WeChat      Избранное

Искусстводо чек жок, ал адамзат баалуулугу

13/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Искусстводо чек жок, ал адамзат баалуулугу

Сүрөттөр редакцияга таандык

Кыргызстан менен Кытай байыртадан бири-бири менен тарыхый жана географиялык жактан өз ара байланышта болуп келген. Чыгыш жана Батышты бириктирип, Евразия материгиндеги элдердин мамилелерин бекемдеп, алакасын жогорулаткан Улуу Жибек жолу дал ушул Кыргызстандын аймагын кесип өткөн.  

Кытай менен Кыргызстандын окумуштуулары биргеликте адам менен табият ортосундагы мамилелерди, улуу маданияттар алакасын, Улуу Жибек жолунун искусство тармагын да биргеликте изилдеп келишет.  

Ал эми, учурда КЭР Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” демилгесинин арты менен эки коңшу мамлекеттин ортосундагы мамилелер дагы да тереңдеп, кызматташуунун жаңы модели иштелип чыкты. 

Маданият таануу, башка элди көркөм кол өнөрчүлүгү аркылуу үйрөнүү-бул дагы мамлекеттер, улуттар аралык карым-катнашты чыңдоонун мыкты үлгүсү. Мына, ушундай кытай маданиятын, искусствосун жакындан тааныткан көргөзмө 9-11-июнь күндөрү Бишкек шаарында болуп өттү. Бул иш-чара Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик иш сапарын утурлай уюштурулуп, искусство сүйүүчүлөрүн бир арага чогултту.

Көргөзмө “Жибек жолундагы искусство чеберчилиги” аталышында өтүп, анын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаева, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, КЭРдин Кыргызстандагы Толук жана ыйгарым укуктуу  элчиси Ду Дэвэнь, КЭРдин Борбордук комитетинин Үгүт бөлүмүнүн жетекчисинин туруктуу орун басары Ван Сяохуэй, КР ЖКнын депутаттары жана эки мамлекеттин маданият өкүлдөрү катышышты. Иш-чара КЭРдин Пресс-канцеляриясынын жетекчилиги астында өтүп, аны КЭРдин “Экономикалык күндөлүк” гезити,  “Көркөм өнөр жана дизайн” журналы уюштурду. Көргөзмө “Хай Яо” холдинги жана “Түштүк-Кытай аба-жолдору” компаниясы жана “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити тарабынан колдоого алынды. 

Көргөзмөдө Кытай менен Кыргызстандын маданиятын чагылдырган экспонаттар менен катар, Кытайдын улуттук баалуулугу болгон фарфор идиштери, жибек бетине өзгөчө чеберчилик менен түшүрүлгөн көркөм сүрөттөр көргөзмөнүн көркүн ачып турушту. Ошондой эле, Улуу Жибек жолунун маданиятын чагылдырган буюм-тайымдар менен бирге, Жаңы Кытайдын көркөм жетишкендиктери дагы катышуучалрды суктандырды.  

Кызматташуу адамдын аң-сезимин жогорулатса, искусство адамдардын жүрөгүнөн түнөк таап, эң бакем байланышты түзүп бере алат. 

Искусстводо чек жок, ал адамзат баалуулугу

Роза Отунбаева, экс-президент КР: “Кыргыз-кытай ортосунда маданият жаатындагы карым-катнаштар жетишсиз” 

-Мен бүгүн бардыгыңыздарды искусство майрамы менен куттуктайм. Менин жеке пикиримде, жалпы кыргызстандыктар ушул көргөзмө аркылуу өздөрү үчүн жаңы бир дүйнөнү ача алышат. Бул байыркы кытай баалуулуктары менен, бүгүнкү заманбап жетишкендиктеринин айкалышуусун жогорку чеберчилик менен чагылдырып, сөзү жок сүйлөп берген искусство дүйнөсү.

Учурдан пайдаланып, ушул иш-чараны уюштуруп, колдоо көрсөткөн бардыгыңыздарга терең ыраазычылык билдирмекчимин. Бул көргөзмө жалпы кыргызстандыктар үчүн абдан пайдалуу болмокчу. Биз ар качан экономика, эки өлкө ортосундагы соода-сатык алакасы, жолдорду куруу, оңдоо өңдүү иштерди айтып келебиз. 

Чындыгында, биздин ортобузда гуманитардык, маданият жаатындагы карым-катнаштар жетишсиз. Менин оюмча, алгач искусство жаатын, руханий дүйнөнү байытып, эс алдырган маданиятты таануу керек. Бул дагы кызматташуунун мыкты пайдубалын түзүп, өнүгүүсүнө өбөлгө болуп бере алат. 

