WeChat      Избранное

Кыргызстан менен Кытай кызматташуусу өкмөттүк деңгээлде талкууланды

10/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстан менен Кытай кызматташуусу өкмөттүк деңгээлде талкууланды

Сүрөттөр редакцияга таандык

Үстүбүздөгү жылдын 29-май күнү Бишкек шаарында Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 14-жыйыны болуп өттү. Иш-чара Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына боло турган мамлекеттик сапарынын алдында өтүп жатат.

Бул аянтча эки тараптык соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери боюнча пикирлер менен ачык алмашууга, ошондой эле өз ара пайдалуу чечимдерди табууга көмөкчү болмокчу. 

Жыйынды Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов ачып, андан соң, Кытай Эл Республикасынан келген делегациянын жетекчиси, КЭРдин Коммерция  министринин жардамчысы Жэнь Хунбин улантты. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын жана КЭРдин соода-экономика тармагына тиешелүү бардык ведомстволордун өкүлдөрү катышып, эки тараптуу кызматташуу алакалары талкууланып, аларды өнүктүрүү боюнча дагы сунуштар айтылды. 

Жыйындын жыйынтыгында Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 14-жыйынынын эки өлкөнүн ортосундагы бир нече багыттагы кызматташтыкты өнүктүрүү Протоколуна кол коюлду. Кыргыз-кытай Өкмөттөр аралык соода-экономикалык отурумунун жыйынтыгында тараптар иш-чаранын жемиштүү өткөнүн, анын чечимдери эки тараптуу кызматташтыктын өнүгүшүнө алып келээрин белгилешти.

Эске сала кетсек, мындай жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп келет. Былтыр Кытай жергесинде болуп өткөн.

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов баса белгилегендей, комиссиянын жыйыны Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин жана КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин КРге болгон мамлекеттик сапарын утурлай өтүп жатат. 

“Биздин өлкөлөрдүн ортосунда артыкчылыктуу багыттардын бири - соода. 2018-жылы КЭР жана Кыргыз Республикасынын ортосунда товар жүгүртүү 25%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын январь-март айларында бул көрсөткүч 472 млн АКШ долларын түзүп, 12% көбөйгөн. Биз кыргыз продукциясын Кытайга экспорттоо боюнча жол картасына кол коюуну, ошондой эле кыргыз айыл чарба органикалык өндүрүмүн экспорттоо боюнча протоколду кароону тездетүүнү сунуштайбыз”, - деди Кубатбек Боронов.

Биринчи вице-премьер-министр баса белгилегендей, кыргыз-кытай өнүктүрүү фондун түзүү, агрардык өнөр жай индустриалдык парктарын ачуу жана кытай тарап аркылуу келечектүү инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу иштери инвестициялар жаатын активдүү илгерилетет.

“Өндүрүш тармагына инвестицияларды тартуунун маанилүүлүгүн эске алып, электромобилдерди чогултуп өндүрүүнү уюштуруу, Кыргыз Республикасында учурда иштеген мунайзат кайра иштетүүчү заводдорго инвестиция салуу иштерин улантуу зарыл. Бул ЕАЭБ талаптарына жана стандарттарына дал келген продукция чыгарууну камсыздайт. Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын аймагында текстилдик, кен иштетүү, энергетика, өнөр жай ишканаларын ачуу келечектүү болуп саналат”, - деди ал.

Кубатбек Боронов ошондой эле эки өлкөнүн ортосунда жүк ташуулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү маселесин козгоду.

“Өлкөлөрүбүздүн ортосунда соода алмашууну илгерилетүү транспорттук маселелерди чечет. Биздин өнөктөштүк экономикалык мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды жана КЭРге жана кайра бери ташыган айдоочулар үчүн бөгөт болгон факторлорду четтетүү зарыл. Жаңы аба каттамдарын, биздин өлкөлөрдүн шаарлары ортосунда учууларды ачуу мүмкүндүгүн кароону сунуштайбыз”, - деп белгиледи биринчи вице-премьер-министр.

