WeChat      Избранное

​Максат Дамир уулу: “Кытай туристтери саякаттоого эң көп акча короткон зыяратчылардын катарына кирет”

11/07/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Максат Дамир уулу: “Кытай туристтери саякаттоого эң көп акча короткон зыяратчылардын   катарына кирет”

Сүрөттөр интернеттен алынды

Жай мезгилинин келиши менен Кыргызстанга келип, эс алууну каалаган туристтердин саны көбөйүүдө. Мына, ушул эс алуу сезонунун аптабында биз Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу менен кызыктуу маек курдук. Максат Дамирович, департаменттин ишмердүүлүгү менен тааныштырып, Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу дагы кеп салып берди. 

-Алгач, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин ишмердүүлүгү менен окурмандарды тааныштыра кетсеңиз?

-Биздин департамент 2013-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Ушул жылдар аралыгы туризм жаатында бир катар иштер аткарылды. Биздин башкы милдетибиз туризм тармагындагы мамлекеттик саясатты камсыз кылуу жана жүзөгө ашыруу болуп саналат. Мисалы, туристтер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү, бул тармакты өнүктүрүү, мамлекеттин эл аралык имиджин көтөрүү ж.б. болуп саналат. 

Чындыгында, бул жаатта аткарылчу иштер али көп, дагы да болсо алдыга коюлган пландарды жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштеп жатабыз. Департаменттин ишмердүүлүгүнүн негизинде Кыргызстандын туризм тармагында иш алып барган көптөгөн туристтик фирмалар менен кызматташабыз. Муну менен катар эле, ушул жааттагы кандайдыр бир мыйзам актыларына дагы өзгөртүүлөрдү киргизип, сунуштоонун үстүнөн дагы иштейбиз. Кыргызстандын туризм тармагын изилдеп, аны өнүктүрүү, чет мамлекеттерге жергебиздин туристтик потенциалын таанытуу сыяктуу багыттагы иштерди алып барабыз. 

Ушул жаатка инвесторлорду дагы тартып, эки тараптуу кызматташууну чыңдап келүүдөбүз. Инвесторлорго ыңгайлуу жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү учурдун талабы. Ошондуктан, бардык кызматташууларга даярбыз, инвесторлорго дагы өз колдообузду көрсөтүп, анын ийгиликтүү иштеп кетүүсү үчүн өз көмөгүбүздү көрсөтмөкчүбүз. 

-Учурда, департамент кандай иштердин үстүнөн иштеп жатат, сунушталган программалар боюнча айтып берсеңиз?

-Департамент тарабынан Өкмөткө бул тармакта стратегиялык багыттарды жаңылоо сунушу киргизилген. 2019-жылдын башында биз 2019-2023-жж. аралыгындагы туризм тармагын өнүктүрүү боюнча атайын Өкмөттүк программаны сунуштаганбыз. Ал кабыл алынып, учурда аны ишке ашыруунун үстүнөн иштеп жатабыз. 

Негизинен 3 багытта иш алып баруудабыз. Биринчиси, инвесторлорго КРде туризм жаатында иштөөгө ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү. Экинчиси болсо, бизге келген туристтердин жакшы эс алып кетүүсү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтип, жакшы шарттар менен камсыз кылуу. Ал эми, үчүнчүсү болсо маркетинг иш-аракетттери. Ар бир пункта көптөгөн маселелер каралган. Биринчи пунктту ала турган болсок, жылдын башында бир катар жаңылануулар кабыл алынган. Мисалы, визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу. Эгерде, мурда бул мыйзам 2020-жылга чейин гана иштесе, учурда 2025-жылга чейин өз күчүндө калмакчы. 

