WeChat      Избранное

​V Дүйнөлүк эпос фестивалы-улут баалуулуктарын даңктаган Кыргызстан

05/07/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​V Дүйнөлүк эпос фестивалы-улут баалуулуктарын даңктаган Кыргызстан

Илимий симпозиумдун жүрүшүнөн бир көз ирмем.

Сүрөттөр редакцияга таандык

26-30-июнь күндөр аралыгы Кыргыз жергесинде залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата V Дүйнөлүк эпос фестивалы болуп өттү. Бул эл аралык фестивалга Азербайжан, Армения, Австралия, Абхазия, Алтай, Индия, Түркия, Хакасия, Калмыкия, Кытай, Франция, Тыва, Италия, Тажикстан, Латвия, Грузия, Башкортостан, Өзбекстан, Казакстандан өкүлдөр катышып, ар бир улут өзүнүн фольлордук баалуулуктарын элге тартуулап, сынактарга катышышты. 

Фестивалдын алкагында бир катар кароо-сынактар уюштурулуп, мыктылар тандалып алынды. Муну менен катар эле, 40тан ашуун илимпоз-окумуштууларды бир арага чогулткан 2 күндүк илимий эл аралык симпозиум дагы болуп өттү. 

Андан соң, сырттан келген меймандар Ысык-Көлгө барып, Кыргызстандын ажайып жайлары менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк алышты. 

Бул эл аралык фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан уюштурулду. 

Илимий симпозиумдун маданият тармагында эл аралык алаканы бекемдөөгө кошо турган салымы абдан зор 

27-28-июнь күндөрү Кыргыз Республикасында XX кылымдын алп манасчысы – Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата Эл аралык илимий практикалык симпозиум болуп өттү

Симпозиум “Болмушту чагылдыра турган форма катары мифопоэтикалык жана эпикалык дүйнө элеси” темасынын алдында өттү. 

Бул илимий иш-чарага көптөгөн мамлекеттердин алдыңкы окумуштуу, изилдөөчүлөрү катышып, фольклорду сактоо, колдоо жаатындагы маселелерди талкуулашты. Муну менен катар эле, ар бир катышуучу өз мамлекетинин ушул жаатта жараткан ийгиликтери менен тааныштырып, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 

Симпозиумга Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов катышып, бүгүнкү күндөгү “Манас” эпосунун орду жана аны алып жүрүүчүлөрү жана ролу тууралуу кайрылуу жасашты. 

Министр Азамат Жаманкулов бүгүнкү күндө Кыргызстан “Манас” эпосун сактап калууга тиешелүү аракеттерди жүргүзүп жаткандыгын өзгөчө белгилеп, өтүп жаткан эл аралык симпозиум анын далили экендигин айтты. 

“Биз эпостордун алып жүрүүчүлөрүн жана изилдөөчүлөрүн башын бириктирип, Кыргызстанга чогултканыбызга “Манас” эпосубуз ага негиз болду. Андыктан, аткарыла турган иштердин маанилүү экендигин эске алып, мындан ары дагы маданий алака түзүүгө даярбыз. Чындыгында, бул иш-чаранын маданият тармагында эл аралык алаканы бекемдөөгө кошо турган салымы абдан зор”,-деген оюн кошумчалады. 

Министр: “Бүгүнкү күндө, “Манас” эпосубуздун сакталып калышына жакшы кам көрүлүүдө. Учурда Кыргызстанда “Манас” эпосун айтуучулар тамга тааныбай, ал гана турсун калем сап кармап жаза элек жаш улан кезинен манас айтып жаткандыгы менен сыймыктана алабыз. Сиздерге белгилүү жаш манасчы “Үмөт” тууралуу айткым келет. Биз Кыргызстанда ушул маданиятты алып жүрүүчүлөрдү, илимий жактан изилдөөчү окумуштууларыбызга колдон келген шарттарды түзүп берүүбүз керек”,-деп айтып өттү. Бардыгыбыз үчүн ушул сыяктуу симпозиумдардын өтүп туруусу абдан маанилүү деп билдирди.

Ал эми, Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер- Нияз бүгүнкү күндөгү жер шаарында жашап жаткан бардык улуттардын тарыхый маданий мурастарын сактап калууга болгон аракеттерин жумшап жаткандыгын, анын ичинде Кыргызстан бешинчи жолу эпосту алып жүрүүчүлөрдүн башын бириктирип Кыргызстанга чогултуп жаткандыгын сыймык менен белгиледи.

Эске салсак, дүйнөлүк эпостор фестивалы долбоору Кыргызстанда 5-жолу өтүп, жыл сайын аудиториясы кеңейип, козголуучу тема актуалдуу бойдон калып келет. Чет элден келген окумуштуулардын айтымында, манас айтуучулук өзгөчө бир адамга берилген талант. Аны сактап калуу, улантуу жана маданий мурас катары баалоо заман талабы. Бүгүнкү болуп жаткан симпозиум дагы аны коргоого, сактоого жасалган мыкты кадам болуп саналат. 

​V Дүйнөлүк эпос фестивалы-улут баалуулуктарын даңктаган Кыргызстан

Жеңишти чакырып, эрдикти даңазалаган Тибет бийи. 