Жэнь Хунбин, КЭРдин Коммерция  министринин жардамчысы: “Кытай Кыргызстандын айыл-чарба продукцияларын Кытайга экспорттоого бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даяр” 

-Кыргызстан КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” демилгесин алгачкылардан болуп колдогон мамлекеттердин бири. Биздин учурдагы башкы максатыбыз апрель айында болуп өткөн өлкө башчыларынын жолугушуусундагы сүйлөшүүлөрдү жүзөгө ашыруу болуп саналат. Буга кошумча, Кытай лидеринин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алдында дагы эки тараптын бир катар соода-экономика багытындагы кызматташуу алакаларын талкуулоо да бүгүнкү жолугушуунун максаттарынын бири. 

Биз Кыргызстан менен болгон бардык макулдашууларды ишке ашырууга аракет кылмакчыбыз. Эгерде, ортодо кандайдыр бир маселелер боло турган болсо, аларды жөнгө салуу үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. Кыргызстан биз үчүн абдан маанилүү өнөктөш. Азыркы тапта, Кытай КРдин башкы соода өнөктөшү жана инвестору болууда. Алдыда дагы, соода-экономикалык багыттагы кызматташууларды өнүктүрүү боюнча иш-аракеттерди аткара бермекчибиз. 

Биз Кыргызстандын жогорку сапаттагы айыл-чарба продукцияларын Кытайга экспорттоого бардык ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүнөн иш алып баруудабыз. Учурдан пайдаланып, Кыргызстандын бардык ишкерлерин ушул жылдын ноябрь айында Шанхай шаарында өтө турган эл аралык ЭКСПО көргөзмөсүнө чакырмакчыбыз. Ал жактан дагы эки тараптуу кызматташууга мыкты мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы. Сырттан келген ишкерлердин Кыргызстанда ишмердүүлүгүн колдоп, жакшы шарттарды түзүп берүү үчүн атайын бийлик бутагын түзүп берип жаткан өлкө жетекчилигине дагы ыраазычылыкты билдирмекчибиз. Дагы да болсо, бул багытта иштер тереңдеп жүргүзүлүп, инвесторлордун шарттары жакшырат деген ишеним бар. 

Шумкарбек Адилбек уулу, Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү агенттигинин директору: “Эки тараптын маселелерин өкмөттүк деңгээлде талкуулоо Кыргыз-кытай кызматташуусунун тереңдөөсүнө дагы мыкты жол ачып берүүдө” 

-Бүгүн Кыргыз-кытай өкмөттөр аралык соода-экономикалык кызматташуу боюнча комиссиясынын 14-жыйыны болуп өтүүдө. Бул жыйындын башкы максаты эки өлкөнүн ортосундагы соода-экономикалык жаатындагы маселелерди талкуулап, сунуштарды кароо болуп саналат. 

Комиссия жыл сайын бир жолудан өткөрүлүп турат. Бул ирет дагы буга чейин иштелип келген инвестиция, соода-экономикалык, маданий кызматташтык жаатында аткарылган иштер каралмакчы. Буга чейин эксперттик деңгээлде сунуштар талкууланып, бирдиктүү бир позиция бекилгенден кийин биз жыл ичи ушул сүйлөшүүлөрдү аткаруунун үстүнөн иштеп келебиз. 

Бул механизмдин бар болгону абдан ыңгайлуу. Себеби, бул маселелерди өкмөттүк деңгээлде талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүлүп, эки өлкөнүн кызматташуусунун тереңдөөсүнө дагы мыкты жол ачып берүүдө. Учурда, Кыргызстандын продукцияларын Кытай рыногуна киргизүү боюнча иштерди алып барып жатабыз. Инвестиция тартуу жаатында дагы бир катар маселелер талкууланмакчы. Айыл-чарба багытында дагы кызматташуулар боюнча сунуштар болот. Жалпысынан алганда, бардык тармактарда эле эки тараптуу кызматташуу алакаларын өнүктүрүү жолдору каралмакчы. 

Бул жолку комиссия биз үчүн дагы абдан маанилүү. Себеби, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын Кыргызстанга боло турган атайын мамлекеттик сапарынын алкагында өтүүдө. Ушул комиссияда кабыл алынган чечимдер, сүйлөшүүлөр, Кытай лидеринин сапарында дагы негиз катары каралмакчы. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)