Манасчы Жусуп Мамай Бишкекте залкарлардын катарынан орун алды
Фото: пресс-служба правительства
Жусуп Мамайдын эстелиги Манас дүйнөсүнө зор салымын кошкон залкар катары өзүндөй улуу инсандардын катарынан орун алды.
Борбор калаада кытайлык кыргыздардан чыккан улуу манасчы, Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргызстандын эл артисти, I даражадагы Манас орденинин ээси Жусуп Мамайдын орнотулган бюстунун салтанаттуу ачылышы болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.
Жусуп Мамайдын эстелиги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын жанындагы "Манас" скульптордук-архитектуралык комплексинин аймагына коюлду. Бюсттун автору – скульптор, эл сүрөтчүсү Тургунбай Садыков.
Ошентип, Жусуп Мамайдын эстелиги Манас дүйнөсүнө зор салымын кошкон залкар катары өзүндөй улуу инсандардын катарынан орун алды.
Жусуп Мамай өз өмүрүндө оригиналдуу баяндалган "Манас" эпосунун 16 томун чыгарган. Үчилтиктин башкы каармандарынын жашоосун сүрөттөөдөн тышкары, Жусуп Мамай Манастын Семетей жана Сейтектен кийин жашаган урпактарынын жашоосу тууралуу айтып берген.
Мындан тышкары, анын демилгеси менен манасчылар мектеби ачылып, ал окуучуларына нечендеген жылдар бою топтогон чыгармачыл жана руханий тажрыйбасын, бардык билимин берүүгө аракет кылган.
Эпосту жайылтуудагы көрүнүктүү салымы үчүн манасчы Жусуп Мамай I даражадагы Манас ордени менен сыйланып, Кыргыз Республикасынын Баатыры жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.
1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында Ат-Жайлоо конушунда туулган.
Жусуп Мамай Кыргызстандан алыс жашаганына карабай, ал "Манас" эпосунун сакталып, муундан-муунга айтылып калышына бүт өмүрүн арнап, эбегейсиз салымын кошту.
Кытайда кыргыз маданиятына өмүр берген.
последние
Рекомендация
- 1“ШКУ: Кызматташуунун чектерин кеңейтүү” бизнес форуму-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө
- 2Президент Монголии Халтмаагийн Баттулга прибыл в Кыргызстан с официальным визитом
- 3Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев и Президент Монголии Халтмаагийн Баттулга посетили историко-мемориальный комплекс «Ата-Бейит»
- 4КТРК менен Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы кызматташуу келишимине кол койду
- 5Выставка китайских производителей или как мобильным телефоном выращивать клубнику