WeChat      Избранное

​Кыргызстандын жүрөгүндө Жусуп Мамайдын элеси орун алды

22/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Кыргызстандын жүрөгүндө Жусуп Мамайдын элеси орун алды

Жусуп Мамайдын эстелиги.

Сүрөттөр редакцияга таандык

11-июнь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында Кыргыз Эл баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын айкели ачылды. 

Салтанаттуу аземге вице-премьер-министр А. Өмүрбекова, КРдин Президенттик аппарат жетекчисинин 1-орун басары Алмаз Кененбаев, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кытайдын КРдагы Ыйгарым жана Толук укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь, ЖК депутаттары менен катар коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар, Жусуп Мамайдын небере-чөбүрөлөрү жана шаар тургундары катышышты.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын Эл артисти, биринчи даражадагы “Манас” орденинин ээси Жусуп Мамай Кытайдын азыркы Кызыл-Суу Кыргыз автоном округуна караштуу Ак-Чий ооданындагы Кара-Булак айылынын Ат-Жайлоо конушунда 1918-жылы 4-майда (башка жаңы маалымат боюнча 1916-жылы) туулган. Залкар манасчы Кыргызстанга бир нече ирет келип кеткен. Ал айткан "Манастын" варианты Кытайда араб ариби менен басмадан чыккан.

Белгилей кетсек, Жусуп Мамай өз өмүрүндө оригиналдуу баяндалган “Манас” эпосунун 16 томун чыгарган. Үчилтиктин башкы каармандарынын жашоосун сүрөттөөдөн тышкары Жусуп Мамай Манастын Семетей жана Сейтектен кийин жашаган урпактарынын жашоосу тууралуу айтып берген. Мындан сырткары, Жусуп Мамайдын варианты боюнча “Курманбек”, “Эр Төштүк”, “Багыш”, “Толтой”, “Тутан”, “Жаңыл Мырза”, “Мамаке Шопок”, “Көбөк” сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыккан. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыккан. 

Буга кошумча манасчынын демилгеси менен “манасчылар” мектеби ачылып, ал окуучуларына нечендеген жылдар бою топтогон чыгармачыл жана руханий тажрыйбасын, бардык билимин берүүгө аракет кылган.  

Эске салсак, айкелдин автору – Кыргыз эл баатыры, айкелчи, сүрөтчү Тургунбай Садыков. Ал – Улуттук филармониянын алдындагы манасчылардын айкелинин, “Ала-Тоо” кинотеатрынын каптал жагындагы “Революциянын каармандары” жана С. Ибраимов көчөсүндөгү 1941-45 жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналып тургузулган комплекстин автору. 

КРдин Президентинин аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары Алмаз Кененбаев, иш-чаранын ачылышында КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун катышуучуларга окуп берди. Президент өз кайрылуусунда жалпы кыргыз элин ушундай мыкты саамалыгы менен куттуктап: “Дүйнөлүк оозеки чыгармачылыктын туу чокусу болгон “Манас” эпосун жаратып, манасчыларыбыз миңдеген жылдар бою өз аң-сезиминде айкөлдүк, адилеттүүлүк, жалпы максатка ээ болуу сыяктуу баалуулуктарды алып жүргөн элдерибиздин тарыхын ыр дастаны менен калайык-калкка тартуулап келишти. 

100 миңдеген саптардан турган оозеки чыгарманы жогорку айтуучулук өнөр менен айтып, эч бир дүйнө элдеринде кездешпеген феноменге айланды. Бул көчмөн цивилизациясынын рух дөөлөтүнүн кайталангыс шедеври, улуу эпос Келдибек, Балык, Тыныбек, Чоюке, Сагынбай, Саякбай сыяктуу залкар манас айтуучулардын талантынын жана күч-аракетинин аркасында кылымдарды карытып келген”- деген оюн билдирди.