Муну менен катар эле, мурун 90 күнгө визасы жок КРге кире ала турган мамлекеттин саны 45 болсо, бүгүнкү күнү алардын саны 52ге жетти. Тактап айтканда, 7 мамлекетти коштук. Дагы “Ачык  асман” саясатын кабыл алдык. Бул бизге эмне берет? Бул дагы туристтик абалды жакшыртууга мыкты көмөкчү боло турган кадам. Бул эл аралык авиакаттамдардын Кыргызстан аркылуу учуп өтүүсүн камсыз кылмакчы. Мына, ушул боюнча кызыкдар болгон кытай авиакомпанияларына дагы кайрылат элем. Алар дагы биздин ушул кызматты колдонуп, Кытайдын шаарларынан чет мамлекеттерге боло турган каттамдарын Бишкек аркылуу кылышса болот. Буга КРдин мыйзамы тарабынан бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Учурда, болсо аны жүзөгө ашыруунун үстүндөбүз. 

Ал эми, экинчи пункт боюнча дагы жигердүү иштер аткарылып жатат. Негизинен инфраструктураны жакшыртуу, санитардык абалды оңдоо боюнча иш алып баруудабыз. Мисалы, Ысык-Көлдүн тегерегинде атайын токтоп, эс алуучу жайлар болмокчу. Туристтик маалымат борборлорун куруу иштери дагы каралып жатат. Маркетинг боюнча атайын программа кабыл алынган. Анын ичине Кытай дагы кирет. Чет элдик туристтерди биздин жергеге тартуу үчүн атайын видеороликтер дагы даярдалып, тартылууда. 

-Кытай туристтерин Кыргызстанга тартуу боюнча иштер аткарылып жатабы?

-Кытай Эл Республикасы Кыргызстан үчүн негизги  рыноктордун бири болуп саналат. Акыркы жылдары, дүйнөдө кытай туристтерин өзүнө тартуу боюнча атайын иштер аткарылып жатат. Анткени кытай туристтери саякаттоого эң көп акча короткон зыяратчылардын катарына кирет. Ошондуктан, бул багытта алып барчу иштерибиз абдан көп. Ички Кытайга чыгып, чоң-чоң шаарларынын жашоочуларына Кыргызстанды таанытуу дагы биздин максаттарыбыздын бири.

Азырынча Кытайдын шаарларында андай презентацияларды кыла элекпиз. Алдыда, Кыргызстандын туристтик потенциалын коңшу мамлекеттин ири шаарларына жакындан таанытуу планыбыз бар. Бирок, бизде Кытай менен ийгиликтүү иштешип жаткан туристтик компаниялар бар. Чындыгында, бул кызматташууга аз да болсо виза маселеси дагы кедерги болууда. Кайсы бир компаниянын жоопкерчилиги алдында туристтик группага виза ачып берүү боюнча дагы маселени ойлонуп жатабыз. Мисалы, Кыргызстан менен Кытайдын туристтик компаниялары бир-бири менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тарап тең жоопкерчилигин мойнуна алуу менен белгилүү бир компанияга гана туристтерди жөнөтсө, кабыл алса, анда туристтик топко виза алуу иши дагы бир кыйла жеңилдемек. Ушундай жол менен дагы Кыргызстанга келүүнү каалаган кытай туристтеринин саны көбөймөк деп ойлойм. 

​Максат Дамир уулу: “Кытай туристтери саякаттоого эң көп акча короткон зыяратчылардын   катарына кирет”

-Сиздердин департамент Кытайдын туризм жаатындагы бийлик булактары менен кызматташтык алакасы барбы?

-Албетте, бар. Акыркы жылдары бул эки мамлекет ортосунда бардык тармактарда кызматташтык мамиле чыңдалып, бекемделүүдө. Туризм тармагы дагы алардын катарында. Чындыгында, кээ бир жааттагы кызматташууларга караганда анчалык деңгээлде өнүгө электир. Бирок, алгачкы кадамдар жасалган. Тактап айтканда, эки өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө карата кабыл алынган макулдашууларыбыз бар. Ушул макулдашуунун негизинде иштеп жатабыз. Алдыда, дагы бул кызматташууну өнүктүрүп, жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатабыз.    

