WeChat      Избранное

​Мурат Дадабаев: “Операция жасоодо кытай кесиптештерибиздин катышуусу талап кылынат”

28/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Мурат Дадабаев: “Операция жасоодо кытай кесиптештерибиздин катышуусу талап кылынат”

Сүрөт маек ээсине таандык

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, жүрөк-кан тамыр оорулары (ЖКТ) өлкөнүн саламаттыкты сактоо системасынын эң негизги көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат. ЖКТ оорулары өлкөдө бир жылда каза болгондордун 52%ын түзөт. Республиканын жарандарынын өлүшүнө жана майып болушуна көп учурда жүрөк оорулары, кан басым жана цереброваскулярдык оорулар себеп болот. 

Кыргызстанда жүрөк кемтиги менен ооруган балдардын көбү өлүмгө дуушар болушат. Мындай жагдай, өлкөнүн бийик тоолуу шартта жайгашкандыгына дагы байланыштырылып келет. Мындан тышкары, улгайган адамдардын эмгекке жарамсыз болуусуна көп учурда ЖКТ оорулары себеп болот. Биринчи майыптыкка алып келүүчү оорулардын тизмесинде ЖКТ оорулары 19%ды түзөт. Бул көрсөткүч башка оорулардын көрсөткүчтөрүнүн ичинен бир кыйла көп. 

“Ошондой эле жаш балдар арасындагы өлүмгө дуушар болгондордун көбү жүрөк кемтиги менен ооругандар. Кыргызстандын 2/3 бөлүгү деңиз деңгээлинен 1,5 миң метр бийиктикте жайгашкан. Тоодо төрөлгөн балдардын арасында өрөөндөрдө төрөлгөндөргө караганда жүрөк кемтиги менен төрөлүү коркунучу 4-6 эсеге көп”, - деп билдиришти ведомствонун басма сөз кызматынан. Ошол себептен жүрөк кемтиги менен төрөлгөн балдардын оорусун башкы этабында аныктоо үчүн илимий-практикалык экспедицияларды жүргүзүү абзел. 

Мына, ушул багытта дагы тереңдеп иш алып баруу максатында Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия бөлүмүндө Тубаса жүрөк кемтиктеринин Кыргыз-Кытай изилдөө борбору ачылгандыгын маалымдаган элек. Бүгүн биз ушул борбордун негиздөөчүлөрүнүн бири, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун рентген хирургия бөлүмүнүн жетекчиси Дадабаев Мурат менен маек курдук. Мурат Хасанович кытай кесиптештери менен болгон кызматташтык алакалары тууралуу айтып берип, Кыргызстандагы тубаса жүрөк кемтик ооруларынын көйгөйлөрүнө дагы токтолуп өттү.  

“Кытай менен кызматташуу алакабыз 2008-жылы башталган” 

-Биз тубаса кемтик жүрөк оорусунун алгачкы операциясын 1999-жылы жасаганбыз. Бул жылы 6-майда ушундай түрдөгү операцияны Кыргызстанда жасаганыбызга 20 жыл толду.  Ал операцияны Словакиялык кесиптештерибиз менен биргеликте жүзөгө ашырганбыз. 

2008-жылы бизге “Юй жэнь” фармацевтикалык кытай компаниясы кайрылып, Кытайдан чыккан окклюдерлерди (медициналык түзмөк) сунушташкан. Бул продукция Шэньчжэнь шаарындагы заводдон чыгат экен. Ошентип, биз Шэньчжэнге бардык, ал жактан заводдун ишмердүүлүгү менен жакындан таанышып, продукциянын конструкциясын көрдүк. 2009-жылы болсо, Кытай Эл Республикасынан 10 врач келип, бул жактан мастер-класс өткөрдүк. Ал иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиядан дагы дарыгерлер келип, катышышты. 

Мына, ошол мезгилден баштап кытай профессорлору менен жакындан байланышып, тыгыз иш алып бара баштадык. Аларды атай кетсем, мисалы профессор Гао Вэй. Ал Шанхай балдар ооруканасынын дарыгери болуп эмгектенет. Убакыттын өтүшү менен Хэбей медициналык университетинин 1-ооруканасынын доктору, профессор Ван Чжэнь мырза менен да жакындан иш алып барып, эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүп келүүдөбүз. Ал биздин борбордун ардактуу профессору. Тажрыйбасы чоң, профессионал адам. Профессор Ван бизге скальпелсиз операция эле эмес, жүрөк кемтиги дартына керектүү дары-дармекти алып келүү жагынан да көмөктөшүп жүрөт. 