Ал Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономиялуу округунда жашаган залкар манасчы Жусуп Мамай жогоруда аты аталган даңазалуу манасчылардын салтын улантуучусу болуп саналаарын дагы айтып өттү. 

“Жусуп Мамайдын эмгегинин кайталангыс болушу анын келечек муундар үчүн “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин каармандары гана эмес, ошондой эле улуу Манастын кийинки укум-тукумунун жашоо-турмушу жана аракеттери тууралуу баянын сактап калгандыгында турат. “Манас” эпосу көп кылымдан бери тынчтык, биримдик жана гүлдөп өнүгүү идеясын камтуу менен адамзаттын айкөлдүк жана кеменгерлик, эр жүрөктүк жана адилеттүүлүккө умтулуу сыяктуу касиеттерин даңазалап келген. Эпос Кыргызстан элинин гана эмес, ошондой эле бүткүл адамзаттын руханий жана тарыхый-маданий энчисинин бир бөлүгү катары таанылган. 

“Манас” эпосун сактоо иштери ишиндеги Жусуп Мамайдын көрүнүктүү салымы жана эмгеги бааланып, өз кезегинде аксакалга Ак шумкар өзгөчө белгиси тапшырылып, “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылган. Жергебизде Жусуп Мамайдын эмгектерин системалуу изилдөө жана иликтөө процесстери, ал баяндаган “Манас” эпосун басып чыгаруу сыяктуу иштер жүрүп жатат. Бүгүнкү күнү кыргыз жергесинде залкар манасчынын эстелегининин орнотулушун зор саамалык деп эсептейм. Улуу инсан Жусуп Мамай “Манас” эпосун жан дүйнөсүндө тутуп, ар бир сюжетин коомчулукка кеңири жеткире алган залкар манасчы катары эскерип ага таазим этүү ар бирибиз үчүн бийик парз”- деп, Президент Сооронбай Жээнбеков кайрылуусун жыйынтыктады. 

Андан соң, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Баатыры, белгилүү манасчы Жусуп Мамайдын айкелинин ачылышында сөз сүйлөп, өз сөзүндө “Манас” эпосун сактоодо Жусуп Мамайдын чыгармачылыгынын маанилүүлүгүн белгиледи.

“Бүгүн кыргыз эли үчүн тарыхый маанилүү күндөрдүн бири. Жусуп Мамайдын 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында биз анын бюстунун ачылышына катышып жатабыз. Бул легендарлуу манасчы “Манас” эпосун сактоо жана кеңейтүү ишине зор салым кошкон жана анын эстелигинин кыргыз жергесинде ачылышы – бул ар бирибиз үчүн сыймык”, – деди ал.

Алтынай Өмүрбекова айтып өткөндөй, “Манас” бул жөн гана эпос эмес, бул көлөмдүү энциклопедия, ал кыргыз элинин баалуулуктарын жана руханий мурасын өзүнө камтыйт.

“Биз манасчылар дүйнөсүн элестеткенибизде анын башатында Сагынбай, Саякбай жана Жусуп Мамай турат. Акыркысы “Манас” эпосун сактоо, кеңейтүү жана ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү үчүн салымын кошкон. Мындан тышкары Жусуп Мамай Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы достук алакаларды жана маданий байланыштарды чыңдоого эмгек сиңирди. Сагынбай Орозбаков жана Саякбай Каралаевдин эстеликтеринин жанындагы Жусуп Мамайдын айкели бирдиктүү архитектуралык-скульптуралык ансамбль түзүп, эки өлкөнүн элдеринин ортосунда түбөлүк достуктун символу катары кабылданат”, – деп кошумчалады вице-премьер-министр.

Ду Дэвэнь, КЭРдин КРдагы Толук жана Ыйгарым Укуктуу элчиси: “Кытай Өкмөтү “Манасты” изилдөөгө, колдоого, манасчыларды даярдоого абдан жакшы маани берет” 

-Бүгүн даңазалуу манасчы Жусуп Мамайдын эстелигинин кыргыз жеринде ачылышы болуп отурат. Бул дагы да болсо, эки мамлекеттин ортосундагы достукту, ынтымакты тастыктоодо. Мен үчүн ушул иш-чарага катышуу чоң сыймык. 