Асель Исаева, Улуттук илимдер академиясынын кызматкери: “Фестиваль айтуучулук өнөрү сакталып калган мамлекеттер үчүн абдан маанилүү” 

-Дүйнөлүк эпос фестивалы эң алгачкы жолу 2006-жылы өткөрүлгөн. Ал Кыргызстан тарабынан демилгеленип, уюштурулган. Учурда, Орто Азиянын башка өлкөлөрүндө дагы өткөрүлүп жүрөт. Форматы дал биздикиндей эле. 

Чындыгында, бул иш-чара абдан масштабдуу болуп, улуттук маданий баалуулуктарыбызды сактоодо анын мааниси абдан зор. Фестиваль айтуучулук өнөрү сакталып калган мамлекеттер үчүн абдан маанилүү. Бүгүнкү болуп жаткан симпозиумга 23 мамлекеттин окумуштуу-изилдөөчүлөрү катышууда. Ар бири өз өлкөсүн тааныштырып, доклад окуп беришти жана дагы алдыдагы пландары менен бөлүшүп, кандай багытта иш алып баруу керектигине токтолуп өтүштү. Абдан кызыктуу маалыматтарды алдык. 

Эпос таануу жаатында көптөгөн ачылыштар, ийгиликтер болуп жатат. Бирок, ааламдашуу доорунда аларды сактоо, жаштардын көңүлүн кантип бурдуруу керек деген сыяктуу суроолорго жооп табуу заман талабы. Мына, ушундай маселелердин тегерегинде дагы талкуулоо болду. Ошондуктан, фестиваль жеке гана өнөр адамдарын бир арага чогултпастан, илимпоздордун дагы башын бириктирди. 

Бул жолу Кытай Эл Республикасынан дагы 14 адамдан турган делегация келип иш-чарабызга катышып отурушат. Алардын арасында ар түрдүү жанрдын аткаруучулары дагы бар. Коңшу мамлекеттин өкүлдөрүнүн бул фестивалга катышуусу биз үчүн дагы абдан маанилүү. Себеби, кытай фольклорунун тамыры дагы абдан терең. Биздин бул жаатта үйрөнчү жактарыбыз дагы көп десем жаңылышпайм. 

Белгилүү болгондой бул эл аралык фестиваль быйыл 5-жолу өткөрүлүп жатат. Анын эң алгачкы модератору кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов болгон. Бул иш-чаранын өткөрүлүүсүнө Улуттук илимдер академиясы дагы өз колдоосун жигердүү көрсөтүп келе жатат. 

Дай Цзи, кытай изилдөөчүсү: “Кытай улуттук баалуулуктарды сактоого өзгөчө кам көрөт” 

-Мен V Дүйнөлүк эпос фестивалына катышып жаткандыгым үчүн абдан кубанычтамын. Кыргызстанга алгачкы жолу келишим. Бардыгы жакшы, иш-чаранын уюштуруу иштери дагы жогорку деңгээлде болду десем жаңылышпайм. 

Бүгүн мен илимий симпозиумда Кытайдагы фольклорду сактоо жана коргоо жаатында жүргүзүп жаткан иштер менен өзүмдүн кесиптештеримди тааныштырдым. Алар тарабынан докладым жакшы кабыл алынды. Чындыгында, акыркы жылдары ушул жаатты изилдеп, кызыккан жаштарыбыз көбөйүүдө. Анткени, мамлекет дагы бул тармакка абдан жакшы көңүл буруп, улуттук баалуулуктарды сактоого өзгөчө кам көрүп келет. Ошондуктан, ушул тармакта иш алып барып, эмгектенүүгө бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берген. 

Кытай делегациясы 3 номер менен келдик. Биринчиси тибет элинин эпосу Гесерден үзүндү, экинчиси тамак менен ырдоо, үчүнчүсү болсо жоокер бийи. Бул бийди согуш заманында тибет эли жоокерлердин жеңишке жетүүсү үчүн бийлешкен. Бүгүнкү күнү дагы чоң-чоң майрамдарда ушул бий сөзсүз түрдө аткарылып, кандайдыр бир деңгээлде салтка айланып калган. 

Биринчи орунду багынткан мыктылар 

"Мыкты дастанчы" сынагы:

1-орун — Турдукан Сарбанова (40 000 сом);

2-2-орун — Улук Токтоболот уулу жана Нурсултан Кадыралиев (25 000 сом)

3-3-орун — Айзада Касаболотова, Гүлбаран Бекмурзаева жана Калыбек Турганов (15 000 сом).

"Мыкты манасчы" сынагы:

1-орун — Жанат Канат уулу (50 000 сом);

2-2-орун — Нурбек Талантбеков, Гүлжигит Кубанычбеков (30 000 сом);

3-3-орун — Муса уулу Төлөбек, Улукбек Билашев (20 000 сом).

"Мыкты боз үй" сынагы:

1-орун — Айымгүл Матанова, Ысык-Көл (70 000 сом);

2-2-орун — Расан Исаева, Талас облусу (50 000 сом);

3-3-орун — Таалайкан Аалиева, Бишкек шаары (30 000 сом).

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)