WeChat      Избранное

"Манас" операсын кое турчу кытайлык артисттер түндө Бишкекке келди

11/06/2019  Источник:Sputnik   шрифта:

Фото / пресс-служба Министерства культуры, информации и туризма КР

"Манас" операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы "Манас" эпосу боюнча жазылганы маалым.

Кыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Меймандарды "Манас" аэропортунан боорсок жана сары май менен тосуп алышты.

Кыргызстанга Кытайдын борбордук опера театрынын 100дөн ашык кишиден турган чыгармачыл тобу келди

Чет элдик артисттер 11-12-июнь күндөрү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында "Манас" операсын коюшат. Буга чейин Кыргызстанга аталган театрдын техникалык тобу келген. Алар декорацияларды орнотуп, башка уюштуруу иштерин жүргүзүп жатат.

Манастын образын жараткан актер Юй Цзинжин анын каарманы операдагы эң маанилүү киши болгондуктан бир аз толкунданып жатканын айтты.

"Манастын образын жаратуу, Кыргызстандын сахнасында аны көрсөтүү мен үчүн чоң жоопкерчилик. Ал үчүн Кыргызстандын тарыхын окуп, толук маалымат алдым. Абдан толкунданып турам, кыргызстандык көрүүчүлөрдүн алдында, Манастын жеринде болуу мен үчүн чоң сыймык", — деди ал.

Эске салсак, "Манас" эпосун операда коюу демилгеси 2015-жылы Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин катышуусунда өткөн маданият маселелери боюнча жыйында көтөрүлгөн.

Меймандарды "Манас" аэропортунан боорсок жана сары май менен тосуп алышты

"Манас" операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде даярдалган. Сценарийи филология илимдеринин доктору, профессор, кытайлык кыргыз Адыл Жуматурдунун котормосундагы "Манас" эпосу боюнча жазылган.

Операны сахналаштырууга эки жыл даярдык көрүлүп, "Манас" эпосунун эпикалык табиятын таануу максатында Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусуна үч жолу барышкан. Алар кыргыздар жашаган аймактарды кыдырып, жашоо-турмушу менен таанышкан.

Айта кетчү жагдай, "Манас" операсы Кытайда тогуз жолу коюлган. 2017-жылы Пекинде, 2018-жылы Нанкин, Тяньцзин шаарларында көрүүчүлөрдүн жогорку баасына татыган.

2018-жылы Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун Кытайга болгон расмий сапарынын алкагында да "Манас" операсы көрсөтүлгөн. Ушундан кийин өлкө башчы кытай театрын Кыргызстанга келип кетүүгө чакырган.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)