WeChat      Избранное

ШКУ жана Кыргызстан-ачылган мүмкүнчүлүктөр

15/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Үстүбүздөгү жыл Кыргызстан үчүн абдан маанилүү жылдардын бири. Себеби, дал ушул жылдын 13-14-июнь күндөрү Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити Бишкек шаарында өтүүсү күтүлүүдө. 

Мына, ушул мыкты саамалыкты утурлай, биздин гезит Кыргызстандын жаштарынан ШКУ тууралуу, анын биздин өлкө үчүн болгон мааниси жөнүндө сурап билдик. 

Бакдөөлөт Токтогулов, жаш ишкер: “Жергиликтүү продукцияны Кытай рыногуна киргизүү заман талабы” 

ШКУ жана Кыргызстан-ачылган мүмкүнчүлүктөр

Сүрөттөр маек ээлерине тиешелүү

- Быйылкы ШКУ жыйынынан Кытай Эл Республикасы менен мамиле түзүп, кызматташып жаткан жаш ишкерлер, деги эле жалпы коомчулук көптү үмүттөнүүдө. Кытайдын лидери Си Цзиньпин мырза дагы Кыргызстанга мамлекеттик иш сапары менен келгени жатат. Бул дагы да болсо, эки мамлекеттин алакасын бекемдөөгө зор салымын кошмокчу. Угушума караганда, ШКУ жыйынында бир нече багытта сүйлөшүүлөр жүрүп, 20дан ашуун документке, келишимдерге кол коюлат деп жатышат. Алгачкысы, биздин жергиликтүү продукцияны Кытай рыногуна киргизүү маселеси каралаары айтылууда. Чындыгында, бул маселе бүгүнкү күндө абдан актуалдуу. 

Ал эми экинчиси болсо, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир-жолу боюнча сүйлөшүүлөрдүн болуусу күтүлүүдө. Менин оюмча, бул нерсе ишке аша турган болсо, анда эки өлко ортосунда соода-сатык карым-катнашы дагы жакшырып, жүк ташууда убакыт кыскармакчы. Бул кыргыз-кытай ишканаларына бир топ жеңилдиктерди алып келип, коңшулардын шериктештигине эбегейсиз чоң салым кошмок.

Тилек Найманбаев, опера ырчысы: “Кытай тилин билбесем дагы, бул ыр менин жүрөгүмдөн түнөк тапты десем болот” 

ШКУ жана Кыргызстан-ачылган мүмкүнчүлүктөр

- Маданият, музыка, искусство эч качан тилге, чек арага бөлүнбөйт. Бирок, ошол эле учурда, ар бир элди бир-биринен айырмалап, өзгөчөлөнтүп турган салт-санаасы, маданияты бар. Мына, ушул улуттук баалуулуктарды сактап, коргоо менен, башка элдердин дагы маданиятын үйрөнүп, билүү эч кимге кедергисин тийгизген эмес. ШКУнун дал мына ушул багытта алып барган иштери мага абдан жагат. Анын алкагында көптөгөн иш-чаралар жүргүзүлүп, маданият жаатында дагы бир топ өнүгүүлөр бар. Дагы да болсо, Шанхай кызматташтык уюмундагы мамлекеттер аралык маданий мамилелер өнүгүүсү керек. Өзгөчө Кытай Эл Республикасы, Индия мамлекеттери менен да бул багытта алакаларды бекемдөө керек деп эсептейм.  

2017-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити Казакстанда болуп өткөн. Ошондо, көптөгөн мамлекеттерден өнөр адамдары барып, өз чыгармаларын тартуулашкан. Мен дагы Кыргызстандан барып Сардарбек Жумалиев агайыбыздын “ Бишкегим” аттуу ырын ырдагам. Ошондо, ал жерде кытай ырчысы “Мен Кытайды сүйөм” (Во ай ни Жунго) деген ырын аткарган. Мен бул ырга абдан кызыккан элем. Абдан укулуктуу ыр болчу. Учурда, бул ырды жаттап, өз репертуарыма киргизип жатам. Кытай тилин билбесем дагы, бул ыр менин жүрөгүмдөн түнөк тапты десем болот. Мына, бул дагы маданият таануунун бир жолу болуп саналат. Чындыгында, ШКУнун маданият жаатында аткарган иштери абдан жакшы деңгээлде өнүгүүдө десем жаңылышпайм. 

Азалия Нурланова, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Чыгыш тилдер факультетинин Кытай тили жана адабияты бөлүмүнүн 4 курсунун студенти: “ШКУ эл аралык аренада кадыр-барктуу уюмдардын бири” 

ШКУ жана Кыргызстан-ачылган мүмкүнчүлүктөр

-Мен кытай тилин жана адабиятын 5 жылдан бери окуп келе жатам. Бул кесипти тандап алгандыгымдын себеби, кытай тилинин башкаларга эч окшобогон өзгөчөлүгү болду десем жаңылышпайм. Аны үйрөнүүдө сүйлөө тондорун, иероглифтерин эске сактап калуу оңой болгон жок.