-Кыргызстандын туризми тууралуу кеп салып берсеңиз?

-Биздин жергебиздин табияты өзгөчө кооз. Абасы таза, суусу тунук. Ошондуктан, жергебиз кышкы да, жайкы да туризмге ылайыктуу. Ысык-Көлдөн сырткары, тоо лыжасы, жөө жүрүү туризми, велосипед туризми, экотуризм, ат туризми жана маданий-таанытуу багытындагы туризм. Булардын бардыгы бизде бар. 

Тоо лыжасынын сезону декабрдан апрелге чейин созулат. Кыргызстанда кышкы курорттор абдан көп. Акыркы жылдары лыжа тебүүгө келген чет элдиктер дагы көбөйүүдө. Ошондуктан, бул жаатты дагы өнүктүрүү заман талабы. Жөө жүрүү туризми дагы жакшы өнүгүүдө. Ал үчүн бардык ыңгайлуу шарттар бар. 

Ал эми, экотуризм тууралуу айта турган болсок, бул замандын талабына жооп берген, учурдагы туристтердин көңүл чордонундагы мыкты тармак. Эмнеге дегенде, азыр адам колу тийбеген, эч жери өзгөртүлбөгөн, экологиялык таза туризмге элдердин абдан кызыгып турган кези.  Кыргызстан бул жактан алганда уникалдуу өлкө болуп саналат. 

Жергебиз маданий-тарыхый жайларга абдан бай. Кыргызстандын аймагында 5000ден ашуун ажайып жайлар бар. Бул жайлар аркылуу тарыхтын бир топ барактарын ачып, канчалаган маданият менен таанышып чыгууга болот. Ошондуктан, Кыргызстандын эшиги бардык туристтер үчүн ачык. Ар бири өзүнүн жан дүйнөсүнө жакын эс алуунун түрүн тандай алышат. 

-21-июнь Шанхай кызматташтык уюмунун түзүлгөн күнүнүн урматына Кытай Эл Республикасынын  Пекин шаарында “ШКУнун 8 керемети” аталышындагы жарманке болуп өттү. Бул иш-чарага Кыргызстандан Ысык-Көлдүн сүрөттөрү коюлуп, кытай элине жакындан таанытылды. Ушул боюнча айтып берсеңиз?

-Чындыгында, бул абдан маанилүү жана кызыктуу жарманке болду. Ал үчүн Бишкек шаарында атайын туризм жаатындагы эксперттик топтун жыйынын өткөргөнбүз. Мына, ошол жактан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөр өздөрүнүн туристтик объектилерин сунушташкан. Биз болсо, ушул “ШКУнун 8 кереметине” киргизүүнү Ысык-Көлдү сунуштаганбыз.

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, кыргыз бермети Ысык-Көлсүз Кыргызстандын табиятынын толук сулуулугун элестетүүгө мүмкүн эмес. Акын-жазуучуларга гана эргүү бербестен, ага эс алууга келген бардык элге өзгөчө маанай тартуулап, табиятынын кооздугу менен өзүнө тарткан көлдү, бүгүнкү күндө “туризмдин борбору” деп атоого болот. Учурда, табиятынын кооздугуна, суусунун тунуктугуна суктанып келген чет өлкөлүктөрдүн саны арбын. Өзгөчө, бул жак сырттан келген туристтердин сүйүктүү жайы  болуп саналат. Өзүңүздөр билгендей, Ысык-Көлдүн жаратылышы дагы абдан кооз. Ошондуктан, ушул уникалдуу көлүбүздүн сүрөттөрүн  Пекин шаарында болуп өткөн “ШКУнун 8 кереметине” презентация кылуу чечимин кабыл алганбыз. 

-Сиз өзүңүз Кытай Эл Республикасында болдуңуз беле, кайсы шаарларын кыдырдыңыз, алган таасирлериңиз менен бөлүшүп кетсеңиз?

