WeChat      Избранное

Кичинекей мамлекет, кичинекей маданият болбойт

10/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Кичинекей мамлекет,  кичинекей маданият болбойт

Таалайбек Кулмендеев.

Сүрөттөр маек ээсине таандык

Үстүбүздөгү жылдын 15-майынан 22-майына чейин Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында “Азия маданияттары ортосундагы диалог Конференциясы” болуп өттү. Бул иш-чара өзүнүн масштабдуулугу менен айырмаланып, ачылыш аземи Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин сөз сүйлөөсү менен башталды.  

Конференциянын алкагында 110дон ашуун иш-чара өткөрүлүп, Кытайдын өзүнөн жана сырттан келген сыйлуу меймандардын саны 2000ден ашты.  Жалпысынан 47 мамлекеттин өкүлдөрү катышты. “Азия маданияттары ортосундагы диалог Конференциясынын” жүрүшүндө Кытай менен Азия мамлекеттери ортосунда ар тараптуу маданий кызматташуу алакаларын чыңдоо боюнча келишимдер кабыл алынып, маданий баалуулуктарды коргоо,  классикалык эмгектерди которуу, биргеликте ТВ жана кино тармагындагы продукцияларды чыгаруу жаатында сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

Мына, ушул иш-чарага Кыргызстандын өкүлдөрү да катышып, күбө болуп келишти. Алардын бири кинорежиссер, Кыргызстан кинематографисттер Союзунун төрагасы Таалайбек Кулмендеев болду. Таалайбек Акжолтоевич, кыргыз киносу тууралуу айтып, “Азия маданияттары ортосундагы диалог Конференциясынын” алкагында өткөн “Азия кино-апталыгы” иш-чарасы тууралуу дагы кызыктуу маек куруп берди. 

“Кино жааты акча-каражатын көп талап кылган тармак болуп саналат ” 

-Жалпы кино тармагы тууралуу сөз кыла турган болсок, кыргыз киносунун 70 жылдан ашуун тарыхы бар. Ар кандай этаптарды башынан өткөрдү. Бир кезде кино тармагыбыз бир калыпка түштү, андан кийин улуттук киночулар пайда болуп, “кыргыз кереметин” жараткан убакыт болду. Советтер Союзунун убагында, кыргыз киносу өнүгүп, өзүнүн орду менен барктуу болуп келген. Кыргызстан көз карандысыздыгын алган соң, биздин кино тармагы дагы  бир топ кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. 

Ал маданияттын бир тармагы болгону менен, акча-каражатын көп талап кылган тармак болуп эсептелет. Бирок, ага карабастан биздин киночулар экинчи бир ийгиликтүү толкун жарата алышты. Андан соң, санарип технологиялары пайда болгондон баштап, кино башка бир нукка багытталды. Технологиянын өнүгүшүнүн негизинде кино тартуунун ыкмалары жөнөкөйлөп, жеңилдеди. Мына, ошол мезгилден бери кино өз жолу менен өнүгүп келе жатат. 

Бирок, технология өнүгүп, тасма жаратуу иштери жеңилдегени менен,  башка нерселердин баасы-баркы өсүп жатат. Ошол себептен кино, баары бир акча-каражатын, мамлекеттин колдоосун талап кылган тармак катары калууда. Бизде эми бардыгы, өлкөнүн экономикалык дараметине байланыштуу эмеспи,  бирок ошентсе да, кыргыз тасмалары дүйнөлүк кино айдыңында  өзүнүн орду бар экендигин далилдеп келет. Буга биздин тасмалардын кадыр-барктуу, эл аралык деңгээлдеги кино-фестивалдарга катышып, алдыңкы орундарды багынтып жаткандыгы толук күбө боло алат. 

Кыргыз киносу эл аралык аренада жакшы ийгиликтерди жаратып, жогорку баага татып жаткандыгы бардыгыбыз үчүн сыймык. 

Кичинекей мамлекет,  кичинекей маданият болбойт

“Азия кино-апталыгы” учурунда катышуучулар менен бирге”.