“Манас” эпосу бул Кыргызстан жана Кытай элдеринин жалпы маданий мурасы. Аны жеке гана Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда жакшы көрүп, окуп, изилдебестен Кытайдын башка аймактарында дагы кызыгуу менен окушат. Кытай Өкмөтү “Манасты” изилдөөгө, колдоого, манасчыларды даярдоого абдан жакшы маани берет. Жусуп Мамайдын аты Кытайда гана эмес, Кыргызстанда дагы залкар манасчы, улуу сүрөтчү, кыргыз-кытай ортосундагы маданият көпүрөсү катары белгилүү. 

Бүгүнкү иш-чара эки өлкө ортосундагы маданий кызматташуу алакасына мыкты үлгү болуп бере алат. Муну менен катар эле, жакынкы аралыкта КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына жана анын ШКУнун саммитине катышуусуна өзгөчө маани берип турат десек да болот. 

Биз Төрага Си Цзиньпин мырзанын бул сапары эки мамлекеттин ар тараптуу өнөктөштүк кызматташуу байланышын жаңы бир деңгээлге көтөрөт деп ишенебиз. Бардыгыңыздарды ушул мыкты саамалык менен куттуктайбыз. 

Адыл Жунус уулу, КР ЖК депутаты: “Бул эстелик мындан ары дагы кыргыз-кытай маданий байланышын чыңдап, достук көпүрөсү болсун” 

- Бүгүн абдан чоң, маанилүү иш-чара болуп өттү. 2018-жылы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы Кытай Эл Республикасында, Кыргызстанда белгиленди. Ушул 100 жылдыкка карата мен 2017-жылы апрель айынан баштап, бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, залкар манасчы Жусуп Мамайдын мааракесине карата КРда дагы белгилесек, иш-чараларды өткөрсөк деген сунуш менен кайрылдым. Тактап айтканда, “бир көчөнүн аты берилсе, кыргыздын залкар манасчылары менен катар анын дагы эстелиги турса”,- деп ЖКке кайрылып, бул маселени көтөрүп чыктым. Чындыгында, дароо иш башталган жок. Бирок, жыйынтыгында бардыгы ийгиликтүү өттү. 

Бүгүн биз тарыхый окуяга күбө болуп отурабыз. Кыргыз жергесинде Жусуп Мамайдын эстелигинин ачылышы болууда. Бул күнгө оңой жеткен жокпуз. Көптөгөн колдоочуларыбыздын, тынымсыз эмгектин натыйжасында бүгүн айкел тургузулду. Ошондуктан, ушул ишке өз көмөгүн көрсөтүп, колдоо көрсөткөн  Президентибиз Сооронбай Жээнбековго терең ыраазычылык билдиребиз. Ошондой эле, КРдин Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабековго, ЖКнын депутаттарына, Өкмөттүк аппаратка, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине да  рахмат айтмакчымын.  

Бул эстелик мындан ары дагы кыргыз-кытай маданий байланышын чыңдап, дагы бир достук көпүрөсү болуп калсын. Эки мамлекет мындан да бекем достукта жашап, чек араларыбыз ар дайым ачык болсун. Мындай маданий байланышты, чыңдап бекемдөөнүн үстүнөн иштей бермекчибиз. Жусуп атабыздын арбагы колдоп, чек араларыбызда тынчтык болсун.

​Кыргызстандын жүрөгүндө Жусуп Мамайдын элеси орун алды

Салтанаттын ачылыш аземинен бир көз ирмем. 