-Кытайдын бир катар шаарларында жумуш менен барып, иш-чараларга катышып келгем. Чындыгында, Кытай Өкмөтү эл аралык иш-чараларды уюштурууга абдан жакшы көңүл бөлөт эмеспи. Бардыгы жогорку деңгээлде өткөн. 

Былтыркы жылдын декабрь айында КЭРдин Янчжоу шаарына баргам. Ал жактан Кыргызстанды туристтик потенциалын таанытып, презентация жасагам. Бул сапарым да абдан маңыздуу жана кызыктуу болду. Янчжоу шаары тууралуу көптөгөн кызыктуу маалыматтарды алдым. Шаардын узун тарыхы бар экен. Салттуу кытай архитектуралык курулуштары бүгүнкү күнгө чейин сакталып, заманбап имараттар менен айкалышып өзгөчө көрк берип турганына күбө болдум. 

Ал жактагы кытай кесиптештеримдин айтып берүүсү боюнча, жергиликтүү эл арасында байыртадан бери эле оозеки-чыгармачылык абдан өнүккөн экен. Өз мезгилинде алардын чыгармалары император сарайына чейин айтылып, өзгөчө статуска ээ болгондугу жөнүндө маалыматтар бар. Муну менен катар эле, жаратылышты тартып жаткан сүрөтчүлөрдүн топторун дагы кездештирдик. Чындыгында,  Янчжоунун табияты абдан кооз, суктанарлык экен. Мага бул шаар кандайдыр ички чыгармачылык байлыкка өзгөчө маани берген, өнөр адамдарынын шаары катары сезим калтырды. 

Дагы бир мени өзгөчө таң калтырган маалымат бул-шаардын “Үч бычак” деп да аталганы болду. Байыркы мезгилдерде кытай эли башка шаарлардан атайын Янчжоуга келип чач тегиздетип кетип турушкан экен. Ошондуктан, биринчи “бычак” бул- чач тегиздөө катары кабыл алыныптыр. Экинчи “бычак” болсо, Янчжоу ашканасы. Бул жактын тамагы өзгөчө болгондугу үчүн, шаарга тамактануу үчүн келген меймандар көп болуптур. Кытайлардын айтуусу боюнча, кытай ашканасынын негизги тамактарынын түбү дал ушул шаардан чыккан экен. Чындыгында, бул жактын тамагы мага дагы абдан жакты.  Ал эми, үчүнчүсү болсо, педикюр. Мисалы, көчөдө кетип бара жатсаң, бутка массаж кылган салондорду көрүүгө болот. Бутка массаж кылуу менен бирге эле, кошо педикюр дагы кылышат экен. Бул эми, байыртан бери сакталып, салтка айланып калган көрүнүш да. 

Янчжоу, мага абдан жакты. Жакшы таасир калтырды. Чындыгында, ар бир улутту бир-биринен айырмалап, өзгөчөлөнтүп турган дал ушул каада-салттары, жашоо-турмушу да. Канча көп элди таанып билип, маданиятын жакындан үйрөнсөң, ошончолук дүйнө таанымың кеңейет эмеспи. 

​Максат Дамир уулу: “Кытай туристтери саякаттоого эң көп акча короткон зыяратчылардын   катарына кирет”

Кыргызстандын ажайып жайлары 

Табышмактуу Таш-Рабат 

Орто кылымдарда Борбордук Азияда курулган архитектуралык эстеликтердин арасынан Нарын облусунда жайгашкан айтылуу Таш-Рабат тарыхый комплекси эң уникалдуу деп эсептелинип келет. Себеби, Таш-Рабатка окшош чоң, архитектуралык курулуш ыкмасы татаал эстелик бүтүндөй Азия аймагында жок. Жалаң жалпак таштардан салынгандыктан ал Таш-Рабат аталып бүгүнкү күндө дүйнө элинин туристтерин кызыктырган уникалдуу жайга айланган. Таш-Рабат деңиз деңгээлинен 3600 метр бийиктикте, Нарын облусунун Ат-Башы районунун борборунан 80 километр алыстыкта, Тянь-Шандын тоолорунун арасындагы Кара-Коюм капчыгайында жайгашкан.