Мурун кытай профессору өзүнүн командасы менен бирге келчү. Учурда өзүбүздүн командабыз менен иштешип жатабыз.  Мына,  Ван мырза менен биргеликте иштеп жаткандыгыбызга 10 жыл болду. Ушул жылдар аралыгы тубаса кемтик жүрөк оорулары менен ооруган көптөгөн балдарга операция жасалды. Акыркы жылдары, өзүбүз дагы операцияларды жасап жүрөбүз. Бирок, тубаса кемтик жүрөк ооруларынын кээ бир түрлөрүнө операция жасоодо кытай кесиптештерибиздин катышуусу талап кылынат. Себеби, бизде бул дарттын кездешкен жаңы түрлөрүнө операция кылууда тажрыйба жок болуп калган учурлар болот. Учурда, бул багыттарды жакшылап изилдеп-үйрөнүү иштери абдан активдүү жүргүзүлүүдө. Ал эми, башынан көрүп, тажрыйба топтоп калган тубаса кемтик жүрөк ооруларына өзүбүз эле операция кылып, иштеп жатабыз. 

“Бүгүнкү күнү кытай кесиптештерибиз менен биргеликте иштешүү, кызматташуу биз үчүн дагы чоң тажрыйба” 

-Кытай медицинасы тууралуу айта турган болсом албетте, бул өтө жогорку профессионалдык деңгээл. Бүгүнкү күнү Кытай абдан тездик менен өнүгүп жаткан алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Бардыгыбызга белгилүү салттуу кытай медицинасы менен катар, заманбап медицина тармагы дагы коңшу мамлекетте өтө өнүккөн. Көптөгөн медициналык тармактар боюнча, бизден бир катар алдыга кетти десек да туура болот. Кытайда жаңы технологиялар мыкты сапат менен чыгарылып, эл аралык стандартта батыш мамлекеттери менен тең тайлашууда. Алардын баасы дагы салыштырмалуу арзан. Бул биз үчүн дагы жакшы мүмкүнчүлүк. Бүгүнкү күнү кытай кесиптештерибиз менен биргеликте иштешүү, кызматташуу биз үчүн дагы чоң тажрыйба. Муну менен катар биздин жаш адистерди даярдоодо дагы алардын кошкон салымы зор. Кытай жергесиндеги билим берүү системасына болгон талап дагы абдан күчтүү. 

Учурда, жактан тажрыйба алмашып келген врачтарыбыз менен биргеликте иш алып баруудабыз. Алдыда, жаш адистерибизди дагы жиберүүнү пландап жатабыз. Каржы маселесин Кытай тарап көтөрүп келүүдө. Ар кандай саламаттыкты сактоо тармагындагы иш-чараларга дагы катышып жүрөбүз. Коңшу мамлекет менен достук мамиледе кызматташтыгыбыз өнүгүп жатат десем эч жаңылышпайм. 

Биз билим алууга, тажрыйба алмашууга ар дайым даярбыз. Ал эми, тил маселесине келе турган болсок Хэбей университетинде англис тилинен окууга толук мүмкүнчүлүк каралган. Шанхайдын ЖОЖдорунда да тил маселеси жок. Эң башкысы англис тилин билүү керек. Бирок, учурда кытай тилин билген жаш адистерибизди окууга жиберүү ойлорубуз бар. 

Учурда, бизде Хэбэй университети менен эки тараптуу кызматташуу боюнча макулдашуубуз бар. 

“Тубаса кемтик жүрөк ооруларын изилдөө боюнча Кыргыз-кытай борборунун башкы максаты жарандарга өз мезгилинде жардам көрсөтүү болуп саналат” 

-Мына, жакында эле Тубаса кемтик жүрөк ооруларын изилдөө боюнча Кыргыз-кытай борборунун ачылышы болуп өттү. Бул саамалык биздин Саламаттыкты сактоо министри Чолпонбаев Космосбек Сариевичтин сунушу менен жүзөгө ашырылды. 

Кыргызстан тоолуу аймакта жайгашкан, ошондуктан бизде тубаса кемтик жүрөк оорулары менен төрөлгөн балдардын саны абдан арбын. Мына, Кыргыз-кытай изилдөө борборунун башкы максаты дагы дал ушул тармакты жакындан изилдеп, балдарга өз мезгилинде жардам көрсөтүү болуп саналат. Көпчүлүк жарандар өзүндө жүрөк кемтиги бар экендигин билишпейт. Бул оору бала чоңойгондо, 16-18ге чыкканда гана тынчсыздандырып, анын белгилери билине баштайт.