“Азия кино-апталыгы”-эки тараптуу кызматташууга мыкты шарттарды түзүп берди” 

Жакында эле, КЭРдин Пекин шаарында “Азия маданияттары ортосундагы диалог Конференциясы” болуп өттү. Чындыгында, бул иш-чара өзүнүн масштабдуулугу менен айырмаланып, көптөгөн мамлекеттердин маданият өкүлдөрү менен катар, ушул тармакка тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерин бир арага чогултту. Конференциянын ачылыш аземине Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин мырза өзү катышып, жалпы катышуучуларга кайрылуу жасады. 

Мени ушул жерден абдан таң калтырганы, КЭРдин Төрагасы жарым сааттан ашык сөз сүйлөө учурунда, бир да жолу кагаз бетин караган жок. Ар бир сөзүн орду менен айтып, абдан маңыздуу кайрылуу жасады. Котормочулары дагы так жана даана которуп берип жатышты. Си Цзиньпин мырза сүйлөп жатканда, мен анын өтө күчүү интеллектуал жетекчи экендигине ынандым.  Ал өз сөзүндө, Азиянын цивилизациясынын адамзаттын өнүгүүсүнө кошкон салымын, ээлеген ордун далилдеп келип, мындан ары аны өнүктүрүү жолдоруна дагы токтолду. Бул жаатта төрт орчундуу маселени козгоду. Алардын арасында кино тармагы тууралуу дагы айтып өттү. Бул багытта дагы биргеликте кадам таштап,  кино индустриясын өнүктүрүү заман талабы деген оюн билдирди.

Кичинекей маданият, кичинекей өлкө болбойт. Ар бир маданият өзүнчө уникалдуу, кайталангыс экендигин айтып, Кытай цивилизациясы тууралуу да маалымат берди. Адамзаттын өнүгүү жолунда маданияттардын ээлеген орду абдан зор экендигин баса белгиледи. Мына, бүгүнкү күнү биргелешип, кызматташтык алакаларын куруу да, маданияттын ар тараптуу өөрчүп, өнүүсүнө көмөкчү боло тургандыгын билдирди. Тактап айтканда, ааламдашуу доорунда, биргеликте кадам таштап, өз маданиятыбызды, каада-салтыбызды сактоо менен катар, бир-бирибизди колдоп, чогуу иш алып баруу заман талабы экендигин билдирди. 

Конференциянын алкагында абдан көп маданий иш-чаралар өткөрүлдү. Алардын бири, “Азия кино-апталыгы” болду. Анын ачылыш аземи Пекиндин ажайып жайларынын бири болгон Император сарайында болуп өттү. Мен өзүм кино тармагынын өкүлү болгондугум үчүн, мени бул иш-чара абдан кызыктырды. 

“Азия кино-апталагынын” ачылыш аземи дагы абдан көрктүү өттү. Ага бардыгыбыз көрүп, билип жүргөн дүйнөгө таанымал кытай актерлору катышты. Джеки Чан башында турган киночулар чоң расмий ачылышын кылып, мыкты программа тартуулашты. Ал жерде, жалпы эле Азия өлкөлөрүнүн фильмдери көрсөтүлдү. 

Бул иш-чара жеке гана Азия кино индустриясын өнүктүрүүгө түзүлгөн мыкты аянтча болбостон, өз ара кызматташуу алакаларын түзүүгө дагы бир топ мүмкүнчүлүктөрдү жаратып берди. Башкача айтканда, биз биргелешкен эки тармактуу иштерди пландап алдык десек болот. Биринчиси буюрса, кытай-кыргыз кинолорунун Кытайдагы жумалыгы, ошондой эле Кытай кинолорунун Кыргызстандагы жумалыгын өткөрүү боюнча сүйлөшүүлөр башталды. Бул жерде айтып кетүүчү нерсе, бизде кээ бир иш-чараларга, иш пландарга акча-каражат жагынан тартыш болуп, өткөрүлбөй калып жаткан учурлар бар. Ошол учурда, Кытай Эл Республикасы биздин деле экономикалык абалыбызды туура түшүнөт. Алар бул жагынан да кээ бир каражаттарын көтөрүүгө даяр.  Менин муну айтып жатканым, эки-тараптуу мындай ачык сүйлөшүүлөр келечектеги кызматташуунун иш-пландарын алдыга жылдырууга жакшы шарт түзөт эле.