Арсланбаб – бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири

Арсланбаб – бул табияттын уникалдуу туундусу, деңиз деңгээлинен 1600 м бийиктикте жайгашкан, гүлдөгөн оазис. Арсланбаб – бул Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан эң кооз курорттордун бири.

Арсланбаб району Фергана жана Чаткал тоолорунун батыш жана түштүк тараптарында, Бабаш-Ата тоо кыркаларынын кокту-колотунан орун алган. Анын атагын алыска чыгарган – бул баарыдан мурда анын   жалпысынан 608,5 миң гектар жерди ээлеген жемиштүү жаңгак токойлору.

Бирок жемиштүү жаңгак токойлору – Арсланбабдын жападан жалгыз мактанычы эмес.  Деңиз деңгээлинен 2200 м бийиктикте, аска-зоону аралай тоонун көк кашка мөлтүр суулары таштан-ташка уруна, мөңкүп агып жатат. Кээ бир жерлерде алар тээ асмандан атырылып түшүп, жомоктогудай шаркыратмаларга айланышат. Жергиликтүү калк бул жаңгакка байланыштуу мындай уламышты жакшы билишет. Качандыр бир айтылуу Александр Македонский өзү бул жердин жагып калган жаңгак жемишин алыстагы мекенине ала кеткен имиш. Мына ошол жаңгактар Грециянын жаңгак бактарынын түптөлүшүнө негиз болгон экен (ошондон улам жаңгактын бул түрү “грек жаңгагы” аталып калган дешет).

Жети-Өгүздө жайгашкан “Жарылган жүрөк”

Жети-Өгүз Каракол шаарынан батышка карай 28 км аралыкта, Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде жайгашкан эң кооз тоо капчыгайы.

Жети-Өгүз капчыгайы Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы, Ысык-Көлдү түштүгүнөн айланып өтүүчү аты уйкаш дайранын куймасында жайгашкан. Тизилип жаткан өгүздөрдү элестеткен, шамалга тотуккан, тизилген кызыл аскалардан улам ал “Жети-Өгүз” деген атка ээ болгон. Бул аскалар босогодон тосуп алып, капчыгайдын таанытма айырмасындай туюлат. Ал эми “Жарылган жүрөк” деп аталган кызыл аска – жергиликтүүлөр мактанган жай. Арзышкандардын бардыгы дайыма аны жандай сүрөткө түшүшөт.  

Капчыгайда 2200 м бийиктикте Жети-Өгүз курорту жайгашкан. Ал өзүнүн дарылык касиети күчтүү геотермалдык булактары менен атагы чыккан.

“Соң-Көл” деген сөз “Акыркы көл” деген маанини билдирет 

Соң-Көл Тянь-Шань тоолорунун кооз көлү болуп саналат.  “Соң-Көл” деген сөз “Акыркы көл” деген маанини билдирет. Ал Нарын облусунун түндүк-батыш бөлүгүндөгү “Соң-Көл тоо” менен “Молдо тоонун” кырларында жайгашкан зор өрөөнчөдө, деңиз деңгээлинен 3016 м бийиктикте жайгашкан. Көлдүн узундугу 29 км, ал эми туурасы – 18 км, тереңдиги – 22 метрди түзөт. Бул көл Кыргызстандагы эң ири ичүүчү суу топтолгон жай болуп саналат. Көлдүн бетинин аянты – 278 кв. км.  

Соң-Көлдүн суусу тоолордон агып түшкөн чакан дайралардын эсебинен толукталып турат, ал эми көлдөн Соң-Көл дайрасы агып чыгып, оргуштаган Нарын дайрасына кошулат.