Чындыгында, биз ооруган балдарды мектепке жашына чейин операция кылып, айыктыруубуз абзел. Анткени, канчалык убакыт өтүп, биз кечиккен сайын оору күчөп, жүрөктү операция кылуу коркунучтуу болуп калышы мүмкүн. Тилекке каршы, андай учурда биз балага эч кандай жардам көрсөтө албайбыз. Жүрөк кемтигин изилдөө борбору дал ушул багытта иш алып барып, алгач Кыргызстандагы оорулуулардын санын так аныктап, аларды тез убакыт ичинде айыктырууга көмөкчү болмокчу. 

Муну менен катар эле, биздин жергедеги тубаса кемтик жүрөк ооруларынын бардык түрлөрүн изилдеп чыгуу максатыбыз бар. Биз жүрөк хирургиясы, трансплантация жана башка тармактарда иштеген кесиптештерибиз менен биргеликте дагы иш алып баруудабыз. Негизи эле, аймактардагы дарыгерлерди дагы бул дартты эрте аныктай ала тургандай кылып окутуу, даярдоо иштери дагы борбордун бир багыты болуп саналат. Себеби, жер-жерлердеги врачтардан билимине дагы көп нерсе көз каранды. 

Тилекке каршы, бүгүнкү күнү медициналык окуу жайларында тубаса кемтик жүрөк ооруларын изилдеп, аныктоо багытында толук кандуу маалымат берилбейт. Ошондуктан, аймактардагы адистерди дагы ушул багытта окутуу заман талабы. Чындыгында, Кыргыз-кытай изилдөө борборунун келечеги кең деп ойлойм. Себеби, студенттер, врачтар менен алмашып, окутуу иштерин жүргүзүп, тажрыйба алмашуу жаатында дагы анын салымы зор болмокчу. Бүгүнкү күнү болсо, ушул долбоорду эки тараптуу жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштеп жатабыз. 

Учурда өлкө боюнча 400 миңден ашык адам расмий түрдө каттоодо турат. Катталбаганы канча? Жүрөгүндө кемтиги бар экенин билбегендерчи? Мындай дарт менен жаш балдар гана эмес, чоң адамдар да ооруйт. Текшерилбегени үчүн көптөр биле беришпейт. Кыргызстан бийик тоолуу өлкө болгондугуна байланыштуу жана дагы туугандардын, бөлөлөрдүн бир-бирине үйлөнүүсүнөн дагы ушундай ооруга чалдыккандар көп. Негизи эле, ар бир адам өз ден соолугуна кам көрүүсү керек. Ар бир ата-эне балалуу болоордун алдында бир сыйра дарыгерге көрүнүүсү кажет. Чындыгында, бул жааттан алганда кытай кесиптештерибиздин тажрыйбасы мол. Бүгүнкү күнү Кытай Эл Республикасынын ар бир жараны дарыгердин көзөмөлүндө турат. 

Алдыда, Шанхай Кызматташтык уюмунун саммити болоору күтүлүүдө. Бул Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жана жоопкерчиликтүү иш-чара. Анткени, саммит Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтмөкчү. Саммиттин алдында бир катар эл аралык форумдар дагы болоору белгилүү. Бул кадам ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтык алакаларын бекемдөө менен бирге, кыргыз-кытай мамилесин дагы өнүктүрүп, аны чыңдоого зор салым кошооруна ишенем. 

Скальпелсиз операция бул... 

Скальпель деген операция жасоодо колдонулуучу бычак. Скальпелсиз операция деп айтылып жатканынын себеби, мында ошол бычак колдонулбайт. Адатта жүрөккө операция адамдын көкүрөк клеткасын кесүү, анан жүрөгүн ачуу жолу менен жасалат. Бул учурда пациент реанимацияда да көбүрөөк жатып калат. Ал эми скальпелсиз ыкмада болгону кичине жери кесилет, анан ошол тешик аркылуу жүрөктөгү кемтик бүтөлөт. 

Дүйнөдө жүрөгүндө кемтиги бар адамга биринчи жолу операция 1995-жылы жасалган. Кыргызстан болсо бул нерсени КМШ мамлекеттери арасында биринчилерден болуп 1999-жылы жүзөгө ашырган, болгондо да скальпелсиз жол менен. Негизи оорунун бул түрү менен төрөлүүгө же бул түрүнө чалдыгууга себеп көп, бизде алардын башкысы болуп рельефтин тоолуулугу эсептелинет.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)