Кытай менен кызматташып, биргеликте иш жүргүзүү абдан маанилүү”

04/07/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Асылбек Айдаралиев: “Кытай менен кызматташып, биргеликте иш жүргүзүү абдан маанилүү”

Сүрөт редакцияга таандык

Акыркы мезгилде, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы кызматташуу алакалары чыңдалып, мамлекеттик деңгээлде өнүгүп келе жатат. Бардык тармактардан бул мамилелерди көрүүгө болот. Саламаттыкты сактоо жааты дагы алардын катарында. 

Мына, дал ушул жаатта кызматташуу мамилесин чыңдап, өнүктүрүп келе жаткан университеттердин бири Кыргызстан Эл аралык университети. Ошондуктан, бүгүн биз Кыргызстан Эл аралык университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы Айдаралиев Асылбек менен эки тараптуу кызматташуу алакалары боюнча маек курдук. 

Асылбек Акматбекович университеттин Кытай медициналык университети менен болгон кызматташуу алакалары тууралуу кеп салып, үстүбүздөгү жылдын Бишкекте ачылган Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу Кыргыз-Кытай заманбап борбору жөнүндө дагы айтып берди. 

“Медициналык университеттер Альянсын түзүү саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө болуп бере алды” 

-2016-жылы, 3 жыл мурун мени Кытай Эл Республикасынын Шэньян шаарына чакырышкан эле. Ал жакта “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында Медициналык университеттердин Альянсы түзүлгөн. Бул иш-чараны Кытай медициналык университети уюштурган. Чындыгында, бул университеттин коңшу мамлекетте кадыр-баркы абдан чоң. Анда 16 миңден ашуун студент билим алат, келечектеги дарыгерлердин татыктуу билим алуусу үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.

Мына ошондо, ал жакка медицина тармагында билим берген 49 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү чогулушту. Борбордук Азиядан биздин университет гана катышты. Ушул жолугушуунун жыйынтыгында Альянс түзүлгөн. Бул кадам аркылуу биз дагы да болсо эл аралык байланыштарды чыңдоодо өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейте алдык. Тактап айтканда, студенттер менен алмашуу, академиялык мобилдүүлүк, тажрыйба алмашуу жаатында дагы бир топ макулдашуулар болуп, заманбап технологиялар менен иштешүү, бир-бирибизге көмөк көрсөтүү иштери айтылып, Альянстын башкы максаттары белгиленип, анын ишмердүүлүгүнүн алгачкы кадамдары такталган. 

Бул медициналык университеттер Альянсында мени вице-президент кылып шайлашкан. Ушул иш-чаранын негизинде көптөгөн кесиптештерим менен жакындан таанышып, баарлашууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүлгөн эле. Алардын бири Кытай Жүрөк-кан тамыр ассоциациясынын өкүлү доктор Тан болду. Доктор Тан ошондо эле, биргеликте иш жүргүзүп, кызматташуу сунушун айткан.

Былтыр, 2018-жылы биздин университеттин 25 жылдык мааракесинин урматына Кытайдан атайын делегация чакырганбыз. Ал жактан 15 киши келди. Бул иш сапар эки тарапка тең абдан пайдалуу болду десем жаңылышпайм. Анткени, Кытай кесиптештерибиз да бизди жакындан таанып, университетибиздин ишмердүүлүгүн көрүп, биле алышты. Жыйынтыгында кызматташуу үчүн эки тараптуу келишим түзүп, меморандум кабыл алдык. 

Бишкекте жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуунун кыргыз-кытай заманбап борборун ачуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Делегация жетекчилери Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугушушту. Кыргызстан кызматташууга ар дайым ачык экендигин, бийлик бул алакаларды өнүктүрүүгө көмөкчү боло тургандыгына өздөрү күбө болушту. Мындан сырткары, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде, Кардиологдор ассоциациясын уюштуруу боюнча дагы макулдашуулар болду. 

Ушул жылдын май айында Кыргызстандын белгилүү хирургу, Орто Азияда алгачкы жолу жүрөккө операция жасап, тарыхта аты калган Иса Ахунбаевдин 90 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарага дагы 21 кытай кесиптешибиз келген. Ахунбаев Кыргызстанда медицина илимин өнүктүрүүдө жана жергиликтүү медициналык кадрларды тарбиялап чыгарууда чоң роль ойногондугу бардыгыбызга белгилүү. 

Анын жыйынтыгында Бишкекте жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуунун кыргыз-кытай заманбап борбору ачылды. Дал ушундай борбор 18-июнь күнү Кытайдын Сучжоу шаарында дагы ачылды. Мен борбордун ачылышына барып катышып келдим. Уюштуруу иштери абдан жогорку деңгээлде өттү. 

Ошондо, биз эки тараптуу кызматташуу келишимине дагы кол койгонбуз. Мына, ошол жерде кыргыз-кытай медициналык колледжин ачуу боюнча дагы пункт бар. Учурда ушул жаатта дагы иштерди аткарып жатабыз. 

