WeChat      Избранное

Бишкектеги ШКУ саммитинен кийин президенттер Душанбеге барышат

13/06/2019  Источник:Sputnik   шрифта:

Бишкектеги ШКУ саммитинен кийин президенттер Душанбеге барышат

Фото: Пресс-служба президента КР

14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борбор калаасында дагы саммит өтөт.

Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити өткөндөн кийин президенттер Душанбеге барышат. Бул туурасында Sputnik Тажикстан жазды.

Маалыматка караганда, 14-15-июнь күндөрү Тажикстандын борбор калаасында Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин саммити өтөт. Ага Кыргызстан, Кытай, Россия, Иран, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстан, Түркмөнстан, Бангладеш жана Шри-Ланканын президенттери катышары айтылат. Ал эми Афганистандын атынан премьер-министр барат.

Аталган саммит төрт жыл сайын өтүп турат. Бул жолку жыйындын темасы "Азия аймагында өз ара ишеним чараларын чыңдоо кеңешмесинин региондорду өркүндөтүү жана жалпы коопсуздукту камсыздоо" деп аталат.

(Автор:Аноним / Редактор:GL)