Кичинекей мамлекет,  кичинекей маданият болбойт

Таланттуу кытайылк кыргыз актеру Элчоро менен бирге. 

Экинчиден, белгилүү кытай акыны Ли Бай тууралуу дагы тасманы Кыргыз жергесинде тартуу багытында иштер жүргүзүлүп жатканын билесиздер. Биз буга дагы кол кабыш кылуубуз абзел.  Үчүнчүдөн болсо, улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” чыгармасын тасма кылып, биргелешип тарталы деп сүйлөшүп, макулдугун алдык. Ушул сыяктуу 3-4 иш-чаранын башталашын сүйлөшүп келдик. 

Чындыгында, мунун бардыгы аткарылышы керек, аткарылууга тийиш. Болгону бул иштерге мамлекет тарабынан болобу, коомчулук тарабынан болобу колдоо керек.  Киночулар тарабынан дагы колдоого муктажбыз. Жакшы сөз менен болсо да колдоп турушса, бул дагы эки тараптуу кызматташуунун ийгиликтүү болуусуна көмөкчү болмокчу. 

Эми Кытайдын кино тармагы чындыгында өнүккөн. Бул жерде элдин саны дагы чоң роль ойнойт. Мисалы, биздин 6 миллион элге тасма жаратып тартууласак, 100 миңге жакын да адам келбейт. Ал эми, Кытайда кишинин саны көп болгондугу үчүн ал тасмага кеткен акча-каражаты тез эле өзүн актоосу мүмкүн. Ошондуктан, коңшу элде кино тармагы абдан жакшы өнүгүп жатат десек жаңылышпайбыз. 

Чындыгында, Кытай тууралуу жакшы билип, үйрөнүү керек. Ал жакта билим алып, окуп жаткан жаштарыбыз дагы абдан көп. Ар тараптуу кызматташып келебиз. Дагы да болсо, Кытай менен биргелешкен иш-чараларды көп жасоо керек. Коңшу мамлекеттин экономикалык шарты, темпи такыр башка. 

“Өз каада-салтыбызды коргоо менен бирге башка маданияттарды дагы үйрөнүп, алардын жакшы жактарын үйрөнүү заман талабы” 

-Мен Кытайда көп эле жолу болгом. Убагында кытай тилин да үйрөнгөм. Ошондуктан, бул маданият мага чоочун эмес десем болот. Акыркы  жылдары, коңшу мамлекеттин экономикасы жакшы бир деңгээлде өнүгүп келе жатат. Элинин жашоосу жакшырып, бардык тармактарда өсүш бар. 

Чындыгында, Кытайда тартип катуу, мыйзам жакшы иштейт. Эли дагы эмекчил. Мына, ушул нерселердин баары биригип келип эле, мамлекеттин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жатат. Ушунун жыйынтыгында, улам барган сайын коңшу мамлекеттин өтө тездик менен өзгөрүп, өнүгүп жаткандыгын көрүүгө болот. Заңгыраган жолдорунан баштап, бийик имараттары көз жоосун алат. Муну менен катар эле, тарыхый баалуулуктарга дагы мыкты көңүл бурулуп, байыркы доордогу курулуштарын дагы абдан сактап, коргоп келишет. Ушундай кадамдардын баары эле элдин, мамлекеттин келечеги үчүн көрүлгөн камкордук.  

Жогоруда айткандай, биздин булардан үйрөнчү жактарыбыз бар. Азыр ааламдашуу доорунда көп корко бербеш керек. Биргеликте иш алып барып, тыгыз кызматташуу жаман жыйынтык бербейт. Өз маданиятыбызды,каада-салтыбызды сактап, коргоо менен бирге башка маданияттарды дагы үйрөнүп, алардын жакшы жактарын билүү заман талабы. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)