Каныбек Иманалиев, КР ЖК депутаты: “Жусуп Мамай Кыргыз элинин гана баатыры эмес, миллиард кытайдын баатыры болгон” 

-Мен өз учурунда Жусуп Мамай атабыздын үйүндө болуп, анын кебездей жумшак колун кармап, күндөй мээримдүү жүзүнөн сүйүп, керемет сөзүн угуп, батасын алдым эле. Бүгүн Кыргызстандын дал жүрөгүндө, жүрөгүнүн толтосунда анын түбөлүктүү элеси орноду. Бүгүнтөн баштап 6.5 миллион элдин жүрөгүндө анын элеси калды. 

Жусуп Мамай атабызды бөлөк манасчылардан бөлүп турган 3 касиет бар. Биринчиден улуу Саякбай өлгөндөн кийин “Манас” эпосу үзүлүп кетчүдөй болуп, азайып кетчүдөй болуп турганда, Кытайда Жусуп Мамай бар экен деп айтылды. “Манастын” өмүрүн узартып, бийиктетип, зоболотуп мына бүгүнкү жаш манасчыларга чейин көпүрө болгон дал мына ушул Жусуп Мамай болду. 

Экинчи өзгөчөлүгү бул биздин улуу манасчылар “Манастын” үч муунун айтса, Жусуп Мамай атабыз тогуз муун айтып, дээрлик “Манастын” өмүрүн  3 муунга узартты. 

Ал эми, үчүнчү өзгөчөлүгү ушул кумшекердин бүртүгүндөй болгон 180 000 Кызыл-Суу кыргызынан чыгып, жалгыз бөлөк улуттан чыккан Кытайда “Кыргыз Эл Баатыры” деген сыяктуу “Кытай Эл Көөкөрү” деген наам бар. Аны бир миллиард Кытайда 10 чакты эле киши алган. Ошол он чактынын бири Жусуп Мамай болгон. Жусуп Мамай Кыргыз элинин гана баатыры эмес, бул миллиард кытайдын баатыры. Биз мына ушул менен дагы сыймыктанышыбыз керек. 

Чолпон Субакожоева, тарыхчы, манас изилдөөчү: “Жусуп Мамай залкар манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу кыргыз элине руханий кенч, байлык калтырып кетти” 

- Залкар манасчы Кыргыз Республикасынын Баатыры Жусуп Мамай залкар манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаев сыяктуу кыргыз элине руханий кенч, байлык калтырып кетти. Айкөлдүн ааламындагы элдин рухун көкүрөктөрүнө сактап, ооздон-оозго тумардай көчүрүп келген манасчыларды бүгүнкү майрамы менен куттуктайм.  

Жусуп Мамайды Советтер союзунун тушунда эле Кыргызстанга биринчи жолу  жазуучу Чынгыз Айтматов ачкан. Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов: “Жусуп Мамай кыргыздын рухун сактаган адам, канчалык мактасак арзыйт”, - деп өз баасын берген. Окумуштуулардан  манасчы Жусуп Мамайды биринчи Кеңеш Кырбашев  изилдеген Кызыл-Суулук кыргыздардын кыргыз элине  белеги катары баалаган. Академиктерден КР Улуттук илимдер академиясынын академиги Абдыганы Эркебаев “Жусуп Мамай-кыргыз оозеки сөз өнөрүн,  “Манас” баштаган дастандарды дүйнөгө тааныткан айтуучулардын алпы”- деген баасын берген.

“Эр Манасты эсине тутуп далай.

Мөрөйлөрдүн мөрөйүн утуп далай.

Тагдырыңды Манаска бекем байлап,

Таң калтырдың дүйнөнү, Жусуп Мамай”, - бул ыр саптары Кыргыз эл акыны Сооронбай Жусуевге таандык.

Аманат бар аткарылбаган.  “Манас” эпосун Батышка тааныштырган дүйнөлүк алкактагы окумуштуу Карл Райхл: манасчы Жусуп Мамайдын эстелигинин ачылуу аземине катышуу мен үчүн чоң сыймык”- деп кат жазган эле. Кабар жетпеди. Кагазда калган эпосторду изилдеген илимпоз Кытай Эл Республикасындагы манасчыларды көрүп, “Манас” эпосунун тирүү эпос экенине таң калган. Жусуп Мамайдын дастандык варианты башкалардан уникалдуулугу менен айырмаланаарын айткан.

