WeChat      Избранное

Кыргызстандын жүрөгүндө Жусуп Мамайдын элеси орун алды

13/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстандын жүрөгүндө Жусуп Мамайдын элеси орун алды

Сүрөттөр редакцияга таандык

11-июнь күнү Т. Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясынын алдында Кыргыз Эл баатыры, манасчы Жусуп Мамайдын бюсту ачылды. 

Салтанаттуу аземге вице-премьер-министр А. Өмүрбекова, КРдин Президентинин аппаратынын жетекчисинин 1-орун басары Кененбаев Алмаз, Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов, Кытайдын КРдагы Ыйгарым жана толук укуктуу элчиси Ду Дэвэнь, ЖК депутаттары менен катар коомдук жана маданий ишмерлер, манасчылар, Жусуп Мамайдын небере-чөбүрөлөрү жана шаар тургундары катышышты.

Белгилей кетсек, Жусуп Мамай өз өмүрүндө оригиналдуу баяндалган “Манас” эпосунун 16 томун чыгарган. Үчилтиктин башкы каармандарынын жашоосун сүрөттөөдөн тышкары Жусуп Мамай Манастын Семетей жана Сейтектен кийин жашаган урпактарынын жашоосу тууралуу айтып берген. Мындан сырткары, Жусуп Мамайдын варианты боюнча “Курманбек”, “Эр Төштүк”, “Багыш”, “Толтой”, “Тутан”, “Жаңыл Мырза”, “Мамаке Шопок”, “Көбөк” сыяктуу дастандар да кагазга түшүрүлүп, жарыкка чыккан. 2005-жылы Жусуп Мамайдын айтуусундагы “Манас” эпосунун толук варианты бир китеп болуп кириллица арибинде Кытайдан чыккан. 

Эске салсак, бюсттун автору – Кыргыз эл баатыры, айкелчи, сүрөтчү Тургунбай Садыков. Ал – Улуттук филармониянын алдындагы манасчылардын айкелинин, “Ала-Тоо” кинотеатрынын каптал жагындагы “Революциянын каармандары” жана С. Ибрагимов көчөсүндөгү 1941-45 жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучуларына арналып тургузулган комплекстин, ошондой эле “Ала-Тоо” аянтындагы Эркиндик айкелинин автору. 

Кененирээк маалыматты гезиттин эмки санында окусаныздар болот....

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)