Соң-Көл тулаңдуу мейкиндикте жайгашып, кыргыз жайлоолору менен курчалган. Бул жерлерди илгертен бери кыргыздын төрт түлүк малы жайлайт. Жайкысын эл көлдү жээктей көчүп келет да, үй-бүлөлөрү менен жай бою боз үйлөрдө жашашат. Көлгө төрт жол менен барса болот. Бирөөсү Сары-Булак аркылуу түндүк –чыгышынан өтөт, экинчиси түштүк-чыгышта кыйма-чийме (серпантин) жол, үчүнчүсү түштүк-батышында Ак-Тал аркылуу жана төртүнчүсү түндүк-батышта Кара-Кече көмүр шахталарынын жанына өтөт. 

Жаркырап жаткан көлдүн бети алыстан эле көзгө чалдыгат. Бул көл кар баскан Ала-Тоонун койнундагы кымбат баалуу алкакка катылган баа жеткис берметтей сезилет. Көл жээгинин табияты кол тийбеген бойдон болгондуктан ары сырдуу да, ары байыркы жомоктой. Көлдүн кооздугу көз жоосун алып, унутулгус элес калтырат. Аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша көлдүн бети да түсүн өзгөртөт. Ал асмандай көпкөк, же сыя көк, ал тургай кызгылтым же сары да болуп көрүнөт. Ал эми сиз көл жээгинде аны карап олтурган болсоңуз, көл түсүнө жараша маанайын өзгөрткөн сыяктуу сиздин маанайыңыз да нечен түркүн өзгөрүп, не бир  кыялдарга туш болосуз.

Сары-Челек-Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы

Сары-Челек көлү бийик тоодогу өтө кооз көл болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын батышында, Бишкектен 500 км, ал эми Оштон 300 км аралыкта,  Сары-Челек коругунда жайгашкан. Ал Чаткал тоо кыркасынын кызыктуу ажайып жайы. Көлдүн узундугу түндүк-чыгыштан түштүк-батышты карай 7,5 км, суусунун аянты – 507 гектар.Сары-Челек көлү деңиз деңгээлинен 1940 м бийиктикте жайгашкан.   

Жайкысын көлдөгү суунун тепмпературасы Цельсия боюнча + 19 градустан ашпайт, ал эми кышкысын Цельсия боюнча +4төн 0 градуска чейин өзгөрүп турат. Көлдүн суусун ичкенге болот жана андан Кожо-Ата дарыясы агып чыгат.

Көлдү курчаган капчыгайлардан ондогон тоо суулары куюлуп турат. Көлдүн жээктери өтө тик жана салаңдаган аскалар менен курчалган. Жээктен эле дароо тереңдик башталып, кээ бир жерде ал 234 метрге жетет. Тереңдиги боюнча Сары-Челек Орто Азияда үчүнчү, ал эми Кыргызстанда экинчи орунда турат.

Көлдүн түндүк жээктери койкойгон карагайлар менен пихталардын калың токойуна курчалган. Эгер сиз бул жерге келип калсаңыз, Сибирдин чытырман токойлоруна туш келгендей эле болосуз. Көз мелжиген карагайлар жаркыраган көл суусунда күзгүгө карангандай, чагылышып турат. Бул табигый күзгүдөн көлдү курчаган кызыл аскалар менен жашыл ыраң тоолорду да көрүп, сиз өзүнчө эле бир жомоктор дүйнөсүнө туш келгендей болосуз.

Көлдүн “Сары-Челек” деген аты ага күзүндө гана жарашат. Бул убакта бак-дарактардын жалбырактары сары, кызыл түскө боёлуп, көл бал сузган чаканы элестетет. Жылдын калган бардык мезгилинде көлдөгү суу бир аз жашыл ыраң аралаган көк түстө болот. Көлдүн атына бир кооз уламышты байланыштырып жүрүшөт. Ал көл жээгинде аарынын уюгун кармаган балчы жөнүндө. Күндөрдүн биринде ал балды челекке куюп жатып, балдын түсү ага ушунчалык жагып калат да, көлдү “Сары-Челек” деп атап коюптур.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)