WeChat      Избранное

Жаркын келечекке үндөгөн кадамдар

23/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Жаркын келечекке үндөгөн кадамдар

Иш-чаранын соңунда  Кытайдан келген меймандар окуучулар менен бирге сүрөткө түшүштү. 

Сүрөт редакцияга таандык

 9-июнь күнү Бишкек шаарындагы Т.Молдо атындагы №71 жалпы орто билим берүүчү мектеп-интернатына Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы “Китеп нуру” кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында 10 компьютер жана 800 китеп баштыкча белектер берилди.

Иш-чарага “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Д.Кендирбаева, Бишкек шаарынын Билим берүү башкармалыгынын жетекчиси С.Мейрманова, ККП БКнын үгүт бөлүмүнүн башчысынын туруктуу орун басары Ван Сяохуэй мырза, №71 мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев, мектептин администрациясы жана окуучулар катышты.

Иш-чара мектеп-интернаттын таланттуу окуучулары тарабынан даярдалган чакан концерттик программа менен башталды.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева сөз сүйлөп, буларга токтолду: - Ар бир окуучуга берилип жаткан китеп баштык менен бирге акыл, жакшы үлгүлөр алынып, өнүгүүгө карай багыт алабыз деп ишенебиз. Кыргыз элинин тарыхы да, тагдыры да миң километрдик кошуна болгон кытай эли менен бирге. Тарыхта ар дайым кызматташып, биригишип, бири-бирибизден үйрөнүп үлгү алып келгенбиз. Биздин балдарыбыз бизден мыкты болуп, ошол өнүгүп жаткан Кытайдын экономикасынан үйрөнүп, билимин таанып, эки элдин достугуна дагы бекем ынтымак кошот деп ишенебиз.

Ал эми ККП БКнын үгүт бөлүмүнүн башчысынын туруктуу орун басары Ван Сяохуэй мырза мектеп-интернатка компьютер, китеп баштык жана башка буюмдар менен бирге кытай элинен кыргыз элине жакшы каалоолорду, досчулук сезимдерди алып келишкендигин билдирип, Кыргызстандын билим берүүсүнүн өнүгүүсүнө кайрымдуулук иштерди илгерилете беришээрин баса белгиледи.

“Компьютерлер балдардын билим алышына жана өз иштерине ыңгайлуу шарт түзүп берет деп үмүттөнөбүз. Мектептин өнүгүп-өсүүсүнө, көптөгөн таланттарды, татыктуу кадрларды тарбиялап чыгаруусуна тилектешмин. Окуучулар билим жагынан күчтүү болуп чоңоюп, эртерээк өлкөнүн таянаар инсандарынан болушун каалайм”, - деди Ван Сяохуэй.

Ал: “Кытай менен Кыргызстандын ортосу тоолор жана суулар менен байланышып турат. Илгери болобу, же келечектеби, эки өлкө ишенимдүү кошуна, өнөктөш жана дос бойдон калат. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилеси жана достугу ары да узай берет. Биз Кытай жана Кыргызстандын ортосундагы гуманитардык кызматташууну ар дайым колдоп келебиз. Дагы да болсо ушул байланышты чыңдай бермекчибиз. Ушундай иш-чаралар эки өлкөнүн көптөгөн уюмдарын жана адамдарын кайрымдуулукка чакырып, көптөгөн балдардын келечегин жаркын кылып берет деген үмүтүм бар”, -деген оюн айтты. 

Мектеп-интернаттын директору Рустам Атаев “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондуна шаардын 2260 мектептин арасынан дал ушул мектеп-интернаттын балдарына жакшы маанай тартуулагандыгы үчүн, ал эми Кытай Эл Республикасынын өкүлдөрүнө берилген белектер үчүн жалпы жамаатынын атынан ыраазычылык билдирди.

Ал: “Мен мектеп директору, географ катары КЭР тууралуу бир ооз сөз айтып кетим келүүдө. Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк аренада локомотив катары белгилүү. Өзүнүн өнүгүү формуласы менен илимий техникалык   революция жасап отурат. Бүгүнкү күндө тарыхый философиясы терең эл катары дүйнөнү дүңгүрөтүп өнүктүрүп келе жатат. Биз бул өлкө менен коңшу болгондугубуз үчүн сыймыктанышыбыз керек. Анткени, дүйнөдө эмне деген гана жаңы инновация болуп жатса, көп өтпөй биздин мамлекетте дагы болуп жатат. Мына, ушул себептен да КЭРге ыраазычылыгыбызды билдирүүбүз керек” 

Өз кезегинде окуучулар да жүрөгүнөн чыккан өз эмгектерин келген конокторго тартуулашып, сүрөткө түшүштү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)