Биз үчүн Кытай менен медициналык жаатта кызматташып, биргеликте иш жүргүзүү абдан маанилүү. Себеби, коңшу мамлекет саламаттыкты сактоо тармагында дагы абдан тез өнүгүп, алдыга озуп чыккандыгы эч кимге жашыруун эмес. Мен дагы барып, алардын ишмердүүлүгүнө өзүм күбө болуп жүрөм, акыркы технологиялык жабдыктар, дарыгерлердин ийгиликтүү иштөөсү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Тажрыйбасы абдан мол. Студенттер менен да алмашуунун үстүнөн иштеп жатабыз. Кытай студенттери бизге келсе, биздикилер ал жактан билимин тереңдетишсе деген жакшы ойлорубуз дагы бар. 

“Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу Кыргыз-Кытай борборунун ачылышы замандын талабы” 

 Бишкекте Жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуунун Кыргыз-Кытай заманбап борборун ачылышы үстүбүздөгү жылдын май айында болуп өттү. Борбор Кытай тараптан жабдылып, заманбап техникалар менен камсыз болгон. Анын ийгиликтүү иштөөсү үчүн 2018-жылы эки адисибиз бул жаатта билимин тереңдетип, акыркы технологияларды өздөштүрүү жана жүрөк-кан тамыр ооруларынын жаңы дарылоо ыкмаларын үйрөнүп келишкен. Быйыл болсо, 20 дарыгер оорулууларга кесиптик жардам көрсөтүү үчүн стажировкага кетишмекчи. 

Кыргызстандын саламаттык сактоосун өнүктүрүү стратегиялык багыт болуп саналат. Бул жагынан алганда жүрөк-кан тамыр оорулары менен күрөшүүдө олуттуу өбөлгө болуп бермекчи. Белгилүү болгондой, жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары - бул азыркы доордун пандемиясы жана дагы деле алар дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өлүмгө алып келген себеп болуп саналат. 

Ошондуктан жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу борборунун ачылышы - Кыргызстандын саламаттык сактоо тармагы үчүн маанилүү окуя. Борбордун иши жүрөк-кан тамыр ооруларын дарылоодо жогорку квалификациялуу жардам алууга мүмкүндүк берет. 

“Кытай көз алдыбызда өзгөрүп, өнүгүүдө” 

-Чындыгында, мен Кытай менен көптөн бери таанышмын десем жаңылышпайм. Биздин окуу жай 25 жылдан ашуун өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Жаш десек болот. Мен буга чейин Ыраакы Чыгышта иштеп келгем. Мына, ошол жакта америкалыктар, япондор менен биргеликте университет уюштурган элек. Ал жактан алган тажрыйбанын негизинде бул жакта ушул окуу жайын негиздегенбиз. 

Мына, ошол кезде, мен эң алгачкы жолу Кытайга Синьцзянга барган элем. Илимий иш-чарага катышып, коңшу мамлекет менен биринчи тааныштыгым болгон. Чынын айтсам, ал мезгилде Үрүмчү чоң бир айылга эле окшош болчу. Андан бери бир канча жыл өттү. Кийин Кытайга барганым менен Үрүмчүнү толук деле көрчү эмесмин. Бул жолу болсо, Үрүмчүдөн мени тосуп алышып, кыдыртышты. Эми, ал таанылгыс болуп өнүгүптүр. Заңгыраган жолдору, бийик имараттары, заманбап курулуштар, бардыгы бир-бири менен айкалышып, жаңы, өнүккөн шаарга айланыптыр. 

Чындыгында, Кытай көз алдыбызда өзгөрүп жатат. Ал ушунчалык тездик менен өнүгүүдө. Мисалы, ошол эле Шэньян. Ал шаарды эки жыл мурун көрдүм эле, быйыл барганда таптакыр башка шаар. 

Жогоруда айткандай, Кытай Эл Республикасы менен мамилебизди өнүктүрүп, жигердүү кызматташуу бардыгыбыз үчүн пайдалуу. Биздин жакынкы коңшубуз, бардык тармактарда тажрыйбасы мол, экономикасы күчтүү. Кытайда саламаттыкты сактоо тармагына абдан жакшы көңүл бурулат. Ошондуктан, биргеликте иштешип, байланышты чыңдоо заман талабы. 

Кыскача маалымат 

Айдаралиев Асылбек Акматбекович - (1941ж. туулган, Ысык-Көл облусу, Пржевальск шаары (азыркы Каракол)) - физиолог, медицина илимдеринин доктору (1977), профессор (1988), КРнын УИАнын академиги, КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1996), КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери, (1998) КРдин ыйгарым укуктуу элчиси. 

КММИни бүтүргөн (1964). Кыргыз ССР ИАнын физиология жана эксперименттик патология институтунда, СССР ИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнүн Түндүктүн биологиялык проблемасы боюнча институтунун директору (1987-94). РИАнын Ыраакы Чыгыш бөлүмүнүн, “Арктика” эл аралык ИИБнын, ошондой эле Түндүк Чыгыш илимий борборунун төрагасынын орун басары болуп иштеген (1989-94). 

1994-жылдан Кыргызстандагы Эл аралык университеттин президенти. 2001-жылдан КРдин президентинин алдындагы Too райондорун өнүктүрүү боюнча улуттук борбордун төрагасы. Илимий иштери экстремалдык абалдагы физиология, космос жана авиация медицинасына арналган.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)