WeChat      Избранное

​Жаштар кеңеши-ШКУнун келечеги

22/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Жаштар кеңеши-ШКУнун келечеги

Жыйын учурунан бир көз ирмем. 

Сүрөт редакцияга таандык

13-июнь күнү Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар Кеңешинде кезектеги 12-кеңешме, ШКУнун жаштар кеңешинин жыйыны болуп өттү. Анда кызматташуунун кулачын кеңейтүү боюнча долбоорлор сунушталды.

Жыйындын күн тартибинде ШКУ алкагында кызматташтык маселелерин кароо, ошондой эле мындан аркы өнүгүүнүн негизги багыттарын аныктоо жана 2019-2020-жылдарга пландарды түзүү болду. 

Иш-чарага Казакстан Республикасынын, Кытайдын, Россия Федерациясынын, Тажикстан Республикасынын, Өзбекстан Республикасынын, Пакистандын, Кыргыз Республикасынын, ошондой эле Монголиянын жана Азербайжандын жаштар кеңешинин өкүлдөрү катышты. 

Жаштар кеңеши - бул ШКУнун келечеги. Мындан улам уюмга мүчө-мамлекеттердин башчылары жаштар саясатын жүзөгө ашырууга олуттуу маани берет. Жаштар кеңеши түзүлгөндөн бери жыйынга алгачкы ирет ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов катышты. Ал дүйнө тез өсүп, өзгөрүүлөрдү башынан кечирип жатканын белгиледи. Ошондуктан ШКУнун жаштар канатынын ишмердүүлүгү алдыдагы алаканын өнүгүшү үчүн абдан маанилүү, - деди Владимир Норов. 

Ошол эле күнү Жаштар кеңешин өлкөнүн лидерлерине биргелешкен чакыруу, ошондой эле Пакистанды ШКУ жаштар Кеңешине киргизүүгө тиешелүү маселени дагы карашты.

ШКУ Жаштар кеңеши-бул ага кирген жаштар уюмдарынын, бирикмелердин, уюмдардын – Казакстан, КЭР, Кыргызстан, Россия жана Тажикстандын ишинин багыттарынын контекстинде кыймылдардын координациялык иши менен алектенген орган.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)