Лаң Йиң айым “Гесер”, “Жаңгыр” эпостору менен катар “Манас” эпосун дагы изилдеген. Ал “Эки миң жылдан ашуун убакыт илгери Гомер байыркы грек эпостору болгон “Илиада” жана “Одиссеяны” сактап калган болсо, эки миң жылдан ашуун убакыттан кийин Жусуп Мамай кыргыз элинин улуу эпосу - “Манасты” сактап калды. Жусуп Мамай менен Гомердин эрдиги кылымдар бою даңктала берет,-деген. 

Кытай Эл Республикасындагы окумуштуу, манас таануучу Адыл Жуматурду уулу: “Жусуп Мамай  “Манас” эпосунун сегизилигинен сырткары 14 кенже эпосторду айтты. Казактардын “Жети каганын” дагы кошуп айтты. Биз манасчынын маданий мурастарын али изилдей элекпиз. Эми гана кадам ташталды”- деген.

Кыргыздын чыгаан уулдарынын бири демократ Кыргыз Эл жазуучусу Казат Акматов өз кезинде: “Жусуп Мамайдын экинчи өмүрү мындан дагы үзүрлүү, жемиштүү, мааниси найза бойлогус терең болот деп ишенем, - деп жазган экен залкарларга таазим кылып.  

Сөзүмдүн акырында эстеликти тургузганга көмөгүн көргөзгөн Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин спикери Дастанбек Жумабековго. ЖК депутаттары Улукбек Ормоновго, Адыл Жунус уулуна жана 2016-жылдан бери эстеликти тургузууга иштеген Кыргыз Эл Баатыры айкелчи Тургунбай Садыковго Жүсуп Мамай фондунун атынан ыраазычылык билдиребиз.

Эки элдин достугуна данакер болгон Жусуп Мамай вариантындагы “Манас” эпосунун негизинде коюлган бүгүнкү операнын ар бир артист кызматкерлерине да чон ыраазычылык билдиребиз.

Тургуналы Жусуп Мамайтегин, Жусуп Мамайдын чөбүрөсү: “Кыргыз эли улуу эл, улуу журт ал саны менен эмес, көкүрөгү менен, көкүрөгүндөгү улуу уюткулуу, көрөңгөлөрү менен баалуу” 

- Урматтуу кыргыз элим барыдыгыңыздарды ушул иш-чарага келип, катышып, колдоп бергениңиздер үчүн чын жүрөгүмдөн ыраазычылыгымды билдирем. Мен бул жерге чыкканда атамдын бир сөзү эсиме келди. “Кыргыз эли улуу эл, улуу журт ал саны менен эмес, көкүрөгү менен, көкүрөгүндөгү улуу уюткулуу, көрөңгөлөрү менен баалуу” –деген эле. 

Мына, ушундай көкүрөгүңүздөрдүн кенендиги менен, ушундай айкөлдүгүңүздөр менен, биздин Жунго мамлекетибизде “Манас” деп ураан салып, ошол биздин Жунго Коммунисттик партиясы колдоп берген, ошонун алкагында Жусуп Мамай атабыздын “Манасы” басылып чыгып, сиздерге жетип, ошону “биз окутабыз, биздин атабыз” деп таанып олтурасыздар. 

“Улуу манасчы” деп даңазалап, жүрөктү титиреткен сөздөрдү айтып жатканыңыздар үчүн, жалпы биздин үй-бүлөнүн атынан, Кытайдагы кыргыздардын атынан терең ыраазычылыгымды билдирем. Быйыл, окуумду аяктап жатам. Мына, ушул окуу бүтөөр жылында атабыздын эстелигин ушундай көрүнүктүү жерге коюп бергениңиздерге күбө болуп кетип жатабыз. Бул дагы мен үчүн чоң сыймык. Бардыгыңыздарга терең ыраазычылык. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)