Искусстводо чек жок, ал адамзат баалуулугу

Ван Сяохуэй, КЭРдин БКнын Үгүт бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары: “Көргөзмө эки  өлкө ортосундагы байланышты дагы бир деңгээлге көтөрө алат” 

-Кыргыз-кытай алакасы кылымдарды карыткан байланышты башынан өткөрүп, достук мамилесин куруп келгендиги бардыгыбызга маалым. Улуу Жибек жолу дагы Кыргызстандын аймагын басып өтүп, жеке гана соода-сатык алакасын түзбөстөн, маданий мамилелерди дагы чыңдап, улуттар аралык ынтымакты бекемдеп келген. 

Мен Бишкек шаарына келгени, алгачкы көзгө урунган нерселер булар, кыргыздын улуттук балуулуктарын даңктаган эстеликтер болду. Ар бир айкелде биринде өзгөчө чеберчилик менен жасалган улуттук кийимдер дагы адамдын көңүлүн өзүнө бурат экен. Мына, ушул сыяктуу кооздуктарды көрүп, мен кыргыз эли да искусствону өзгөчө баалап, руханий дүйнөгө терең маани берээрине ынандым. 

Бүгүнкү көргөзмө да эки элдин бир-бирин жакындан таанып, жакшы түшүнүүгө көмөкчү болуп бере алат деп ишенем. Жалпы кыргызстандыктар байыркы кытай искусствосун чагылдырып, бүгүнкү менен кечээкини  айкалыштырган кытай дизайнерлеринин эмгектери менен тааныша алышат. Бул дагы да болсо, эки  өлкө ортосундагы байланышты жаңы бир деңгээлге көтөрө алат. 

Азамат Жаманкулов, КРдин Маданият, маалымат жана туризм министри: “Бул Кытай маданиятын жакындан таанууга мыкты мүмкүнчүлүк” (подзаголовок)

-Учурда, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарын утрлай бир катар маданий иш-чаралар өткөрүлүүдө. Бүгүнкү көргөзмө дагы алардын бири. 

Чындыгында, эки элдин ортосундагы достук “жолу” кылымдар бою тапталып, бекемделип келген. Эми, биздин муун ушул байланышты өнүктүрүп, маданиятыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды таанып-билүүнүн үстүнөн иш алып баруубуз керек. Ушул жаатта иштеп, кызматташууну өнүктүрүү заман талабы.

Мага көргөзмө абдан жакты. Бул Кытай маданиятын жакындан таанууга мыкты мүмкүнчүлүк. Искусстводо чек жок. Ал жалпы адамзаттын баалуулугу. Ошондуктан, ушундай баалуулуктарды көп таанып-билип, үйрөнүп, карым-катнашты чыңдообуз керек.

Курманбек Мамбетов, “Объектив” гезитинин башкы редактору: “Башка өлкөнүн маданиятын, искусствосун билип – таанысаң алака түзүү да жеңил болот” 

- Кытай мамлекети дегенде биз дайыма саясатына, экономикасына кызыгабыз, ушул багыттардагы маалыматтарды көп окуйбуз. Мындай жагдайдын себеби да белгилүү: бизнес тармагында кызматташтык жүргүзүү үчүн жогоруда айтылган маселелерден кабардар болуп туруу зарылчылыгы бар.

Ушул жагынан алганда бүгүнкү ачылган көргөзмө абдан жакшы окуя болду. Башка өлкөнүн маданиятын, искусствосун билип - таанысаң, ошол элди - калкты, алардын кулк - мүөзүн жакшы түшүнөсүң, элди түшүнсөң, алар менен алака түзүү да жеңил болот. Мунун баары эми экономикалык көз караштан айтылган ой. 

Негизи кошуна өлкөнүн тарыхын, маданиятын билүү ар бир билимдүү адам үчүн ашыктык кылбайт, ошондуктан мындай көргөзмөлөрдү, концерттерди, спектакльдерди колдон келишинче көп уюштуруу керек. 

Таалайбек Кулмендеев, “Ак илбирс” кинематографиялык искусствосунун Борбордук-Азия Академиясынын  президенти: “Иш-чара абдан жакшы деңгээлде уюштурулуп, мыкты өттү” 

-Иш-чара абдан жакшы деңгээлде уюштурулуп, мыкты өттү. Бул жактан жалпы кытай маданияты менен таанышууга абдан мыкты мүмкүнчүлүк түзүлдү. Чындыгында, биз Кытай Эл Республикасынын экономика тармагындагы жетишкендиктери тууралуу жакшы маалыматтарыбыз бар. Бирок, ушундай маданият жаатындагы кызматташуу алакалары аздык кылат. Чындыгында, бул жаатта аткарылчу иштер абдан көп. Кино тармагындагы байланышты дагы өнүктүрүүбүз керек. 

Мен учурдан пайдаланып, бизге ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген бардык уюштуруу тобуна ыраазычылык билдирмекчимин. Ушундай иш-чаралар бизге абдан керек. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)