Бирок, тилди үйрөнүү менен бирге эле мен Кытайдын бай маданиятын, узун тарыхын, көп кырдуу каада-салтын кошо үйрөндүм. Ушундан улам, тилге болгон кызыгуум дагы ого бетер күчөдү десем жаңылышпайм.  Учурда, коңшу мамлекеттин экономикасы дагы укмуштуудай өнүгүп, дүйнөлүк аренада татыктуу ордун ээлеп келе жатат. Ошондуктан, дүйнө жүзүндө кытай тилин билген адистерге муктаждык күчөп жатканы баарыбызга маалым. Кыргызстандын дагы Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташтык алакасынын ар тараптуу өнүгүүсү бул тилди тереңдеп үйрөнүүнү талап кылат.

Мына, ушундай кызматташтык алаканын бир багыты бул Шанхай кызматташтык уюму десек болот. ШКУ эл аралык аренада кадыр-барктуу уюмдардын бири. Мени жеке пикиримде, бул уюмга Кыргызстандын мүчө болушу, өлкөбүздүн башка мамлекеттер менен бирдикте өнүгүүсүнө чоң өбөлгө болуп бере алат. Ал жакта соода-сатык мамилелери, коопсуздук иштери каралып, маданий алакаларды түзүүгө дагы мыкты мүмкүнчүлүктөр пайда болмокчу.  Эл аралык кызматташууларда дагы бир катар жеңилдиктер болоору шексиз. 

Мен ушул жылы университетти аяктап жатам, келечекте кыргыз-кытай биримдиги үчүн кызмат кылган, мыкты адис болууга бүт аракетимди кылмакчымын. Шанхай кызматташтык уюмунда дагы жаштардын өнүгүүсү үчүн түзүлгөн ыңгайлуу шарттар көп. Эң негизгиси, эмгек кылып, талбай иштөө керек. 

Аскат Урмалиев, И. К. Ахунбаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенти: “Туризм, айыл-чарба тармактарын толук кандуу колдоно албай жатабыз” 

ШКУ жана Кыргызстан-ачылган мүмкүнчүлүктөр

-Чындыгында, Кыргызстандын өнүгүү потенциалы абдан жогору. Бизде мыкты жашоого, мамлекеттин казынасын толтурууга мыкты мүмкүнчүлүктөр бар. Туризм, айыл-чарба тармактарын толук кандуу колдоно албай жатабыз. Экологиялык жактан таза тамак-аш продукцияларын экспортко чыгарууга шарттар түзүлсө, туризмди өнүктүрүү үчүн айлана-чөйрөнү таза кармап, туристтерди тейлөөнү үйрөнсөк, жакшы жетишкендиктерге ээ болмокпуз. 

Менин оюмча, мына ушундай мүмкүнчүлүктү бизге бере турган эл аралык уюмдардын бири бул Шанхай кызматташтык уюму. Бул уюмдун дүйнөлүк аренада өзүнүн орду бар. Ал жакта жеке гана экономикалык маселелер эмес, социалдык-гуманитардык, маданий жана коопсуздук маселелери талкууланып келет. 

Мен өзүм келечектеги дарыгер катары, ШКУга мүчө мамлекеттер аралык саламаттыкты сактоо кызматташтыгы өнүгүүсүн каалайт элем. Ааламдашуу заманында, бардыгыбыз бирге кадам шилтеп, өз улуттук баалуулуктарыбызды коргоо менен катар башка элдер менен дагы тыгыз кызматташтык алакабызды өнүктүрүүбүз зарыл. 

Турусбек кызы Алина, Ж. Баласагын атындагы Улуттук университетинин журналистика факультетинин студенти: “Ааламдашуу заманында, биргеликте өнүгүү заман талабы” 

ШКУ жана Кыргызстан-ачылган мүмкүнчүлүктөр

-13-14- июнь күндөрү Кыргызстанда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити ѳтѳт. Саммитте ШКУга кирген мамлекет башчыларынын жолугушуусу уюштурулат. Чындыгында, Кыргызстан үчүн бул мыкты мүмкүнчүлүк. Менин оюмча, биздин эл аралык саясатта чоң роль ойной турган, мамлекет болууга толук шартыбыз бар. Ааламдашуу заманында, биргеликте өнүгүү заман талабы.

Ал эми, ШКУ тууралуу айта турган болсок, жердин жарым калкы ушул уюмга мүчө өлкөлөрдө жашайт. Ошондуктан, бул жерде берилген мүмкүнчүлүк абдан чоң. Акыркы учурда ѳлкѳлѳрдүн арасында ынтымак, коңшулук мамилелер жана терроризмге каршы талкууланган маселелер чечилип жатат. Кылмыш, дары-дармек жана курал- жарак сатуу менен күрѳшүп жатышат. Меним оюмча бул Кыргызстандын экономикасына чоң салым кошот. 

Кризисттик жагдайлар менен күрѳшүүгѳ жардам берет; соодалык, маданияттык жана интеллектуалдык мамилелерди жѳнгѳ салат, виза жана атуулдук алуу процессин жеңилдетет, илимий-изилдѳѳ иштерге да жардам берет, балким, миграцияны токтотот. 

Ошондуктан, алдыда боло турчу саммиттин мааниси баарыбыз үчүн чоң. ШКУнун кадыр-баркы дагы жыл сайын өсүүдө. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)